Борбордук Азия күч-аракеттерин бириктирүүдө: Бишкекте оорунун жайылышына каршы чара көрүүдөн вакцина менен алдын алууга боло турган оорулардан туруктуу коргонууга өтүү маселеси талкууланууда

24 Сентябрь 2026
A group photo from the event with all participants with UNICEF banner on the background
UNICEF Kyrgyzstan

Бишкек, 24-сентябрь 2026 – Бүгүн “Борбордук Азияда иммунизациялоо: оорунун жайылышына каршы чара көрүүдөн туруктуу коргоого чейин” аттуу субрегионалдык стратегиялык диалог башталды. Талкууга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү эксперттер катышууда. 

Жолугушууну ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өлкөлүк кеңсеси жана ЮНИСЕФтин Алдыңкы тажрыйба борбору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги уюштурду. Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын, ошондой эле ЮНИСЕФтин жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун өкүлдөрү катышууда. 

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова ачып, бүгүнкү күндө Борбордук Азиянын өлкөлөрү иммунизациялоо жаатында жалпы чакырыктарга туш болуп жатканын белгиледи. Калктын мобилдүүлүгүнүн жогору болушу, эмгек миграциясы, ошондой эле соода жана транспорттук байланыштар жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучу улуттук чек аралар менен чектелбестигин көрсөтүүдө. 

“Иммунизациялоонун масштабын кеңейтүү ар бир өлкөнүн улуттук милдети болгондон тышкары, биздин чөлкөм аткарууга тийиш жалпы тапшырма болуп саналат”, - деп белгиледи Гүлбара Ишенапысова. 

Анын айтымында, жакында эле кызамык менен ооругандардын көбөйүшү пландуу эмдөө жаатында кемчиликтерди өз убагында аныктап, алар оорунун күчөшүнө алып келгиче чара көрүү канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу тастыктады. 

“Бул үчүн вакциналар менен камсыз кылып коюу эле жетишсиз болот. Эмдөөнүн натыйжалуу программасы туруктуу каржылоону, даярдыктан өткөн медициналык кызматкерлерди, сапаттуу маалыматтык системаларды, ишенимдүү эпидемиологиялык көзөмөлдү, калк менен иштөөнү жана бардык кызыкдар тараптардын ортосундагы натыйжалуу өз ара байланышты талап кылат”, - деди министрдин орун басары.

ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа балдарды коргоо иммунизациялоо системаларына узак мөөнөттүү инвестицияларды талап кылаарын баса белгиледи. Бул үчүн медициналык кызматкерлерди даярдоодон жана муздатуучу чынжырдын инфраструктурасын жана логистиканы өнүктүрүүдөн баштап, дайындар системалары, маалыматтык-түшүндүрүү иштери жана калк менен өз ара байланышты өркүндөтүүгө чейинки чаралар зарыл. 

“Эмдөө – коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү экономикалык жактан кыйла натыйжалуу чаралардын бири. Биздин жалпы максатыбыз оорулардын жайылышына каршы чара көрүү менен чектелбеши керек. Биз эмдөө системаларын бекемдеп, туруктуу каржылоону камсыз кылып, алдын алууга боло турган ооруларга чалдыкканга чейин эле ар бир баланы эмдегенге жетишип калуу үчүн коомдун ишенимин жогорулатышыбыз керек”, - деди Самман Тапа.

Стратегиялык диалогдун жүрүшүндө иммунизациялоону туруктуу каржылоо, чечимдерди кабыл алууда далилдүү маалыматтарды колдонуу, санариптештирүү жана маалыматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле тармактардын жана өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Катышуучулар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн иш жүзүндөгү тажрыйбасын карап чыгып, улуттук жана чөлкөмдүн деңгээлинде ылайыкташтырып, колдонууга боло турган чечимдерди талкуулашууда. 

Талкууда каржылоо маселесине өзүнчө көңүл бурулмакчы. Өлкөлөрдүн өкүлдөрү иммунизациялоо программаларын, анын ичинде жаңы вакциналарды киргизүүдө туруктуу каржылоону камсыз кылуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, улуттук бюджеттерди даярдап жатканда эмдөөнү калктын ден соолугуна жасалган узак мөөнөттүү инвестиция катары кантип көрсөтсө болорун талкуулашат. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасы иммунизациялоону санариптештирүү, маалыматтык системаларды өнүктүрүү жана дайындардын сапатын камсыздоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Ал эми Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн өкүлдөрү болсо саясатты өркүндөтүү, эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана иммунизациялоо системаларын өнүктүрүү үчүн баалоонун жыйынтыктарын колдонуу тажрыйбалары менен бөлүшмөкчү. 

Секторлордун ортосундагы өз ара байланыш диалогдун маанилүү багыты болуп калды. Катышуучулар жалгыз гана саламаттыкты сактоо системасынын күчү менен эмдөөнүн масштабын кеңейтүү мүмкүн болбогонун белгилешти. Бул процесске билим берүү жана социалдык коргоо чөйрөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, миграция маселелери менен байланышкан түзүмдөр, жарандык коом, диний жана коомдук лидерлер тартылууга тийиш. 

“Иммунизациялоо саламаттыкты сактоо системасынын гана милдети катары каралбашы керек”, - деген Гүлбара Ишенапысова ар бир бала өз убагында эмдөөдөн өтүшү үчүн бардык кызыкдар тараптар биргелешип иш алып барганы маанилүү экенин баса белгиледи. 

Катышуучулар оорулардын жайылышына каршы чара көрүүдөн алардын алдын алууга өтүү маселесине өзгөчө көңүл буруп жатышат. Жолугушуунун алкагында эмдөөнүн талаптагыдай деңгээлге көтөрүлө албай жатканынын себептерин аныктоо, түпкү себептерин талдоо жана даректүү чечимдерди кабыл алуу үчүн дайындарды колдонуу ыкмалары каралып жатат. 

Өлкөлөр ошондой эле кимдер жана эмне себептен эмдөөдөн өтпөй жатканын түшүнүү үчүн азыркыга чейин кандай дайындар жетишсиз экенин жана иммунизациялоо программаларын андан ары өркүндөтүү үчүн кандай баалоолор зарыл болгонун талкуулашууда. 

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары белгилегендей, жолугушуунун натыйжасында кесипкөй талкуулардан жана тажрыйба алмашуудан тышкары, конкреттүү макулдашуулар жана мындан аркы иш-аракеттер, анын ичинде иммунизациялоону туруктуу каржылоо, далилдүү дайындарды колдонуу, секторлордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана жыйынтыктарга жетишүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу да маанилүү. 

Стратегиялык диалогдун алкагында талкуулар жана тажрыйба алмашуу Борбордук Азия чөлкөмүнө кирген өлкөлөрдүн жана өнөктөш уюмдардын мындан аркы ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоого, улуттук иммунизациялоо программаларын бекемдөөгө жана регионалдык кызматташтыкты күчөтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. 

Катышуучулардын жалпы максаты – Борбордук Азиядагы ар бир бала өз убагында эмдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, вакцина менен башкарылуучу оорулардан корголушун камсыз кылуу, ал эми чөлкөмдөгү саламаттыкты сактоо системалары оорулардын күчөшүнө каршы натыйжалуу чара көргөндөн тышкары, алардын алдын алууга да даяр болушу керек.

ЖМК менен байланыш жолдору

Чолпон Жанадылова
Коммуникация боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: [email protected]

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.