Биз жасаган иштер
ЮНИСЕФ 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда, анын ичинде Кыргызстанда балдардын укуктарын сүрөө жана коргоо боюнча иш алып барууда
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы иши
1994-жылдан бери ЮНИСЕФ Кыргызстандагы балдардын жана үй-бүлөлөрдүн бакубатчылыгын жакшыртуунун үстүнөн иш алып барууда. Биз ар бир баланын, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашап кетүүсүн, өсүп-өнүгүүсүн, коопсуз, зордук-зомбулуктан жана жакырчылыктан эркин чөйрөдө жашашын камсыз кылуу максатында улуттук системаларды колдойбуз жана бекемдейбиз.
ЮНИСЕ БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясына таянып иш алып барат. Бул Конвенция – адамдын укуктары боюнча эл аралык келишим, ал балдардын жарандык, саясий, экономикалык, социалдык, медициналык жана маданий укуктарын белгилейт. Кыргызстан Конвенцияны 1994-жылы ратификациялаган.
ЮНИСЕФтин 2023-2027-жылдарга жаңы программасы эң аз камсыз болгон балдарды камтууга багытталган. Программа жөнүндө көбүрөөк маалымат алып, биздин иш менен таанышуу үчүн төмөн жактагы шилтемени басыңыз.
Ден соолук, тамактануу жана климат өзгөрүшүнө туруктуу айлана-чөйрө
ЮНИСЕФ балдардын арасында өлүм көрсөткүчүн азайтуу жана бардык балдардын, өспүрүмдөрдүн жана аялдардын, анын ичинде аярлуу катмарга кирген адамдардын коопсуз жана климатка туруктуу чөйрөдө жашай алышын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик инвестицияларды колдойт.
Биздин иш вакциналарды берүү жана медициналык кызматкерлерди окутуу, ошондой эле жугуштуу оорулар, тамактануу, энелердин ден соолугу, балдардын өлүмү, экологиялык коркунучтар жана климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлери сыяктуу балдарга тиешелүү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берген чечимдерди даярдоону камтыйт. Бул иштердин бардыгы өкмөт, жарандык коом, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен биргеликте жүзөгө ашырылууда.
Төмөнкү шилтемелер боюнча бул сектордогу ишибиз тууралуу көбүрөөк маалымат алыңыз.
Балдарды коргоо
ЮНИСЕФ балдарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн жана таш боор мамиледен коргоп, ошондой эле алардын үй-бүлөсү менен же үй-бүлөлүк чөйрөдө жашоосун жана балдарга аяр мамиле жасаган сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн өкмөт жана жарандык коомдун уюмдары менен иштешет.
Бул иш мыйзамдарды жана эрежелерди өркүндөтүү, социалдык камсыздоо чөйрөсүндө иштеген кызматкерлерди окутуу, позитивдүү тарбиялоо ыкмаларын жана тажрыйбаларын жайылтуу, зыяндуу социалдык ченемдерге каршы күрөшүү жана башка көптөгөн нерселерди камтыйт.
Максат – Кыргызстанды балдардын өсүп-чоңоюшу үчүн коопсуз жана инклюзивдүү өлкөгө айландыруу.
Балдарды коргоого байланыштуу иш-аракеттерибиз жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз.
Билим берүү жана өспүрүмдөрдү өнүктүрүү
ЮНИСЕФ билим алууну жаш балдардын негизги укугу деп эсептейт.
Бардык балдар жана өспүрүмдөр башынан эле сапаттуу билимге жете алышы керек. Эрте куракта билим берүү окуудагы жыйынтыктарды жакшыртуу үчүн, ошондой эле жаштардын жашоо жана иштөө үчүн керектүү көндүмдөрүн өркүндөтүп, коомдун жигердүү мүчөсүнө айландыруу үчүн зарыл.
Окутуу – бул айрыкча сөз жаштар жөнүндө жүрүп жатканда формалдуу билим берүү дегенди гана түшүндүрбөйт. Жашоо үчүн маанилүү көндүмдөрдү класстын тышында өнүктүрсө, мында жаштар курдаштары менен байланыш түзүүгө, насаатчылардан үйрөнүүгө жана чыныгы турмуштук кырдаалдарда өз жөндөмдөрүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Биз жаштар менен иштешип, аларга жигердүү катышууга жана өз көз караштарын жана пикирлерин айтууга, социалдык ченемдерди өзгөртүүгө жана ар кандай көйгөйлөрдү чыгармачыл жол менен чечүүгө жардам беребиз.
Билим берүүнү бекемдөө жана жаштарды колдоо боюнча иш-аракеттерибиз тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз.
Социалдык саясат
Мамлекеттик саясат жана кызмат көрсөтүүлөр жакырчылыкты азайтууда жана балдардын укуктарын ишке ашырууда чечүүчү ролду ойнойт.
ЮНИСЕФ социалдык саясатты, программаларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен иштешүүдө. Буга балдарды социалдык коргоону жакшыртуу, өкмөт тарабынан бюджетти натыйжалуу пландаштыруу жана түзүү, ошондой эле адам капиталына инвестиция салуу кирет.
Максат – Кыргызстанды балдар жакырчылыгынан эркин жана балдарга өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берген өлкөгө айландыруу.
Социалдык саясатты өркүндөтүү боюнча иш-аракеттерибиз менен таанышуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз.
Өтмө чөйрөлөр
ЮНИСЕФтин көптөгөн программалары конкреттүү максаттарга жана милдеттерге багытталганы менен, ишбиздин көп багыттары башкаларга тиешелүү бөлүп, өтмө чөйрөлөрү болуп саналат. Коомду жана жүрүм-турумду өзгөртүү аракеттерибиздин натыйжасында алынган маалыматтар, талдоолор жана аспаптар эмдөө үчүн, ошондой эле эрте куракта окутуу үчүн абдан маанилүү. Биздин бардык иш-аракеттерибиз гендердик теңчиликке көмөктөшүү максатында иштелип чыгат жана жүзөгө ашырылат. Инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кызыкчылыктарын сүрөө, кайсы гана чөйрөдө иштебейли, ар дайым артыкчылыктуу маселе болуп саналат.
Төмөнкү шилтемелер аркылуу биздин программалар жөнүндө көбүрөөк маалымат алыңыз.