Самман Тапа
ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү
Самман Тапа 2024-жылдын апрелинде ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү болуп дайындалды.
Буга чейин Самман мырза ЮНИСЕФтин Иорданиянын Амман шаарындагы регионалдык кеңсесинде Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрү боюнча социалдык саясат жана социалдык коргоо боюнча кеңешчиси болгон. Бул кызматта ал 20 мамлекетте балдардын жакырчылыгы, социалдык коргоо жана мамлекеттик каржы багыттары боюнча стратегиялык жана техникалык жетекчиликке жооптуу болгон, бул багыттарга гуманитардык жардам жана улуттук системаларды бекемдөө кирет.
Самман мырза ЮНИСЕФке 2008-жылы социалдык жана экономикалык саясат боюнча серепчи катары кошулуп, дүйнөлүк экономикалык кризистин Чыгыш Азия жана Тынч океан чөлкөмүндөгү үй-бүлөлөрдүн жана балдардын абалына тийгизген таасирине жооп кайтаруу боюнча ЮНИСЕФтин программасын даярдоого жардам берген. Андан кийин ал Камбожада жана Вьетнамда улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде социалдык пландоого жана бюджетти түзүүгө жардам берүү багытында иш алып барган.
2015-жылдан 2019-жылга чейин ал ЮНИСЕФтин Мьянмадагы өкүлчүлүгүндө социалдык саясат жана балдардын укуктарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүн жетектеген. Ал мамлекеттик жөлөкпулдардын биринчи улуттук системасын ишке ашырууга техникалык жардам жана көмөктөшүү, улуттук/жергиликтүү эсепке алуу системасын, туулгандыгын жана майыптыгын каттоо системасын өркүндөтүү, ошондой эле социалдык сектордо (саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо тармактарында) мамлекеттик каржылоону өнүктүрүүгө көмөктөшкөн.
ЮНИСЕФке чейин Самман Тапа кыска мөөнөттүү келишимдердин негизинде Улуттук демократиялык институтта (NDI) жана БУУнуну өнүктүрүү прогрммасында иштеген.
Самман мырза Непалдын жараны жана эки баланын атасы. Ал Джонс Хопкинс университетинин Эл аралык изилдөөлөр боюнча жогорку мектебинин (SAIS) эл аралык экономика жана эл аралык өнүгүү боюнча магистр даражасына жана Уэбстер университетинин эл аралык мамилелер боюнча бакалавр даражасына ээ.