Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү
Кыргызстан балдардын өлүмүн кыскартууда олуттуу прогресске жетишти, бирок көйгөйлөр дагыле болсо дагы эле бар
Маселе
Кыргызстанда беш жашка чыга элек балдардын арасында өлүм санынын көрсөткүчү төмөндөп жатат. 2023-жылдагы чөнөктөп ылгап алуу ыкмасын колдонуу менен көп көрсөткүчтөр боюнча изилдөөнүн (MICS) маалыматтарына ылайык, акыркы беш жылда балдардын өлүмү төмөндөдү – аман төрөлгөн 1000 ымыркайга 20 өлүм туура келсе, бул көрсөткүч 16,5ке түштү. Бирок, өлүмдүн деңгээли шаарга салыштырмалуу элет жергелеринде мурдагыдай бойдон эле жогору бойдон кала берүүдө. Эненин билими жана үй-бүлөнүн кирешеси маанилүү фактор болуп саналат, болгондо да жакыр үй-бүлөлөрдө балдардын өлүмү боюнча көрсөткүч жогору.
Неонаталдык өлүм же бала төрөлгөндөн кийин бир айдын ичинде чарчап калышы беш жашка чыга элек балдардын өлүмүнүн жарымынан көбүн түзөт. Айрыкча, ара төрөлгөн жана салмагы аз төрөлгөн балдардын өлүмүн азайтуу кошумча күч-аракетти талап кылууда.
Өлкөнүн ар кайсы аймактарында бул көрсөткүч бирдей эмес. Мисалы, Жалал-Абад облусунда 2018-жылы аман төрөлгөн 1000 ымыркайга 29 өлүм туура келсе, 2023-жылы бул сан 5ке түшкөн, ымыркайлардын өлүмү 35тен 15ке жана балдардын өлүмү 39дан 15ке чейин азайган.
Ушундай азаюу менен катар, төрөттөн кийин жардам алган энелердин саны көбөйгөнү байкалат. Төрөлгөндөн кийин 3-6 күндүн ичинде медициналык кызматкерлер үйүнө барып кабар алган ымыркайлардын үлүшү 2018-жылы 30,3 пайыз болсо, 2023-жылы 50,2 пайызга көбөйгөн, мында жакыр үй-бүлөлөр боюнча бул көрсөткүч 24,2 пайыздан 51,6 пайызга чейин көбөйгөн. Бул оң өзгөрүүлөргө карабастан, жаңы төрөлгөн балдардын жарымы гана төрөттөн кийин үйдөн маанилүү жардамды алышат.
Жаштардын жана өспүрүмдөрдүн сергек жашоо образын жана бакубатчылыгын үгүттөө ишинде жылыштар чектелүү болгонун эске алуу менен, психикалык саламаттык айрыкча элет жергесинде тынчсыздануу жаратууда – айылдарда жаштар арасында депрессия жана кооптонуу көрсөткүчтөрү жогору бойдон кала берүүдө. Акыркы маалыматтарга ылайык, балдар, өспүрүмдөр жана жаштар арасында өз жанын кыюу көрсөткүчү төмөндөдү – 2007-жылы 10 000 балага 9,2 суицид болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч 6,3кө түштү, бирок дагы деле болсо олуттуу көйгөй бойдон кала берүүдө.
Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык тейлөө өзгөчө балдардын ден соолугун коргоо жаатында олуттуу көйгөйлөргө туш болууда. Алыскы аймактарда кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн чектелүү болушу көптөгөн балдар керектүү жардамды кеч алып жатканынан кабар берет, бул алдын алууга боло турган ооруларды эрте аныктоого жана дарылоого терс таасирин тийгизүүдө. Медициналык жабдуулардын, дары-дармектердин жана квалификациялуу кадрлардын тартыштыгы, ошондой эле каржылоонун жетишсиздиги системаны ого бетер чабал кылууда.
Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо маселелери боюнча натыйжалуу маалымат системаларынын жоктугу, мисалы, начар тамактануу жана эмдөө сыяктуу негизги көйгөйлөргө натыйжалуу мониторинг жүргүзүүнү татаалдаштырууда. Бул тоскоолдуктар бардык балдарга керектүү кам көрүү үчүн инфраструктураны жана инвестицияларды жакшыртуу зарылдыгын көрсөтүп турат.
2021-жылдын декабрына карата улуттук статистикада ВИЧ менен жашаган 725 бала катталган. Бирок Кыргызстан кош бойлуу аялдарды милдеттүү тестирлөө, антиретровирустук терапияны эрте баштоо жана ВИЧ менен күрөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү перинаталдык кам көрүүгө интеграциялоо аркылуу ВИЧтин энеден балага жугушун токтотуу багытында ийгиликтүү кадамдарды жасап жатат.
Бул оң жылыштарга карабастан, медициналык тейлөө жаатында кемчиликтер кала берүүдө. Жетекчилер жана медициналык кызматкерлер адатта оорулуу жана өнүгүүсү кечеңдеген балдарга сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ээ эмес. Медициналык кызматкерлердин эмгек акысынын аздыгы, инфраструктуранын начардыгы, керектүү жабдуулардын жоктугу, чыгымдардын көп болушу жана дары-дармектердин кымбаттыгы медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүккө бут тосууда.
Чечим
2027-жылга чейин ЮНИСЕФ бардык балдарга жана өспүрүмдөргө, өзгөчө аярлуу катмарга, комплекстүү жогорку сапаттагы баштапкы медициналык-санитардык жардамга тең жеткиликтүүлүктү жана коопсуз, климатка туруктуу шарттарда жашоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну пландаштырууда. Бул максатка жетүү үчүн ЮНИСЕФ өкмөт жана жарандык коом уюмдары менен төмөнкү багыттарда кызматташып келатат:
- Баштапкы медициналык-санитардык жардам системасын бекемдөө: бул өзүнө укуктук базаны, бюджеттик процесстерди өркүндөтүүнү жана санариптештирүү боюнча аракеттерди илгерилетүүнү камтыйт. ЮНИСЕФ жергиликтүү медициналык кызматкерлерди окутууну колдоп, айлана-чөйрөнүн ден соолукка тийгизген таасири жана балдар үчүн климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатат.
- Жабдууларды жана жумушчу күчүн өнүктүрүүгө инвестициялоо: Баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине жана айрыкча бакубатчылык көрсөткүчү төмөн райондордогу ооруканаларга инвестиция салуу менен ЮНИСЕФ аярлуу аялдардын жана балдардын сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга умтулат. Буга медициналык инфраструктураны модернизациялоо, керектүү жабдуулар жана дары-дармектер менен камсыз кылуу жана медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу кирет.
- Тамактануу чөйрөсүндөгү саясатты жана уюштуруучулук дараметти бекемдөө: ЮНИСЕФ балдар жана өспүрүмдөр, ошондой эле репродуктивдүү курактагы аялдар үчүн баштапкы медициналык-санитардык тейлөө системасына тамактанууну камсыз кылуу боюнча негизги кызмат көрсөтүүлөрдү интеграциялоону колдойт. Бул өзүнө тамактануу чөйрөсүндөгү улуттук программаны кайра карап чыгууну, азык болчу микроэлементтердин кошумчаларын натыйжалуу киргизүү үчүн техникалык жардам көрсөтүүнү, жеке сектордун катышуусу менен тамак-аш азыктарын байытууну колдоону жана туура тамактанууга көмөктөшүү максатында социалдык ченемдерди жана гендердик маселелерди кароону камтыйт.
- Маалымдуулукту жогорулатууга жана эмдөөнү көбүрөөк адамга жеткирүүгө көмөктөшүү: ЮНИСЕФ вакциналарды сатып алуу системасын, маалыматты башкаруу системасын жана муздатуучу чынжырчанын инфраструктурасын өркүндөтүү максатында өкмөт менен кызматташып, эмдөөгө суроо-талапты жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат. ЮНИСЕФ ошондой эле вакцинага карата ишенбестик мамилени өзгөртүү жаатында гендердик факторлорду эске алуу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө медициналык мекемелердин дараметин бекемдөөгө умтулат.
- Инклюзивдүү, гендердик факторлорду эсепке алган ССГ кызмат көрсөтүүлөрүн колдоо жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу: ЮНИСЕФ тармактык министрликтердин жана кызыкдар тараптардын суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена (ССГ) чөйрөсүндөгү мыйзамдар жана башкаруу, ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу чаралары боюнча дараметин арттырууга жардам берүүдө. Бул өзүнө ССГ секторунун иш-аракетин координациялоону колдоону, ССГ туруктуу программаларын иштеп чыгууну жана улуттук, субулуттук жана жамааттык деңгээлдерде даярдыктын жана жооп кайтаруунун деңгээлин жогорулатууну камтыйт. Мындан тышкары, ЮНИСЕФ климаттык тобокелдиктер, гигиена жана санитария жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу менен бирге айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү жаатында ченемдик укуктук актыларды жана саясатты бекемдөөнү колдойт.
Пайдалуу шилтемелер
- Trends and determinants of newborn mortality in Kyrgyzstan: A countdown country case study
- A Rapid Review of the Use of Telemedicine in the Health Sector in Kyrgyzstan
- Standardization of Telemedicine Services in Kyrgyzstan: Recommendations for policy
- “Progress in reducing Health System Bottlenecks towards achieving the MDG 4: Evaluation of UNICEF’s contribution in five CEE/CIS countries, Kyrgyzstan Country summary, Regional Knowledge and Leadership Area 6. RFO Health-2013-01 RKLA 6/ Curation International Foundation”.
- “Analytical review of documents on the system of home visits in the Kyrgyz Republic”, G.Najimidinova, 2016.
- “Adolescent Health Kyrgyzstan”, S.Lehtimaki. Mission report, UNICEF Kyrgyzstan, 2016.
- “The quality of maternal and child health services provided in pilot hospitals in Osh, Jalalabad, Batken and Issyk Kul oblasts: (2014-2017)”, the Health Policy Analysis Centre Kyrgyzstan, 2017.
- “Introduction of 24 hour pediatric hospitalization practice in republic of Kyrgyzstan.” Promising practice, Tightwads, 2017
- “4-ТӨМгө жетүү үчүн саламаттык сактоо системасындагы кууш жерлерди жоюуда прогресс: ЮНИСЕФтин БЧЕ/КМШнын беш өлкөлөрүндөгү салымын баалоо, Кыргызстан. Өлкөлөр боюнча маалыматтар, Регионалдык билим жана лидерликти тармагы. RFO Health-2013-01 RKLA 6 / Курацио Эл аралык фонду”.
- “Кыргыз Республикасындагы үйлөрдү кыдыруу системасына тиешелүү документтерге аналитикалык сереп”, Г. Нажимидинова, 2016-жыл.
- “Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн саламаттыгы”, С.Лехтимяки. Миссиянын доклады, Кыргызстандагы ЮНИСЕФ, 2016-жыл
- “Кыргыз Республикасындагы балдарды ооруканага жеткирүү практикасын киргизүү", Алдыңкы практика, Tightwads, 2017
- “Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы пилоттук ооруканаларда эненин жана баланын саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты: (2014-2017-ж.ж.)”, Саламаттык сактоо саясатына анализ жасоо борбор, Кыргызстан, 2017.