Дүйнөлүк эне сүтүн эмизүү жумалыгы: Кыргызстанда алты айга чейинки ымыркайлардын 44 пайызы гана эне сүтү менен азыктанат

03 Август 2026
грудное вскармливание
UNICEF

Бишкек, 3-август 2026 – ЮНИСЕФ жүргүзгөн Көп көрсөткүчтүү кластердик изилдөөнүн (MICS 2023) жыйынтыгына ылайык, Кыргыз Республикасында эне сүтүн эмизүү көрсөткүчтөрү өлкөнүн улуттук максаттуу көрсөткүчтөрүнөн төмөн бойдон калууда. Алты айга чейинки ымыркайлардын болгону 44 пайызы гана эне сүтү менен азыктанат. Бул көрсөткүч Кыргыз Республикасы 2025-жылы Парижде өткөн Өсүү үчүн азыктануу (N4G) саммитинде 2030-жылга чейин эне сүтү менен азыктандырууну 70 пайызга жеткирүү боюнча алган милдеттенмеден кыйла төмөн. Ошондой эле эне сүтүн эмизүүнү улантуу көрсөткүчү да төмөн бойдон калууда: 20–23 айлык балдардын 27 пайызы гана эне сүтүн менен азыктанат.

«Эне сүтүн эмизүү — баланын алгачкы күндөрүнөн тартып ден соолугун чыңдоодо эң маанилүү жолдорунун бири. Ар бир эненин кош бойлуулук мезгилинде, төрөттөн кийин жана эне сүтүн эмизүүнүн бардык этабында өз убагында жана сапаттуу колдоо алышын камсыз кылуу саламаттык сактоо системасынын негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Саламаттык сактоо министрлиги баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде эне сүтүн эмизүү боюнча кеңеш берүү кызматтарын чыңдап, медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатып, калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин кеңейтүүдө жана эне сүтү менен эмизген аялдардын укуктарын коргоо боюнча чараларды илгерилетүүдө», — деди Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова басма сөз жыйынында.

Эне сүтү ымыркайды эң мыкты азык менен камсыздап, анын иммундук системасын бекемдейт жана кеңири таралган жугуштуу оорулардан коргойт. Ошондой эле ал өзгөчө кырдаалдарда да коопсуз, ишенимдүү жана экологиялык жактан туруктуу азык болуп саналат.

«Эне сүтүн эмизүү — бул баланын ден соолугун чыңдоонун натыйжалуу чарасы гана эмес, Кыргызстандын келечегине жасалган инвестиция. Энелерди эне сүтү менен эмизүүгө колдоо көрсөтүү балдардын аман-эсен чоңоюшуна жана толук кандуу өнүгүшүнө шарт түзөт, келечекте алардын билим алуу жетишкендиктерин жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат, ошондой эле өлкөгө олуттуу экономикалык пайда алып келет. Тамактанууну жакшыртуу боюнча негизги иш-чараларга, анын ичинде эне сүтүн эмизүүнү колдоого жумшалган ар бир 1 сом  келечекте 22–25 сомго чейинки экономикалык кайтарым бере алат», — деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.

Эл аралык эсептөөлөргө ылайык, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен ЮНИСЕФтин Ымыркайларды жана жаш балдарды тамактандыруу боюнча глобалдык стратегиясын ишке ашыруунун орточо баасы ар бир жаңы төрөлгөн балага болжол менен 130 АКШ долларын түзөт. Ошол эле учурда эне сүтүн эмизүүнү колдоо боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүүлөргө жумшалган инвестициялар бир нече жыл ичинде, айрым учурларда биринчи эле жылда өзүн актайт.

«Эне сүтүн эмизүү — бул эненин гана жоопкерчилиги эмес. Аны ийгиликтүү жүргүзүү үчүн саламаттык сактоо системасынын, үй-бүлөнүн, жумуш берүүчүлөрдүн жана коомчулуктун колдоосу зарыл. ДССУ Саламаттык сактоо министрлиги жана өнөктөштөр менен биргеликте далилдерге негизделген саясатты, сапаттуу кеңеш берүү кызматтарын жана “Балага жылуу мамиледеги оорукана” демилгесин өнүктүрүү аркылуу эне сүтүн эмизүүнү колдоону мындан ары да бекемдөөгө көмөк көрсөтөт. Бүгүн эне сүтүн эмизүүгө инвестиция салуу — бул Кыргызстандын дени сак жана бакубат келечегине инвестиция салуу», — деди ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жанара Бекенова.

Ийгиликтүү эне сүтүн эмизүү үчүн кош бойлуулук учурунда, төрөт маалында жана баланын алгачкы жаш курагында үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүү зарыл. Саламаттык сактоо системасын чыңдоо, эне сүтүн алмаштыруучу азыктарды жарнамалоо боюнча эл аралык кодекстин талаптарын аткаруу, «Балага жылуу мамиледеги оорукана» демилгесин кеңейтүү, аялдардын эмгек мыйзамдары аркылуу акы төлөнүүчү төрөт өргүүсүнө болгон укуктарын коргоо, ошондой эле үй-бүлөнүн жана коомчулуктун колдоосун күчөтүү ар бир балага татыкттуу эашоону камсыз кылууга жана өлкөнүн калкынын ден соолугун, адамдык капиталын жана узак мөөнөттүү өнүгүүсүн бекемдөөгө жардам берет.


Кошумча маалымат:

Жыл сайын 1–7-августта дүйнө жүзүндө Дүйнөлүк эне сүтүн эмизүү жумалыгы белгиленет. Бул өнөктүк эне сүтүн эмизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруп, энелерге балдарын эне сүтү менен ийгиликтүү эмизүүгө колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө багытталган.

ЖМК менен байланыш жолдору

Чолпон Жанадылова
Коммуникация боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: [email protected]

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.