III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Балдардын оюн кербени жолго чыкты

07 Июнь 2018
детский караван игр
UNICEF Kyrgyzstan

БИШКЕК, 2018-жылдын 4-июну – “Балдардын оюн кербени” долбоору ишин баштап, “Кербен” жолго чыкты. Аталган долбоорду БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), КР Өкмөтүнө караштуу ЖДМСМА, МИТМ III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Катчылык менен биргеликте уюштурган. “Кербен” барчу биринчи пункт – Кант шаары. Андан ары “Кербен” бардык облустарга багыт алып, өлкөнүн 14 шаарын жана айылдарын кыдырат. Бул сапар 30-июнда Бишкек шаарындагы иш-чара менен жыйынтыкталат. “Кербендин” толук календары жана картасы тиркелди.

“Бул жылы ЮНИСЕФ III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен биргеликте Кыргызстандын ар бир облусунда “Балдардын оюн кербенин” өткөрүп жатканыбызга кубанычтамын. Оюн – балдардын эрте куракта өнүгүүсү, анын ичинде эмоционалдык жактан, дене боюнун жана акыл-эсинин өнүгүүсү үчүн натыйжалуу ыкма. Ал эми баланын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн зарыл болгондун баары көчмөндөрдүн салттуу элдик оюндарында бар”, - деп белгиледи БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

“Мен Жапонияда төрөлүп, өскөм. Бизде да балдар силердегидей эле салттуу оюндарды оюндарды ойношот! Балдарды оюн аркылуу өнүктүрүү – бул ар бир өлкөдө универсалдуу ыкма, ошондой эле дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө ар бир бала үчүн өтө маанилүү”, - деп кошумчалады ал.

“Балдардын оюн кербени” маалында балдар жана алардын ата-энелери бири-бири менен таанышып, улуттук кыргыз оюндарын чогуу ойной алышат. Атайын тандалып алынган 25 оюн – бул балдар менен бирге кызыктуу жана эң негизгиси пайдалуу убакыт өткөрүү үчүн жардамчы болот. Көчмөндөрдүн салттуу элдик оюндарында баланын ийгиликтүү өнүүгүсү үчүн зарыл нерсенин баары бар. Бул оюндардын жеткиликтүү жана таасирдүүлүгү баланын ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн активдештирип, айланасындагы дүйнө тууралуу элесин кеңейтүүгө, психикалык процесстерди өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Биздин “Кербен” – бул ата-энелерге кайрылуу: балдарга мүмкүн болушунча көбүрөөк көңүл бургула. Бул өзгөчө эрте куракта өтө маанилүү, себеби мында баланын инсан катары калыптануусунун пайдубалы түптөлөт. Ал эми муну оюндардын жардамы менен кызыктуу жана натыйжалуу жасоого болот.

“Оюндар – көчмөндөрдүн маданиятын кайрадан калыбына келтирүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Элдик оюндардын гуманитардык, агартуучулук жана педагогикалык дарамети өтө чоң. Алар элдин социалдык тажрыйбасын жаратат жана улуулар ошол тажрыйбаны балдарга өткөрүп беришет”, - деп белгиледи III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова.

Балдардын оюн кербенинин календары жана маршруту

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващенко
Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: vvashchenko@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу:

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.