Биз тууралуу
Ушул тапта ЮНИСЕФ 190дон ашык өлкөдө, аймактарда жана региондордо иштейт.

ЮНИСЕФ ишенет:
Жакшы дүйнөдө жашоо үчүн ар бир балада жашап кетүүгө, ийгиликке жетүүгө жана өз дараметин толук ачып берүүгө укугу бар.
Биздин миссиябыз
ЮНИСЕФ ар бир баланын укуктары толугу менен корголгон дүйнөнү курууга жардам берип келет. Биз балдарга тарбия берүү жана аларга кам көрүү адамзатынын өнүгүүсүндөгү негизги идея болгонуна ишенебиз.
1946-жылы түзүлгөн БУУнун Балдар фонду жакырчылыктын, зордук-зомбулуктун, оорулардын жана дискриминациянын натыйжасында балдар туш болгон кыйынчылыктарды жеңүү үчүн өнөктөштөр менен иш алып барат. Ушул тапта ЮНИСЕФ 190дон ашык өлкөдө, аймактарда жана региондордо иштейт. Эң инновациялык идеяларды ишке ашыруу максатында чечим кабыл алган адамдарга жана жергиликтүү деңгээлде өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсүнө таасир тийгизүү үчүн ЮНИСЕФтин глобалдык аброю бар.
ЮНИСЕФ аз камсыздалган жана жардамга өтө муктаж балдарга өзгөчө көңүл бурат. Мындай мамиле теңсиздиктин башкы себептерин баамдап, чечүүгө багытталган. Бул болсо коомдо өзгөчө камкордукка муктаж балдардын жашап кетүү, өсүү жана өнүгүү үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөргө жете алуусуна жол ачат.


Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ
1994-жылдан тартып ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өлкөлүк кеңсеси жарандык коом уюмдары менен кызматташа баштаган. Мындай кызматташтык БУУнун Балдар укуктары жөнүндө Конвенциясына ылайык балдар өз укуктарын толук көлөмдө колдоно алышы үчүн алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча милдеттенмелерин аткарууда Өкмөткө жардам көрсөтүү максатын көздөдү.
ЮНИСЕФтин Өлкөлүк Программасы ар бир баланын укуктары үчүн күрөшөт жана өлкөдөгү өтө камкордукка муктаж балдарды камтыйт. ЮНИСЕФ социалдык саясатты жана системаларды жакшыртуу үчүн Өкмөт менен иш алып барат жана бул системалар бардык балдарды камтып, алардын ичинен эң аярлуу балдарга өзгөчө көңүл бурууну камсыздоо максатында жеринде иш алып барат. Мамлекеттик органдар менен жамааттык деңгээлде жасалган иштердин ортосундагы өз ара байланыш ЮНИСЕФке өзгөчө артыкчылык берет: мындай иштер тең укуктуу кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле бардык деңгээлдерде мамлекеттин өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн тоскоолдуктарды аныктаганга жардам берет.
ЮНИСЕФ социалдык саясат, балдарды коргоо, эрте курактагы балдардын өнүгүүсү жана билим берүү тармактарында иштейт; аймактарда биз суу менен камсыздоого, санитария жана гигиенаны жайылтууга, саламаттык сактоо, тамактануу жана табият кырсыктарынын тобокелдиктерин азайтууга жардам беребиз. Биз жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүнөн иш алып баруудабыз. ЮНИСЕФ зарыл болгон учурда гуманитардык жардам берүү үчүн жалпы системалык келечекти көздөп иш жүргүзөт.