Балдарга бүгүн салынган инвестиция Кыргызстандын өнүккөн келечегин түптөөгө жардам берет – «Жаңы муун – 2050» изилдөөсүнүн жыйынтыктары чыкты
Бишкек, 19-июнь 2026 – Кыргызстан балдарга жана жаштарга инвестиция салуунун эсебинен экономикалык өсүштү тездетип, өлкөнүн узак мөөнөттүү бакубатчылыгын камсыз кыла алат. Мындай тыянакка Кыргыз Республикасындагы Generation 2050 изилдөөсүнүн авторлору келишти. Изилдөөнүн жыйынтыктары менен бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте тааныштырды.
Изилдөө демографиялык өзгөрүүлөрдүн өлкөнүн келечегине тийгизген таасирин талдап, анын узак мөөнөттүү өнүгүү дараметин ачуу үчүн бүгүнкү күндө зарыл болгон инвестицияларды аныктады.
Изилдөөгө ылайык, Кыргызстан ушул тапта уникалдуу демографиялык мезгилде турат. Өлкөнүн калкынын жарымынан көбү 30 жашка чыга электер, ал эми эмгекке жарамдуу калктын саны улам көбөйүүдө.
«Бул изилдөөнүн жыйынтыктары саламаттык сактоо, билим берүү, эмгек жана социалдык коргоо тармактарындагы өзүнчө программалардын алкагынан чыгып, Кыргызстандын келечегин өз ара байланышкан процесстердин бирдиктүү тутуму катары кароого мүмкүнчүлүк берет. Мындай көз караш бизде буга чейин болбогон өзгөчө аналитикалык ресурс болуп саналат. Министрлер Кабинети баяндаманын жыйынтыктарын мамлекеттин узак мөөнөттүү стратегиялык артыкчылыктарын аныктоодо пайдаланууну көздөйт», — деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы Жыпариса Рысбекова.
Анткен менен бул мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси чексиз убакыт ачык боло бербейт. Божомолдорго караганда, 2040-жылдан тарта калктын картаюу ыргагы тездейт. Бул бүгүнкү күндө балдарга жана жаштарга – алардын саламаттыгына, билим алуусуна, аларды коргоого жана келечектин экономикасы үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө инвестицияларды өзгөчө маанилүү кылып жатат.
«Адамдык капиталга салынган инвестиция – бул узак мөөнөттүү экономикалык өсүштүн кыйла натыйжалуу аспаптарынын бири. Балдарга эрте курагында эле өнүгүүсүнө, тамактануусуна, билимине жана социалдык коргоого салынган инвестициялар балдардын бакубатчылыгын да, жалпысынан өлкөнүн өнүгүү келечегин да кыйла жакшыртууга жөндөмдүү», - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самман Тапа.
Изилдөө социалдык жана экономикалык жактан эң көп кайтарымды камсыз кылууга жөндөмдүү инвестициялардын төрт артыкчылыктуу багытын аныктады. Алар: балдардын тамактануусу, мектепке чейинки билим берүү, социалдык коргоо жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү. Ошол эле маалда авторлор мүмкүн болушунча көбүрөөк натыйжага жетүү үчүн ар кандай тармактардын жана ведомстволордун макулдашылган иш-аракеттери зарыл болгонун белгилешүүдө.
Изилдөөнүн бир катар сунуштамалары мамлекеттик саясатта да ордун тапты. Алсак, негизги сунуштардын арасында «Бала ырысы» программасы бар. Бул программага ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тарта үч жашка чыга элек ар бир балага универсалдуу жөлөкпул берилип турмакчы. Дагы бир мисал – “Алтын казык” программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул демилгелер фактыларга негизделген сунуштамалар кантип балдардын бакубатчылыгын жакшыртууга жана өлкөнүн адамдык капиталын бекемдөөгө багытталган конкреттүү чараларга өтөрүн көрсөтүүдө.
Изилдөөнүн бет ачарына келгендер балдарга инвестиция салуу – бул социалдык жоопкерчилик болгондон тышкары, узак мөөнөттүү максатты көздөгөн экономикалык чечимдердин бири экенин да белгилешти. Дал ушул чечимдер өлкөнүн адамдык капиталын бекемдеп, келечек муундардын туруктуу өнүгүүсү камсыз кылууга жөндөмдүү.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ жөнүндө
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.