Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу

Балдарга, мугалимдерге жана ата-энелерге тобокелдиктерди түшүнүүгө жана башкарууга, суу ташкыны, жер көчкү же жер титирөө сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда өзүн кандай алып жүрүү керектиги үйрөтүлөт.

баласын көтөрүп турган апа
ЮНИСЕФ

Маселе

Кыргызстан бир катар өзгөчө тобокелдиктерге туш болууда, анын ичинде климаттын өзгөрүүсүнөн улам жер көчкү жана суу ташкыны көп болуп турат. Сейсмикалык активдүү зонада жайгашкан өлкөдө тез-тез жер титирөөлөр болуп турат, зилзаланын күчү Рихтер шкаласы боюнча 9 баллдан ашат.

Акыркы беш жылдын ичинде өлкөдө бир нече зилзалалар, суу ташкындары жана жер көчкүлөр болуп, алар олуттуу каржылык жана адамдык жоготууларга алып келди. 

Бул биринчи кезекте чоң адамдарга караганда аярлуу балдарга таасирин тийгизүүдө.

ЮНИСЕФ
ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФтин колдоосу менен жүргүзүлгөн (2011-2014-жылдары жүргүзүлгөн) мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин коопсуздугун баалоо Кыргыз Республикасындагы билим берүү мекемелеринин 85 пайызында коопсуздук деңгээли төмөн экендигин жана ыктымалдуу табигый кырсыктарга кабылаарын көрсөттү. Бул бир миллиондон ашык бала табигый кырсыктардын тобокелдигине дуушар болорун көрсөтүп турат.

Чечүүнү талап кылган негизги көйгөйлөргө мектеп инфраструктурасынын начарлашы, мамлекеттик мекемелердин өзгөчө кырдаалдарда жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүнүн жетишсиздиги жана чабал даярдыгы кирет.

Ченемдик базанын бар болгонуна карабастан, аны ишке ашыруунун жана көзөмөлдөөнүн механизмдери жок, ошондой эле финансылык жана адамдык ресурстар чектелүү.

Чечим

Мектептердин коопсуздугун баалоонун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мектеп окуучуларынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча “Кыргыз Республикасындагы коопсуз мектептер жана мектепке чейинки мекемелер” аттуу масштабдуу долбоорду ишке киргизүүгө түрткү берди.

Программа 2015-жылдан 2024-жылдарга чейин ЮНИСЕФтин колдоосу менен эки этапта ишке ашырылган.

Жапониянын алдыңкы тажрыйбаларынан шыктанган программа мектептердин коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуунун жаңы жолдорун ачууга, ошондой эле өлкө боюнча мектептердин базасында табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуунун масштабын кеңейтүүгө багытталган. Программанын экинчи этабында ЮНИСЕФ өлкөнүн эң алыскы мектептерин камтуу үчүн Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коомунан (КЖАК) жана ЮНИСЕФтин жаштар топторунан 600 жергиликтүү ыктыярчыны ишке тартты.

ЮНИСЕФ жогорку да, төмөнкү да деңгээлде чараларды тең салмактуу ишке ашырды. Жогорку деңгээлде ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана башка мамлекеттик органдарга билим берүү мекемелеринде табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук жол картасын иштеп чыгууга колдоо көрсөттү. Бул жергиликтүү бийликке табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу компоненттерин жергиликтүү бийлик органдарынын өнүгүү пландарына киргизүүгө жардам берди.

мектеп окуучулары өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүү куралдарын көрүп жатышат
ЮНИСЕФ

Төмөнкү деңгээлде ЮНИСЕФ табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана билим берүү системасынын туруктуулугун жогорулатуу маселелери боюнча мектептер менен иштешти. Мектептер билим алмашуу, климаттык жана табигый кырсык тобокелдиктерине даярдык жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн баштапкы чекит болуп калды. 

ЮНИСЕФтин кийлигишүүсү менен коопсуздук маселелери мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына жана өзгөчө кырдаалдар учурунда мектепке чейинки курактагы балдардын коопсуз жүрүм-туруму боюнча билим берүү программасына киргизилген. Табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-2020-жылдарга карата Билим берүү стратегиясына кошулган.

Мындан тышкары, башталгыч жана орто класстардын окуучулары үчүн методикалык сунуштарды камтыган “Күнүмдүк коопсуздуктун принциптери” программасы иштелип чыгып, улуттук мектеп программасына киргизилген.

Бул темалар боюнча окутуулар аркылуу алар табигый кырсыктардын тобокелдиктерин түшүнүү жана башкаруу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу жөндөмдөрүн өрчүтүштү. Бул тажрыйба ЮНИСЕФтин техникалык көмөгү менен иштелип чыккан мектеп администрациялары үчүн табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Колдонмодо жалпыланган.

ЮНИСЕФтин колдоосу менен 3 миңден ашуун мектепти жана мектепке чейинки мекемелерди инженерлер канчалык коопсуз болгонун текшерип чыгышты.

окуучулар өзгөчө кырдаал маалында алып жүрүү жолдорун үйрөнүп жатышат
ЮНИСЕФ

Бул иш балдар үчүн коопсуз окуу жайларын камсыз кылууда, мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде коопсуздук боюнча дайындар базасын түзүүдө өкмөткө колдоо көрсөтүү максатында жасалды. Баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2015-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын коопсуз мектептери жана мектепке чейинки мекемелери” программасы иштелип чыгып, бекитилип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынган. Өкмөт жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр бул маалыматтарды мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди реабилитациялоого, бекемдөөгө жана реконструкциялоого ресурстарды мобилизациялоо үчүн кеңири колдонуп жатышат.

2016-2017-жылдары ЮНИСЕФ кырсыктардын тобокелдиктерин баалоонун жана талдоонун бирдиктүү методологиясын иштеп чыгууда, жергиликтүү деңгээлде иш-чараларды пландоодо, каржылоодо жана мониторинг жүргүзүүдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигин колдогон.

Жергиликтү деңгээлде бул методология боюнча колдонмосу иштин жыйынтыгы болуп саналат. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу (Бишкекте жана Ошто) Жарандык коргонуу адистерин окутуу борборлорунун потенциалын бекемдөөгө жана жабдууга колдоо көрсөтүлдү. Эки борбор тең тобокелдиктедин баалоо жана талдоо боюнча муниципалдык адистерди окутуп жатышат. Бул методология муниципалитеттерге өз аймагындагы ыктымалдуу тобокелдиктерди жана аярлуу жерлерди аныктоого жана алдын алуу чараларын жергиликтүү өнүгүү пландарына киргизүүгө жардам берүүдө.