Балдардын ден соолугуна инвестиция: Бишкекте вакциналарды сактоочу жаңы кампа ачылды

19 Ноябрь 2026
A group photo with workers of the Sanitary and Epidemiological Station in front of a huge banner
UNICEF Kyrgyzstan

БИШКЕК, 19-ноябрь 2026 – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Вакциналарды сактоо үчүн кампа куруу жөнүндө” тескемесинин долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммунопрофилактика борбору менен биргеликте, Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (ВИГА) каражаттарынын эсебинен жана ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен Бишкек шаарында вакциналарды сактоочу жаңы шаардык кампаны расмий түрдө ачты.

Жаңы объекттин ачылышы вакциналарды сактоо жана бөлүштүрүү шарттарын жакшыртууга, муздак чынжырдын талаптарын сактоону камсыз кылууга жана медициналык уюмдарды, анын ичинде борбор калаада жашаган 350 миңге жакын баланы коопсуз жана натыйжалуу вакциналар менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Кампанын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Республикалык иммунопрофилактика борборунун, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын, ЮНИСЕФтин жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жалпы аянты 130 чарчы метр болгон эки кабаттуу жаңы кампа нөлдөн курулган. Долбоордун баасы 9,6 миллион сомдон ашты. Имаратта талапка жооп берген температуралык режимди сактоо менен вакциналарды сактоо үчүн атайын жайлар, иммунизациялоо үчүн материалдар жана жабдуулар сакталган өзүнчө зоналар, ошондой эле вакциналарды жеткирүүнү натыйжалуу уюштуруу үчүн инфраструктура каралган.

“Вакциналарды сактоо үчүн заманбап инфраструктураны түзүү логистиканын бардык этаптарында алардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле калкты иммунизациялоо системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Жаңы объект Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн иммунобиологиялык дарыларды өз убагында жана коопсуз бөлүштүрүүнү камсыз кылууга, ошондой эле саламаттыкты сактоо системасынын жугуштуу оорулардын жайылышына жана башка өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Дамирбек Осмонов.

“Эмдөө – балдардын ден соолугуна жумшалган экономикалык жактан кыйла натыйжалуу инвестициялардын бири. Иммунизациялоого салынган ар бир доллар 76 АКШ долларына чейин экономикалык пайда алып келет. Бирок вакциналар туура сакталып, өз убагында жеткирилгенде гана балдарды коргой алат”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа. “Жаңы кампа Бишкектеги ар бир баланын коопсуз жана натыйжалуу вакциналарга жетүүсүн камсыз кылууга жардам берет. Өкмөт жана ВИГА менен биргеликте ЮНИСЕФ мурдагыдай эле вакцинаны ар бир балага жеткирүүгө умтула бермекчи”.

Жаңы кампанын ачылышы өлкө боюнча вакциналарды сактоо инфраструктурасын жаңылоо боюнча масштабдуу иштердин бир бөлүгү болуп саналат. ЮНИСЕФтин жана ВИГАнын колдоосу менен 2025-жылы Жайыл районунда вакцина сактоочу кампа ачылган. Ошондой эле 2027-жылы Улуттук вакцина кампасын куруу жана Өзгөн районунда вакцина сактоочу кампаны ачуу пландалууда.

Бишкек шаарынын калкынын саны көбөйүп жаткан шарттарда вакциналарды сактоонун заманбап инфраструктурасына инвестиция салуу иммунизациялоо кызматтарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылып, вакциналардын жардамы менен алдын алынуучу оорулардан балдарды коргоо үчүн өзгөчө мааниге ээ.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: [email protected]

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.