Суу, санитария жана гигиена

Кыргызстан талаптагыдай санитарияны жана гигиенаны нормага айландырууга умтулууда

окуучу кыз колун жууп жатат
ЮНИСЕФ

Маселе

2023-жылдагы Көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, калктын болжол менен төрт пайызы таза сууга жетпейт жана анын ордуна кооптуу ачык көлмөктөн суу алышат. Ичүүчү суунун негизги кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк айыл райондоруна салыштырмалуу шаардык шарттарда бир аз жакшыраак. Эң жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында (100%) жана эң төмөн көрсөткүч Баткен облусунда (82%). Шаарларда жана айылдарда ичүүчү суунун негизги булактары – дарыялар, суу сактагычтар, терең артезиан скважиналары, каналдар жана башка объекттер.

Орточо алганда Кыргызстан боюнча кожолуктардын 20 пайызга жакыны борбордоштурулган канализация системаларына кошулган. 

Алар негизинен Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусу сыяктуу ири шаарлашкан райондордо жеткиликтүү. Өлкөнүн калкынын басымдуу бөлүгү септикалык чуңкурлар сыяктуу жергиликтүү канализация каражаттарына ишенишет.

Айрым калктуу конуштарда иштеп жаткан канализация системалары эскиргендиктен жана капиталдык салымдардын жоктугунан улам калыбына келтирүүгө же реконструкциялоого өтө муктаж.

кыз суу ичип жатат
ЮНИСЕФ

Элет жергесинде канализация системасына туташкан мектептер жана медициналык мекемелер сыяктуу турак жай жана коомдук имараттар өтө эле аз. 

Айылдарда канализация системасынын жетишсиздигинен улам мектептердин ичинде дааратканалар жокко эсе. Көптөгөн мамлекеттик мектептерде ысык суу жок. Мындай факторлор калктын саламаттыгына олуттуу коркунуч жаратып, өзгөчө балдар арасында жугуштуу оорулардын чыгышына шарт түзүшү ыктымал.

Мектептердеги сууга, санитарияга жана гигиенага байланышкан кырдаал өспүрүм кыздарды өзгөчө тынчсыздандырат. Мектептердин көбүндөгү дааратканалар инклюзивдүүлүк жана гендердик критерийлерге жооп бербейт, кыздар өз алдынча боло алышпайт жана коопсуз эмес, мындан улам өспүрүм кыздар мектепте дааратканага киргенден качышат. Дааратканалардын адатта башкы имараттын сыртында жайгашканы кыздардын ыдык көрүү тобокелдигин курчутуп жатат.

Кол жуугучтар бар болсо да, алар дааратканалардын жанында ыңгайсыз жайгашкандыктан, балдар арасында коопсуз гигиенаны сактоого тоскоол болуп жатат.

Коопсуз сууга жетүүнүн жана жакшыртылган санитардык шарттардын жоктугу Кыргызстандагы маргиналдашкан жамааттар үчүн курч көйгөй болуп саналат жана бул алардын социалдык аяр абалын тереңдетүүдө. Суу менен жабдуу жана канализация инфраструктурасы олуттуу ремонтту талап кылууда. Суу, санитария жана гигиенага байланыштуу улуттук саясат негизинен ири системаларга багытталган жана мектептерде ал үчүн кандайдыр бир конкреттүү саясат же координациялаган орган жок. Айылдык мектептерде, кыязы, бул жаатта каражаттарына жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү же таптакыр жок болот.

Чечим

Акыркы жылдары биз суу менен жабдуунун жана канализациянын ишенимдүүлүгүнө жана сапатына, коомдук саламаттык сактоо жана гигиена боюнча маалымдуулукка жана практикасына байланышкан көптөн бери келе жаткан көйгөйлөрдү аныктаган баалоолорду жүргүзүүгө жардам бердик. Биз инфраструктураны жакшыртуу, медициналык кызматкерлерди жана башка адистерди окутуу жана маалыматтык өнөктүктөр аркылуу гигиена практикасын жайылтуу үчүн өкмөт жана жарандык коом менен кызматташтык.

Бул талаптагыдай түрдө тазаланган сууга жеткиликтүүлүккө, сууга байланыштуу ден соолук көрсөткүчтөрүн жакшыртууга жана инфраструктураны жакшыртууга карата көзгө илинээрлик айрым бир жыйынтыктарга жетишүүгө жардам берди.

Улуттук деңгээлде ЮНИСЕФ суу, санитария жана гигиена стандарттарындагы жана долбоорлорундагы боштуктарды жана кемчиликтерди жоюуда, ошондой эле колдонуудагы инфраструктуранын туруктуулугун камсыздоодо өкмөттү колдоп келет. Өлкө боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында өткөрүлүп жаткан өнөктүктөр санитария жана гигиена маселелерин талкуулоону колдойт.

жайлоодо кыз кол жууп жатат
ЮНИСЕФ

Жакында эле Кыргызстандагы мыйзамдарга жасалган сереп көрсөткөндөй, мектептерде ССГга тиешелүү мыйзамдар, эрежелер жана ченемдер жетиштүү. Жалпысынан бул сектордогу өлкөнүн мыйзамдары кабыл алынган эл аралык стандарттарга жана практикага шайкеш келет.

Биз ошондой эле бүткүл Кыргызстан боюнча масштабда натыйжалуу ишке ашырыла турган мектептер үчүн инфраструктуралык чечимдерди иштеп чыгуунун үстүнөн да иштеп жатабыз. 

Мындай чечимдердин бири – жергиликтүү реалдуулукка ылайыкташтырылган мектептеги дааратканалардын модели. Бул моделдер алардын жеткиликтүүлүгүн кепилдөө үчүн баалоодон өткөн.

Мындан тышкары, ЮНИСЕФ “төмөндөн жогору карай” ыкмасын колдонуу менен талаптагыдай санитария жана гигиена боюнча социалдык ченемдерди түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. ЮНИСЕФ жергиликтүү контекстти эске алуу менен иштелип чыккан айрым мектептердеги гигиенанын стандарттарын жогорулатуу боюнча чараларды көрүп, балдар, ата-энелер жана мугалимдер үчүн окуу материалдарын берип турат.