Кыргызстандын балдары
ЮНИСЕФ көңүлдү аз камсыздалган жана камкордукка өтө муктаж балдарга бурат

Кыргызстандагы балдар: кырдаалга сереп
Кыргыз Республикасы жаш мамлекет болуп саналат. Бул өлкөдө 2.1 миллион бала калктын 36.5 пайызын түзөт.
Балдар арасындагы жакырчылык Кыргызстандагы өтө олуттуу көйгөй болуп саналат. Кыргыз Республикасында 900,000 бала жакырчылыкта жашайт жана бул көрүнүш өзгөрбөй келатат.
Балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли улам өсүүдө (32.1 пайыз). Балдар жакырчылык боюнча статистикада пропорционалдуу эмес чоң даражада көрсөтүлгөн (2015-жылы 40.5 пайызды түзгөн). Бул болсо сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жана коргоого жеткиликтүүлүктүн жетишсиздигине, ошондой эле жаратылыш жана антропогендик табият кырсыктары алдында коргоосуз калуусуна алып келди.
Кыргызстанда балдар арасындагы өлүм саны акыркы 25 жылда бир кыйла азайды (мурун бир миң баланын ичинен 65 бала чарчап калса, 2015-жылы ар бир миң баланын 21и чарчап калган). ВИЧ менен ооруган энеден дени сак төрөлгөн балдардын саны көбөйүүдө: энеден балага ВИЧ өткөн учурлар азайды – 2011-жылы 13.3 пайыз болсо, 2013-жылы 2.9 пайызга түштү. Буга карабастан эне өлүмүнүн деңгээли дагы деле жогору бойдон кала берүүдө. Айылдык жана жакыр аймактарында беш жашка чейинки балдардын 21 пайызы, ал эми шаар жеринде 9 пайызы тамактын жетишсиздигинен аза тартышат. Темир жетишсиздик анемия, беш жашка чейинки балдардын 43 пайызы терс таасирин тийгизет. Бирок, 0-6 айга чейинки курактагы балдардын арасындагы бир гана эмчек эмизүү, 2014-жылы, 2006-жылы 32 пайызга, 41 пайызга чейин өскөн.

Кыргызстанда балдардын көбү турмушта керек болчу көндүмдөрдү өздөштүрбөстөн жана алардын жаш курагы үчүн туура келген баштапкы билимди албастан эле мектептеги окуусун башташууда. Дал ошондуктан алар уюшкан мектеп чөйрөсүнө көнүп кете алышпайт. Эгерде салыштыра турган болсок, 1990-жылы бала бакчага барган наристелердин саны 30 пайыз болчу.
Азыр мындай балдар 24 пайызды түзөт. Көпчүлүк балдардын үйүндө эч кандай китеп жок.
Ата-энелерде адатта өз балдары менен натыйжалуу байланыш түзүүсү үчүн зарыл болгон билимдин жана көндүмдөрдүн жоктугу да бул маселени тереңдетип жатат. Атүгүл эң жөнөкөй оюн да баланын интеллектуалдык, когнитивдик, социалдык, эмоционалдык жана дене бой өнүгүүсүн тездете алат.
Жаштардын жумушсуздугун көрсөткүчтөрү абдан жогору, ошондуктан көптөгөн өспүрүмдөр жарандык укуктары тепселгендей жана теңсиздикти сезишет. Балдар жана жаштар жергиликтүү жаңжалдар жайылган, өз ара мамилелер начар болгон жана этностук топторго бөлүнгөн чөйрөдө жашайт.
2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон жаңжалдан кийин тынчтыкты калыбына келтирүү иштерине карабастан, Фергана өрөөнүндө кырдаал дагы деле морт бойдон калууда. Фергана өрөөнүндө калктын аярлуу катмары социалдык акыйкатсыздыкты сезген көптөгөн этностук азчылыктар жайгашкан.
Жакырчылык шарттарында жашаган балдар мектепке чейинки мекемелерде жана мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан, аларда медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк жок, ошондой эле алар тоё тамак ичишпейт; бул болсо аларды эрте куракта толук кандуу өнүгүүгө болгон укуктарын бузуп жатат. Эң аз камсыздалган балдар негизинен өлкөнүн түштүгүндөгү элеттик аймактарда жашашат. Алардын көбүнүн үй-бүлөсүндө үч же андан көп бала бар жана көпчүлүк үй-бүлөлөрдө улуулар жумушсуз отурушат.

ЮНИСЕФ БУУнун Майыптардын укуктарын коргоо жөнүндө Конвенциясын бекитүүгө Кыргызстанды үндөйт.
Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын керектөөлөрүнө туура келген сапаттуу саламаттык сактоо, билим берүү жана коомдук кызмат көрсөтүүлөр жок. Мындай абал балдардын өнүгүү потенциалын чектеп жатат.
Көптөгөн балдар ата-энесинин мээримин жана жакын туугандарынын камкордугун көрбөй өсүүдө. Атүгүл алардын көбүндө же атасы же апасы бар. 1-14 жаштагы балдардын 57 пайызы зордук-зомбулук,
жазалоолорго жана дээрлик 73 пайызы үй-бүлөдө кордукка дуушар болушкан.
Ошентсе да мыйзам менен тил табыша албай жаткан балдарды коргоодо айрым бир оң өзгөрүүлөр бар: жашы жете электерди абакка кесүү тууралуу өкүмдөрдүн саны 84 пайызга азайды.
Кыргызстанда табигый кырсыктар тез-тез болуп, өлкө климаттын өзгөрүшүнө өтө аярлуу болуп эсептелет. Дээрлик өлкөнүн бардык аймактарында жер титирөө, суу каптоо, сел жана жер көчкүлөр болуп турат. 10 миңден ашуун үй жер көчкү коркунучу жогору болгон аймактарда жайгашкан. Анын үстүнө билим берүү мекемелеринин 85% курулуш коопсуздугу шек жаратат. Ошентип, 1 миллиондон ашуун бала табигый коркунуч алдында жашайт.
Кыргызстан балдардын абалын жакшыртуу жаатында олуттуу прогресске жетишти. Ошентсе да өз жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн балдар жана үй-бүлөлөр дагы бир топ маселелерди чечиши керек.
