Балдарды эрте куракта өнүктүрүү
Билимге эрте жетүү ар бир балага жашоодо күчтүү пайдубал болот
Маселе
Эрте куракта/мектепке чейинки билим алууга жеткиликтүүлүктүн жоктугу Кыргызстандагы балдардын бакубатчылыгына таасирин тийгизип жаткан дагы бир олуттуу көйгөй болуп саналат. Эрте куракта сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүктүн чектелиши балдардын когнитивдик өнүгүүсүнө жана мектепке даярдыгына бут тосуп, келечекте окуудагы жыйынтыктарына таасирин тийгизиши ыктымал.
2023-жылы чөнөктөп ылгап алуу ыкмасын колдонуунун көптөгөн көрсөткүчтөрү боюнча жүргүзүлгөн акыркы изилдөөгө ылайык, 3-5 жаштагы балдардын 40 пайызга жакыны гана мектепке чейинки билим берүү программаларына катышат.
Географиялык айырмачылыктарды да белгилей кетүү керек: мектепке чейинки билим берүү программаларына катышкан балдардын саны элет жергесине караганда шаардын райондорунда бир топ жогору.
Социалдык-экономикалык статус балдардын мектепке чейинки билим берүү программаларына баруусуна тоскоол болгон дагы бир маанилүү фактор болуп саналат. Мындай программаларга бакубат кожолуктарда чоңойгон балдардын жарымынан көбү катышат, ал эми жакыр кожолуктарда өскөн балдардын арасында бул көрсөткүч 24 пайызга гана жетет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көпчүлүгү үйдөн билим алышат же бала бакчаларда кошумча колдоо алышпайт, себеби мугалимдер инклюзивдүү эрте куракта билим берүүгө окутулган эмес. Майыптыгы бар балдардын ата-энелери жана жергиликтүү бийлик колдоо механизмдери тууралуу маалыматка ээ эмес. Адистерден же мекемелерден колдоо алуу үчүн багыттоо механизмдери жетишсиз болууда.
Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өткөн сайын мектепке даярдоо маселеси көңүл чордонунда турат. Реформанын алкагында учурдагы мектепке чейинки билим берүүнүн деңгээлин (0-класс) 1-класска чейин жогорулатуу пландаштырылууда, мунун натыйжасында балдар 1-класска 6 жашында бара алышат.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өнүктүрүүгө дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мектепке чейинки мекемелерди лицензиялоону оптималдаштыруу боюнча чараларды көрдү. Мисалы, “жан башына каржылоо” жана “ваучердик каржылоо” сыяктуу жаңы механизмдер киргизилди, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү мекемелерин түзүүнү колдоо боюнча акселератор программасы киргизилди. Өкмөт ошондой эле мектепке чейинки мекемелерге жеке инвестицияларды көбөйтүү максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көңүл бурду.
Анткен менен, сапатты камсыз кылуу, балдарды коргоо жана отчеттуулук менен байланышкан көйгөйлөр жана тобокелчиликтер бар. Мектепке чейинки билим берүү системасында иштеген мугалимдердин 20 пайызы гана балдарды эрте куракта өнүктүрүү жана билим берүү чөйрөсүндөгү билимге ээ. Өкмөт стандарттарды белгилегени менен, алар сапатты камсыздоо жана мониторинг механизмдеринин жоктугунан улам мектепке чейинки курактагы балдардын басымдуу бөлүгүнө пайда алып келген жок.
Чечим
ЮНИСЕФ өкмөт менен биргеликте мектепке чейинки мекемелердин педагогдор жана акселератор программасына катышкан инвесторлор талаптагыдай билим алуусуна жетүүнүн үстүнөн иштеп жатат. Республикалык педагогикалык институт (РПИ) эми балдарды өнүктүрүү жана кам көрүү, оюн менен окутуу, балдарды коргоо, басмырлабоо жана мектепке чейинки бизнести башкаруу маселелери боюнча окутууларды өткөрүүдө. Окутуунун эки жумалык комплекстүү программасын, анын ичинде пост-аттестацияны жана сертификациялоону Билим берүү жана илим министрлиги (БИМ) бекиткен.
2024-жылдын март айына карата ушул тармакта жүздөгөн ишкерлер бул окуу курсунан өтүштү. Мектепке чейинки билим берүү мекемелери үчүн окууну тездетүү боюнча өкмөттүн программасы ишке ашкан сайын көбүрөөк катышуучулар окуудан өтөт деп күтүлүүдө.
ЮНИСЕФ ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин, ишкерлердин, ата-энелердин жана камкорчулардын пикирлерин чогултуп, акселератор программасын баалоодо Билим берүү жана илим министрлигин колдойт. Баалоонун жүрүшүндө алдыңкы тажрыйбалардын жана алынган сабактардын жыйынтыктары чыгарылып, ошондой эле өкмөткө, техникалык агенттиктерге жана мектепке чейинки мекемелерди жетектеген адистерге сунуштар берилет.
Өкмөт ошондой эле жан башына каржылоо жана ваучердик каржылоо сыяктуу финансылык чаралардын жардамы менен үй-бүлөлөр үчүн финансылык тоскоолдуктарды азайтуу жолу менен мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнүн үстүнөн иштеп жатат.
Мектепке чейинки мекемелерди жан башына каржылоо окууга кабыл алынган балдардын санына жараша өкмөт ар бир мекемеге бөлгөн каржылоону түшүндүрөт. Бул ар бир бала каржылоонун бирдей үлүшүн алат жана үй-бүлөлөр мектепке чейинки билим берүүгө байланышкан чыгымдарды азайта алышат дегенди билдирет.
Ваучердик каржылоо – бул үй-бүлөлөргө мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барууга кеткен чыгымдарды жабуу үчүн каражат алууга мүмкүнчүлүк берген механизм. Мындай ыкма ата-энелерге баласынын муктаждыктарына жана каалоолоруна ылайык келген мектепке чейинки мекемени тандап алууга мүмкүнчүлүк берет.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу өкмөт жеке сектордун мектепке чейинки мекемелерине кызыгууну арттырууга, ошондой эле жеке компаниялар сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга ниеттенүүдө.
Глобалдык масштабдан алып караганда, бул ыкма натыйжалуу механизм боло алды. Бул механизм мамлекеттик каржылоонун чектелгендигин компенсациялоого жана социалдык тармакка кошумча ресурстарды мобилизациялоого мүмкүндүк берет.
ЮНИСЕФ бул ыкмалардын ар бирин кыйла натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги менен иш алып барууда. Бул иш регламенттерди иштеп чыгууну, тийиштүү адистерди окутууну, алдыңкы эл аралык тажрыйбанын мисалдарын берүүнү жана сапатын көзөмөлдөөнү камтыйт. Максаты – ар бир ата-эне жана бала бул системалардан пайда ала алышы керек.