Кыргызстанда кыздардын илимдеги, технологиялардагы жана инновациялардагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабы башталды

01 Октябрь 2026
A photo of the STEAM4Girls photo zone with huge letters on the stage
UNICEF Kyrgyzstan

Бишкек, 1-октябрь 2026 — ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын агартуу министрлиги STEAM4Girls программасынын “Кыздар учур чакты жана келечекти жаратууда” аттуу үчүнчү этабын ишке киргизди. Программанын расмий ачылышы бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, педагогдор, жаштар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана жеке тармактын өкүлдөрү катышып, кыздардын илим, технологиялар, инженерия, искусство жана математика (STEAM) тармагындагы жетишкендиктерин белгилеп, алардын бул чөйрөлөргө тартылуусун мындан ары кеңейтүүнү талкуулашты.

Расмий ачылыш аземине КР Баланын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева; КР агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева; КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков жана ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа катышты.

Иш-чаранын алкагында жаштар өздөрүнүн инновациялык долбоорлорун жана идеяларын тааныштырган STEAM көргөзмөсү да уюштурулду. Көргөзмө кыздардын чыгармачылык дараметин жана талантын таанытып, ошондой эле зарыл билим, мүмкүнчүлүктөр жана колдоо болгондо алар кандай жыйынтыктарга жете алышарын далилдеди.

“Кыздар каалаган кесипти ишенимдүү тандап, илимдин бийиктиктерин багындырып, эң дымактуу долбоорлорун ишке ашыра алышы үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Алардын мүмкүнчүлүктөрү стереотиптер жана алдын ала калыптанган түшүнүктөр менен чектелбеши керек”, — деп белгиледи Асель Чынбаева, КР Баланын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Үчүнчү этап Кыргызстандагы өспүрүм кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган алты жылдык STEAM4Girls программасын улантат. Программа аларга илим, технологиялар, инженерия, искусство жана математика жаатындагы билимин жана көндүмдөрүн, ошондой эле лидерлик сапаттарын, чыгармачыл ой жүгүртүүнү, санариптик компетенттүүлүктү жана өзүнө болгон ишенимди өнүктүрүүгө жардам берүүдө.

Акыркы алты жылдын ичинде 52 000ден ашык өспүрүм кыз STEAM4Girls программасына катышып, техникалык билимди, ийкемдүү көндүмдөрдү өздөштүрүп, өзүнө болгон ишенимин бекемдей алышты. Окутуу ыкмаларын өркүндөтүп, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бул программа өлкө боюнча 200 000ден ашык өспүрүмдү камтыды.

“Илим, технологиялар, инженерия, искусство жана математика тармактарынын жынысы жок. Мамлекет катары биздин милдетибиз – кыздарга STEAM чөйрөсүндө кесипти тандоого, аракет кылууга жана ийгиликке жетүүгө шарт түзүп беришибиз керек. “Алтын казык” билим берүү реформасынын алкагында биз STEAM-ыкмаларын билим берүү системасына киргизүүнүн үстүндө иштеп, кыздарга жана эркек балдарга келечекте зарыл болчу көндүмдөрдү, чыгармачыл дараметти жана өзүнө болгон ишенимди өнүктүрүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө умтулуп жатабыз”, - деди Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева.

Жетишилген жыйынтыктарга таянуу менен, кийинки үч жылдын ичинде программа кыздардын билим алуусун улантуусуна жана STEAM тармактарында келечектеги карьерасын куруу үчүн шарттарды түзүп берүүгө көңүл бурат.

“Алдыдагы үч жылдын ичинде STEAM4Girls бул дараметти чыныгы мүмкүнчүлүктөргө айландырууга жардам берет. Өлкөнүн ар бир облусунда мектептерде STEAM боюнча кесиптик багыт берүүчү клубдар түзүлүп, педагогдорго жана билим берүү системасынын жетекчилерине колдоо күчөтүлөт, ал эми миңдеген кыздар мектептен баштап, жогорку билимди алууга жана келечекте STEAM тармагындагы карьерасына карай өз жолун аныктоого мүмкүнчүлүк алышат. ЮНИСЕФ “Алтын Казык” билим берүү реформасынын алкагында бул ыкмаларды кеңейтүүдө Өкмөткө колдоо көрсөтүүгө даяр”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа.

Самман Тапа программанын жыйынтыктары сандык көрсөткүчтөр менен гана эмес, ошону менен бирге кыздардын өздөрүнүн жашоосундагы өзгөрүүлөр – алардын өзүнө болгон ишеними, идеяларын ишке ашырууга жана инновациялык чечимдерди табууга болгон умтулуусу, ошондой эле мектептердеги жана жамааттагы лидерлигин көрсөтүүсү менен да бааланарын белгиледи.

“Өзүңөрдү бир гана тармак менен чектеп койбогула. Илимди үйрөнүп, технологияларды өздөштүрүп, искусство менен алектенип, өлкөбүздүн бай маданиятын таанып-билип, өз долбоорлоруңарды ишке ашырып, ар түрдүү билимди жана багыттарды бириктиргенден коркпогула”, - деди иш-чаранын жаш катышуучуларына кайрылуусунда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков.

“Алтын казык” билим берүү реформасы жана Улуттук өнүктүрүү программасы ишке ашырылып жаткан шарттарда Кыргызстандын жаш муунун тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө даярдоо үчүн билим берүүгө, инновацияларга жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө инвестиция салуу өтө маанилүү.

ЖМК менен байланыш жолдору

Чолпон Жанадылова
Коммуникация боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: [email protected]

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.