Бишкекте балдардын эрте өнүгүүсү боюнча Биринчи Улуттук форум өттү
- русский
- кыргызча
БИШКЕК, 2018-жылдын 16-майы – 15-16-май күндөрү Мамлекеттик резиденцияда “Балдардын эрте өнүгүүсүнүн мааниси жана адистердин келечеги” аттуу Биринчи Улуттук форум өттү. Аталган форум Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык фондунун жана Ага Хан Фондунун өнөктөштүгү менен Кыргызстан Өкмөтүнүн эгидасында өттү. Форумга Кыргызстандын алыскы аймактарындагы бала бакчалардын тарбиячылары жана директорлору, ата-энелер комитеттеринин мүчөлөрү, өкмөт өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышты. 400 адам катышкан форумду КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова ачты.
“Бардык өлкөлөрдө жакырчылыктын сазынан чыгуу жолдорунун бири – наристелердин эрте өнүгүүсү үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүүлөр”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева.
Форум балдардын эрте курактагы өнүгүүсүнүн маанисин жеткирүү жана бул багыттагы адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатын көздөдү. Балдардын жети жашка чейинки курагын адистер “сыйкырдуу” деп айтышат. Себеби бул мезгилде баланын өнүгүүсүнүн бардык өңүттөрүндө укмуштуудай өзгөрүүлөр болот. Бул курактагы балдардын ар тараптан өнүгүү процессинде атайын чөйрөнү түзгөн адамдар чечүүчү ролду ойнойт. Жарык дүйнөгө келгенден тартып үч жашка чейинки куракта баланын дене боюнда, акыл-эсинде, эмоционалдык жана социалдык өнүгүүсүндө өзгөрүүлөр өзгөчө тездик менен болот. Бул куракта наристенин мээси өзгөчө активдүү өсүп-өнүгөт. Ошол себептен баланын өнүгүүсүнө мүмкүн болушунча эртерээк аралашуу абдан маанилүү маселе.
“Кыргызстанда 2 миллиондон ашуун бала жашайт. Бул болсо калктын дээрлик 40 пайызын түзөт. Балдарга жасалган инвестициялар абдан маанилүү. Баланын өнүгүүсүнө инвестиция жасалган ар бир доллар болжол менен 7 доллардык киреше алып келет. Себеби билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы жыйынтыктар оңолот, кылмыштуулуктун деңгээли төмөндөйт. Балдарга эрте куракта жасалган инвестициялар адамдардын жекече жылдык кирешесин дээрлик 25 пайызга жакшыртат”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.
Балдардын эрте куракта өнүгүү процессинде мугалимдер жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө иштеген башка кесипкөйлөр маанилүү ролду ойнойт. Бирок Кыргызстанда мугалимдердин 20 пайызында гана бала бакчада иштөө үчүн талап кылынган билими бар. Мугалимдердин басымдуу бөлүгү эч качан талап кылынган окуудан өткөн эмес. КР Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген стандарттар болгону менен, көпчүлүк балдар мындан пайда көрбөйт.
Форумда бул тармакта адистер арасында түйүндү түзүү боюнча кадамдар талкууланды. Бул өзгөчө аярлуу балдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында адистердин кесипкөйлүгүн жакшыртат.
“Балдардын эрте куракта өнүгүүсү – бул адамдын өнүгүүсүндө абдан жооптуу мезгил. Нейробиология, генетика, тамактануу жана балдардын өнүгүүсү багытында бир катар алдыңкы изилдөөлөр, анын ичинде Ага Хан өнүктүрүү түйүнүнүн программаларынын алкагында жүргүзүлгөн изилдөөлөр да бул фактты тастыктап келатат. Наристелердин өнүгүүсүнө жасалган инвестициялар адамдарга да, финансылык жактан алганда да өтө чоң пайда берет. Бул Форум балдардын өнүгүүсүнө салым жасоого умтулган бардык кызыкдар адамдардын диалогу үчүн шарт түзгөн аянтча болуп берет деп ишенебиз”, - деп белгиледи Ага Хан Фондунун Кыргыз Республикасындагы директору Жамиль Уддин.
Мындан тышкары Кыргызстандан жана Тажикстандан келген мугалимдер жана тарбиячылар тынчтык куруу жана эрте өнүгүү боюнча тренингден өттү. Бул тренингди Улуу Британиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен ЮНИСЕФ уюштурган. Педагогдордун компетенттүүлүгүн кеңейтүү үчүн Түндүк Ирландиядан жана Улуу Британиядан “Early Years” уюмунун тренерлери келди. Алар балдарда жана ата-энелерде тынчтык жаратуучулук аң-сезимди калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн окутуунун усулдарына үйрөтүштү. Бул болсо Борбор Азиядагы тынчтык куруу процессин бекемдөө максатында эрте жана мектепке чейинки курактын мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү колдонууну камсыз кылат. Балдардын майыптуулугун мүмкүн болушунча эртерээк аныктап, аларга жана ата-энесине сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн тарбиячылар, медициналык жана социалдык кызматкерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү үчүн тренинг өтүп жатат.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ тууралуу
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.