Өспүрүмдөр жана жаштар
Жаштар өз коомдорундагы позитивдүү өзгөрүүлөрдү ишке ашырууда чоң роль ойношот
Маселе
Кыргызстандын калкы абдан жаш. Жети миллионго жакын адамдын үчтөн биринен көбүн 14төн 35 жашка чейинкилер түзөт. Бул жаш калктын өнүгүү дарамети чоң, бирок бул үчүн жаштар чечимдерди кабыл алуу процессине толук тартылышы керек.
Бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстандагы жаштар өздөрүн чечимдерди кабыл алуу процессине тартылгандай сезишпейт. Кыргызстандын жаштарынын катышуу рейтинги 2017-жылы 0,53 болсо, 2022-жылы 0,41ге түштү. Жаштардын 20 пайызга жакыны окубайт, иштебейт же окуудан өтүшпөйт (NEET), ушундан улам алар “келечектен коркот же келечегине ишенбейт”.
Бул ар кандай социалдык институттарга ишенбөөчүлүктүн көбөйүшүнө, ошондой эле этностук, диний жана социалдык-экономикалык статус сыяктуу белгилер боюнча поляризацияга өбөлгө түзүп жатат.
Гендер жаш адамдын билимге жана башка мүмкүнчүлүктөргө жетүүсүнө олуттуу таасирин тийгизүүдө. Гендердик зомбулук жана балдардын никеси сыяктуу көйгөйлөрдөн улам тереңдеген бул гендердик айырмачылыктар кыздардын коомго жигердүү катышуусун да чектеп жатат. Кыз-келиндердин арасында NEET деңгээли 29,4 пайызды түзсө, жаш эркектердин арасында 12 пайызды түзөт.
Мектеп программасынын эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөргө дал келбеши жаштар үчүн дагы бир көйгөйдү жаратууда: 15 жаштан 24 жашка чейинки жаштардын 40,1% гана экономикалык жактан жигердүү, ал эми жаштардын арасында жумушсуздуктун деңгээли 14,2% түзөт.
Климаттын өзгөрүшү чөйрөсүндө пайда болуп жаткан күн тартиби, ошондой эле абанын булганышы көйгөйү жаштар арасында жигердүү пропаганданы жана туруктуу өнүгүү максаттарында күч-аракеттерди талап кылып жатат.
Чечим
ЮНИСЕФ өкмөт жана жарандык коом уюмдары менен өнөктөштүктө жаштардын турмуштук көндүмдөрүн бекемдөөгө жана жарандык компетенцияларын өнүктүрүүгө жардам берчү бир нече демилгелердин башында турат. Максаты – жаштарга көбүрөөк жигердүү болууга, алар үчүн маанилүү болгон маселелер боюнча тынчсызданууларын жеткирүүгө жана өз жамааттарына позитивдүү салым кошууга мүмкүнчүлүк берүү.
“Жаштарга жана балдарга достук мамиледеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу” программасы ушундай демилгелердин катарына кирет. Программа жергиликтүү бийлик органдарын жаштарды пландаштыруу жана чечимдерди кабыл алуу процессине тартууга үндөйт. Бул жергиликтүү бийлик органдарына балдардын жана жаштардын бакубатчылыгын жакшыртууга көбүрөөк көңүл бурууга шарт түзүп, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет. Программа Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле Кыргызстан боюнча 32 мэрия менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.
UPSHIFT – бул дагы бир демилге. Бул ыкма жаштарга, айрыкча, NEET жаштарга жамааттын көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү көздөйт. Катышуучулар төрт баскычтуу процесс аркылуу чечимдерди даярдап, ишке ашырганды үйрөнүшөт. Алар: байкоо жана түшүнүү; дизайн; иштеп чыгуу жана тестирлөө; жана ишке ашыруу. Тынчтыкты куруу долбоорунун алкагында 520 адам тынчтыкты куруу боюнча 42 чечимди сунуштады, алардын 27си тынчтыкты куруу долбоорлорунун эсебинен, ал эми калганы жергиликтүү бийлик органдары тарабынан каржыланды.
"Илимдеги кыздар" долбоору – бул Кыргызстандагы өспүрүм кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча долбоор. Аталган долбоордун алкагында кыздар илим, технология, инженерия жана математика (STEM) жаатында билим алып, лидерлик көндүмдөрдү өздөштүрүшөт. Долбоор 15-17 жаштагы өспүрүмдөргө, айрыкча элеттик жана жакыр жашаган аймактарда өскөн кыздарга багытталган. 300дөн ашуун өспүрүм кыз STEM, гендердик теңчилик, баарлашуу, онлайн коопсуздук жана башка маселелер боюнча билим алышты жана өз билимдерин өлкө боюнча теңтуштары менен бөлүштү. "Илимдеги кыздар" долбоорунун катышуучулары 10 миңден ашык кызга ар кандай темадагы сессияларды өткөрүштү.
ЮНИСЕФтин ыктыярчылары. 2018-жылы ЮНИСЕФтин Глобалдык ыктыярчылык демилгесинин алкагында Кыргызстандагы ЮНИСЕФ университеттердин студенттерин “Коопсуз мектептер” программасына катышууга тартуу боюнча пилоттук ыктыярчылык программаны ишке киргизген. 2022-2024-жылдары ЮНИСЕФ өлкө боюнча 800 ыктыярчыны табигый кырсыктарга даярдоо боюнча тренингдерди өткөрүү жана 900 мектепте өзгөчө кырдаалдар боюнча машыгууларды уюштуруу үчүн мобилизациялаган. Бул көнүгүүлөр 470 000 окуучунун коопсуздук көндүмдөрүн жогорулатууга жардам берди.
U-Report платформасы. Жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн дагы бир ыкмасы – алардын үнүн башкаларга жеткирүү. Дал ошондуктан ЮНИСЕФ U-Report платформасын колдоп келет. Бул платформада 99 өлкөдөн 34 миллион жаштар коомдун негизги көйгөйлөрү боюнча өз көз караштары менен бөлүшүп, туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүп келатышат. Кыргызстан бул тармакка 2021-жылы кошулуп, жаштарга өз кооптонууларын билдирүүгө жана мамлекеттик мекемелер менен өнөктөштүктө позитивдүү өзгөрүүлөргө жетүүгө мүмкүнчүлүк берди. U-Report аркылуу Кыргызстандагы жаштар дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган курдаштары менен байланышып, өз көз караштары менен бөлүшүп, алар үчүн маанилүү маселелердеги өзгөрүүлөргө таасир эте алышат.
2024-жылы U-Report платформасына Кыргызстанда 13 765 адам жазылган.
Саясий деңгээлде ЮНИСЕФ өкмөт менен, анын ичинде 2023-жылы жаштарды климаттык саясатка кошуу боюнча декларацияга кол койгон Жаратылыш ресурстары министрлиги менен иштешет. Институционалдык деңгээлде ЮНИСЕФ экологиялык билим берүү тармагында мугалимдерди жана мектептерди колдоп келет. Жекече деңгээлде ЮНИСЕФ жаштарга “жашыл көндүмдөрдү” үйрөтөт, мунун натыйжасында алар климаттын өзгөрүшү менен натыйжалуу түрдө күрөшө алышат. ЮНИСЕФ жаштардын экологиялык долбоорлору үчүн хакатондорду уюштуруп, климатка арналган жайкы лагерлерди өткөрүп келет. Бул демилгелер жаштарга көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле жергиликтүү климаттык чечимдерди даярдоого жана аларды социалдык тармактарда бөлүшүүгө жардам берет.
Пайдалуу шилтемелер
These resources represent just a small selection of materials on adolescents and youth produced by UNICEF and its partners in Kyrgyzstan. The list is regularly updated to include the latest information.
- Жаштардын бакубатчылыгы жана өнүгүү индекси, 2022-жыл.
- Айдаркендеги жаштардын тынчтык куруу демилгелери
- Токмоктогу жаштардын тынчтык куруу демилгелери
- "Илимдеги кыздар" долбоору
- АНАЛИЗ СИТУАЦИИ В ОБЛАСТИ СУИЦИДА И СУИЦИДАЛЬНЫХ ПОПЫТОК СРЕДИ ПОДРОСТКОВ И МОЛОДЕЖИ В КЫРГЫЗСТАНЕ
- Здоровье подростков в Кыргызстане
- Ситуационный анализ: дети и подростки с инвалидностью в Кыргызстане