ЮНИСЕФ жана Ош шаарынын мэриясы климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашкан №76 бала бакчанын демонстрациялык модели менен тааныштырышты

30 Июнь 2026
A group photo with all participant
UNICEF Kyrgyzstan

Ош, 30-июнь 2026 – Бүгүн Ош шаарындагы №76 мамлекеттик бала бакчада климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашкан мекеменин жаңы демонстрациялык модели көрсөтүлдү. Мекеменин имараты энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга, имараттын ичиндеги абанын сапатын жакшыртууга жана балдардын эрте куракта өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган жалпы реконструкциялоодон өттү. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэриясынын, ЮНИСЕФтин өкүлдөрү, ата-энелер жана бала бакчанын өкүлдөрү катышты.

Реконструкциялоо иштери ЮНИСЕФтин “Климаттык бизнес-модели” демилгесинин (Climate Business Model Initiative) алкагында жасалды. Бул – Борбордук Азиядагы балдар үчүн климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу инфраструктураны түзүү боюнча регионалдык программа. Ошто долбоор Ош шаарынын мэриясы менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылды. Энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана желдетүүчү системаларды жаңылоо боюнча ушундай эле иштер №75 бала бакчада да жасалды.

Аземге келгендердин алдында сүйлөгөн сөзүндө Ош шаарынын вице-мэри Масуда Айдарбекова келечек муундун бакубатчылыгы үчүн заманбап, балдарга ыңгайлуу инфраструктурага инвестиция салуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Бул реконструкциялоо иштери Оштогу ар бир бала үчүн коопсуз жана ыңгайлуу окуу чөйрөсүн түзүүгө болгон умтулуубузду чагылдырып турат. Мен бардык өнөктөштөргө тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ата-энелерди жана тарбиячыларды бала бакчанын жаңылануусу менен куттуктайм!”, - деп белгиледи Ош шаарынын вице-мэри Масуда Айдарбекова.

ЮНИСЕФ климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү боюнча чаралар балдардын ден соолугунун жана билиминин көрсөткүчтөрү менен канчалык байланышта болгонунун маанисин белгилейт. “Ар бир бала коопсуз жана сергек чөйрөдө өсүүгө, билим алууга жана өнүгүүгө татыктуу. Бул долбоор климаттын өзгөрүүсү менен күрөшкө инвестициялоо балдардын жашоосун бүгүн жакшыртып, эртеңки күндө алардын туруктуулугун бекемдей ала турганынын практикалык мисалы болуп саналат”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа.

Долбоордо эки мекемедеги 28 бөлмө жайды камтыган, аянты 1152 чарчы метр болгон комплекстүү энергияны үнөмдөөчү чечимдерди киргизүү каралган. Жылуулук насостору (көмүр менен жылытууга көз карандылыкты азайтуу үчүн), фанкойлдар (температураны жөнгө салуу үчүн) жана рекуператорлор (жылуулукту сактоо менен үзгүлтүксүз желдетүүнү камсыз кылуу үчүн) орнотулган. Ошондой эле муниципалитеттин кошо каржылоосу менен энергияны үнөмдөөчү терезелер орнотулуп, жылуулук изоляциясы жана оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул чаралар жылуулукту кармап, энергияны керектөөнү азайтат жана жыл бою бөлмө жайларда туруктуу микроклиматты камсыз кылат.

Бул долбоор абанын булгануусунун балдардын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу көйгөйдү тикелей чечет. Кыргызстандын шаарларында жылытуу үчүн көмүрдү колдонуу зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышына алып келет, бул өзгөчө наристелердин саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө. Жылытуу жана желдетүү системаларын жаңылоо абага бөлүнгөн зыяндуу заттарды азайтууга жана бөлмөлөрдө таза абаны камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

ЖМК менен байланыш жолдору

Чолпон Жанадылова
Коммуникация боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: [email protected]

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.