Гуманитардык жардам
ЮНИСЕФ өзгөчө кырдаалдар учурунда балдарды коргоонун жана аларга жардам берүүнүн үстүнөн иштейт. Бул үчүн биринчи кезекте зарыл болгон буюмдарды берет, психологиялык колдоо көрсөтөт жана коопсуз мектептер үчүн шарттарды түзөт.
Маселе
Кыргызстан чөлкөмөдө климаттык жактан аярлуу жана табигый кырсыктар көп болуп турган өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Жер көчкү жана суу ташкындары көп болуп, адамдардын өмүрүн алып кетүүдө жана финансылык чыгымдарга дуушар кылат. 2015-2020-жылдар аралыгында ар түрдүү 412 табигый кырсык болгон. Кургакчылык барган сайын көп болууда.
Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүндө катуу жер титирөө коркунучу бар. Өлкө Борбордук Азиядагы сейсмикалык жактан коркунучтуу аймактардын катарына кирет, жыл сайын орто эсеп менен 300 жер титирөө катталып турат.
Фергана өрөөнүндөгү кырдаал туруксуз бойдон кала берүүдө. Бул чөлкөмдө ар кандай этностук топтор жашайт, калктын жыштыгы жогору, жумушсуздук, эмгек миграциясы, суунун жана жердин айынан коңшу өлкөлөр менен чек арадагы чыңалуу – бул келечектеги программаларда жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкта эске алынуучу өтө маанилүү тобокелдиктер.
2022-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда болгон чек арадагы жаңжал азыркы чыңалуу адам курмандыктары жана гуманитардык кризис менен коштолгон катаал жаңжалга кантип тез айланып кетээрин көрсөттү.
Өлкөнүн дээрлик 7 миллион тургуну сыяктуу эле, 1,5 миллион бала да ар кандай тобокелдиктерден улам аярлуу абалда калып жатат. Бул көйгөйлөр коопсуздук эрежелерин начар сактоо, чабал даярдык жана керектүү технологияларга жеткиликтүүлүктүн чектелиши сыяктуу факторлордон келип чыгууда.
Чечим
Тилекке каршы, техногендик же табигый кырсыктарды толугу менен болтурбай коюу же алдын алуу кыйын. Бирок, даярдык бул тобокелдиктерди, анын кесепеттерин азайтууга жана курмандыктардын санын кыскартууга жардам берет.
Акыркы 30 жылдын ичинде ЮНИСЕФ табигый да, техногендик да мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу жана аларга даярдык көрүү боюнча Кыргызстандын алдыңкы өнөктөштөрүнүн бири болуп калды. Биз өкмөт жана жарандык коом менен координациялоодо балдардын, жаштардын жана жамааттардын даярдыгын жана туруктуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп келебиз. Бул чараларга тиешелүү персоналды окутуу, зарыл буюмдарды сатып алуу жана тиешелүү саясатты өркүндөтүү кирет.
Табигый кырсыктардын, өзгөчө жер титирөөлөрдүн жогорку тобокелдигине байланыштуу ЮНИСЕФ Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай Коому менен биргеликте мектептердин табигый кырсыктарга даярдыгын жогорулатуу боюнча ишти улантууда. Биз 1 миллионго жакын окуучуну өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууга үйрөттүк. Бул күч-аракеттерге өлкө боюнча дээрлик 2000 мектепте симуляциялык машыгуулар кирет.
Жалпысынан мектеп администрациясынын 27 013 кызматкери өзгөчө кырдаалдар тууралуу билимдерин жана көндүмдөрүн өнүктүрө алышты, муну алар табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу ыкмаларына үйрөнүү, климаттын өзгөрүүсүнө даярдануу жана ыңгайлашуу, ошондой эле биринчи жардам көрсөтүү аркылуу өздөштүрүштү.
Алар кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жөнүндө, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда эмнелерди кылыш керектиги жана жергиликтүү табигый кырсыктарга туруштук берүү боюнча маалыматтарды алышты.
Гуманитардык жардам тууралуу айта турган болсок, ЮНИСЕФ зарыл материалдарды берүү менен бардык ири кризистерге жооп кайтарууга көмөктөшөт. Мисалы, 2024-жылы суу ташкынынан жана жер көчкүдөн жабыркаган 4500гө жакын адам атайын гигиеналык комплекттерди алышкан, анын ичинде самын, памперс, жуугуч каражаттар жана башка предметтер бар. Булардын баары балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн керектөөлөрүн жабууга, ошондой эле алардын ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет.