Кыргызстан райондук деңгээлде мектептерге жана мугалимдерге колдоону күчөтүү менен билим берүү реформаларын сүрөөдө
- English
- кыргызча
Бишкек, 25-июнь 2026 – Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, мектептердин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү ушул аптада чогулушту. Алар Бишкекте мугалимдерди жана мектептерди колдоо боюнча райондук деңгээлдеги дараметти аныктоо үчүн жүргүзүлгөн биринчи улуттук баалоонун жыйынтыктарын талкуулашты.
Бул семинар “Алтын Казык” программасынын алкагында Кыргызстандагы билим берүүнү реформалоодо маанилүү кадам болуп саналат. Семинар изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын райондук деңгээлде мектептерди колдоону күчөтүү боюнча практикалык чараларга айландыруу менен фактылардан иш-аракеттерге өтүү максатын көздөйт.
Райондук билим берүү бөлүмдөрү улуттук билим берүү саясатын класстагы практика менен байланыштырууда чечүүчү ролду ойнойт. Кыргызстан масштабдуу реформаларды жүргүзүп жаткан чакта, анын ичинде 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, окуу программаларын жаңылоо жана административдик-аймактык реформа райондун деңгээлинде дараметти бекемдөө ар бир мектептин жана ар бир баланын реформаларга камтылышын камсыз кылуу зарыл.
Билим берүү жаатындагы глобалдык өнөктөштүктүн (GPE) системалуу дараметти өнүктүрүү боюнча грантынын колдоосу менен ЮНИСЕФ ЮНЕСКОнун Билим берүүнү пландаштыруунун эл аралык институту (IIEP-UNESCO) жана Evidence Central Asia уюму менен биргеликте билим берүүнү башкаруунун райондук органдарынын ишине улуттук баалоо жүргүзүштү. Изилдөөдө мектептерди жана мугалимдерди натыйжалуу колдоо үчүн зарыл болгон институционалдык дарамет, кадрдык ресурстар, кесиптик колдоо системалары жана координациялоо механизмдери каралган.
“Билим берүү реформалары ар бир класска жеткенде гана ийгиликтүү болот. Райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн көндүмдөрүн бекемдөө мугалимдерди колдоону күчөтүп, билим берүүнүн сапатын жакшыртып, ар бир бала үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүү дегенди билдирет”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Лейла Хасанова.
Үч күндүк семинардын жүрүшүндө Агартуу министрлигинин, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, мектептердин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуучулары изилдөөнүн жыйынтыктарын карап чыгып, мугалимдерге усулдук колдоону күчөтүү жана окутуунун жыйынтыктарын жакшыртуу боюнча артыкчылыктуу иш-аракеттерди аныкташты.
Семинарда “Алтын Казык” программасындагы реформаларга шайкеш келген артыкчылыктуу реформаларды, институционалдык милдеттерди, кыска жана орто мөөнөттүү практикалык иш-аракеттерди аныктаган жол картасы талкууланды. Алынган жыйынтыктар ошондой эле өкмөт жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр колдогон билим берүүгө келечектеги инвестицияларды пландаштырууга жардам берет.
ЮНИСЕФ ар бир мугалим зарыл колдоону алган, ал эми ар бир бала окууга, өнүгүүгө жана өзүнүн дараметин толук ачууга мүмкүнчүлүк алган билим берүү системасын курууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн мурдагыдай эле колдой бермекчи.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ жөнүндө
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.