III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну: Балдардын оюн кербени

Келечек оюндан башталат!

Дети играют в национальные игры
UNICEF Kyrgyzstan

Келечек оюндан башталат!

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен биргелешип “Балдардын оюн кербенин” баштады. Биздин демилгенин урааны – Келечек оюндан башталат!

“Кербен” 2018-жылдын 5-июнунда башталып, Кыргызстандын 14 шаарын жана ар бир облустагы айылдарды кыдырып чыгат

Мальчик играет в альчики во время Каравана детских игр в городе Ош
UNICEF Kyrgyzstan Мальчик играет в альчики во время Каравана детских игр в городе Ош
Девочка смотрит Караван детских игр
UNICEF Kyrgyzstan A girls watches Caravan of Children's Games in Bazar-Korgon

Оюн – балдардын эрте куракта өнүгүүсү, анын ичинде эмоционалдык жактан, дене боюнун жана акыл-эсинин өнүгүүсү үчүн универсалдуу аспап. Оюн – бул уникалдуу инсандын өнүгүүсү үчүн зарыл шарт жана жөнөкөй эмес чечимдерди издөө үчүн мүмкүнчүлүк. Бала кезде башталган оюн өмүр бою адамды жандап жүрөт. Оюн балдар үчүн да, алар менен кошо ойногон улуулар үчүн да пайдалуу жана зарыл. Бала табиятынан эле ийкемдүү болгондуктан оюн ага дүйнөнү жана өзүн таанууга жардам берет. Улуулар болсо оюндун жардамы менен чыгармачылыкка болгон жөндөмдүүлүгүн сактап калышат.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, беш жашка чейинки курактагы 85 миллионго жакын бала мектепке чейинки билим берүү жетиштүү деңгээлде камсыздалбаган 32 өлкөдө жашайт. Ошондуктан ата-энелерге бул багытта маалымат берип, аларды балдарын оюн аркылуу өнүктүрүүгө тартуу зарыл. 

Биздин “Кербен” – бул ата-энелерге кайрылуу: балдарга мүмкүн болушунча көбүрөөк көңүл бургула. Бул өзгөчө эрте куракта өтө маанилүү, себеби мында баланын инсан катары калыптануусунун пайдубалы түптөлөт. Ал эми муну оюндардын жардамы менен кызыктуу жана натыйжалуу жасоого болот.

Мама учит дочку стрелять из лука ны Кырчыне
UNICEF Kyrgyzstan Мама учит дочку стрелять из лука ны Кырчыне

Биздин “Кербен” – бул ата-энелерге кайрылуу: балдарга мүмкүн болушунча көбүрөөк көңүл бургула. Бул өзгөчө эрте куракта өтө маанилүү, себеби мында баланын инсан катары калыптануусунун пайдубалы түптөлөт. Ал эми муну оюндардын жардамы менен кызыктуу жана натыйжалуу жасоого болот.

Баланын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн зарыл болгондун баары көчмөндөрдүн салттуу элдик оюндарында бар. Элдик оюндардын жеткиликтүү жана таасирдүүлүгү баланын ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн активдештирип, айланасындагы дүйнө тууралуу элесин кеңейтүүгө, психикалык процесстерди өнүктүрүүгө көмөктөшөт. “Кербен” маалында сиз бул улуттук оюндарды балдарыңыз менен кошо ойнойсуз, муну менен биздин маданиятыбыздын жана салт-санааларыбыздын эч кимге окшошпогон жана бай дүйнөсүн ача аласыз. Сиз унутта калган бала чагыңызга бир саамга болсо да кайтып барганыңызды сезесиз.   

Элдик оюндардын билим берүүчү дарамети өтө чоң. Алар элдин социалдык тажрыйбасын жаратат жана улуулар ошол тажрыйбаны балдарга өткөрүп беришет. Натыйжада балдардын дүйнө жана өз маданияты тууралуу элеси кеңейет.

Балдар кербенинде ар бир облустагы балдар жана улуулар 25 улуттук оюнга катыша алышат.

Дети рисуют во время Каравана детских игр в Базар-Коргоне
UNICEF Kyrgyzstan Children draw pictures during Caravan of Children's Games in Bazar-Korgon
Мальчик играет в национальную игру в городе Кант
UNICEF Kyrgyzstan A boy plays a national game in the city of Kant