«Балдардын биримдик кербени» Кыргызстандын жети облусунда 15 миңден ашуун баланы бириктирди
БИШКЕК, 14-сентябрь 2026 – ЮНИСЕФтин балдардын укуктарын, ынтымакты, сергек жашоо образын, инклюзияны жана Кыргызстандын маданий мурасын жайылтууга багытталган «Балдардын биримдик кербени» демилгеси Кыргызстандын жети облусун кыдырып, жай бою 15 миңден ашуун баланы камтыды.
«Балдардын биримдик кербени» VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын «Биримдик кербени» алкагында уюштурулуп, Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» долбоорунун бир бөлүгү болду.
Кербендин сапары Баткен облусунан башталып, жай айларында өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып өттү. Балдар жана жаштар улуттук оюндарга, билим берүүчү жана интерактивдүү иш-чараларга катышып, ден соолук, туура тамактануу, эмдөө, климат, медиа сабаттуулук жана балдардын укуктары боюнча маалымат алышты.
Кербендин негизги максаты - улуттук каада-салттарды жана оюндарды балдардын укуктары менен айкалыштырып, ар бир балага ойноого, үйрөнүүгө, өз оюн эркин айтууга жана коомдук турмушка катышууга мүмкүнчүлүк түзүү.
Анын жыйынтыктоочу бөлүгү Кырчын жайлоосунда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өттү. Бул жерде уюштурулган ЮНИСЕФтин Балдар боз үйү балдар үчүн салттуу маданият менен заманбап интерактивдүү форматтарды айкалыштырган коопсуз жана инклюзивдүү мейкиндикке айланды.
«Европа Биримдиги менен өнөктөштүктө уюштурулган ЮНИСЕФтин Балдар боз үйүндө балдарды жана жаштарды тосуп алганыбызга кубанычтабыз. Бул жерде балдар чогулуп, салттуу оюндар менен таанышып гана тим болбостон, балдардын укуктары, сергек жашоо образы, климат жана келечек тууралуу да маалымат алышат. Бул — келечекке багытталган, ошол эле учурда балдарды өзүнүн түпкү тамыры жана маданияты менен байланыштырган мейкиндик», — деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.
Кырчындагы Балдар боз үйүнүн өзгөчө долбоорлорунун бири Жапониянын Keio University Graduate School of Media Design командасы менен биргеликте уюштурулган Yurt Portal / Mirrored Culture интерактивдүү долбоору болду.
Заманбап технологиялардын жардамы менен балдар жана коноктор кыргыздын көчмөн маданияты менен жаңы форматта таанышып, өздөрүн көчмөн маданиятынын бир бөлүгү катары интерактивдүү түрдө көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Долбоор салттуу маданият менен заманбап технологияны айкалыштырып, маданий мурасты балдар үчүн кызыктуу жана жеткиликтүү форматта таанытууга багытталды.
Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло мындай долбоорлор балдарга гана эмес, чоңдорго да өз тарыхы жана маданий мурасы менен жаңыча байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.
«Бул абдан маанилүү долбоор деп эсептейм. Балдар салттуу оюндар менен кайрадан таанышып, өздөрүнүн өткөн тарыхын билүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ал эми заманбап технологиялар аркылуу адам өзүн бир нече кылым мурдагы көчмөндөрдүн жашоосунда элестете алат. Экрандан өзүңдүн ошол кездеги образыңды көрүү кызыктуу тажрыйба», - деди Реми Дюфло.
«Балдардын биримдик кербени» балдардын укуктарын илгерилетүү менен катар, алардын ар түрдүүлүгүн сыйлоо, бири-бирине болгон урмат-сыйды күчөтүү жана сергек жашоо образын жайылтуу үчүн аянтча болду. Кербендин алкагындагы иш-чаралар балдардын билим алуусуна, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана коомдук турмушка активдүү катышуусуна шарт түздү.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ жөнүндө
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.