Билим берүү системасын өнүктүрүү
ЮНИСЕФ бардык балдар мектепке барып, билимин жана өз дараметин толук кандуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн иштейт
Маселе
Бир нече көрсөткүчтөр боюнча акыркы кластердик изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда башталгыч жана негзги орто билимге жетүүнүн жогорку деңгээли сакталууда – ал 98 пайыздан ашат. Бирок 9-класстан кийин кыздар менен эркек балдар мектепти таштай башташат. Балдар орто мектептин жогорку деңгээлине (10-11-класстарга) жакындай баштаганда, эркек балдардын катышуу деңгээли 84 пайызга, ал эми кыздардыкы 90 пайызга чейин төмөндөйт.
Билим берүү системасынын балдардын мектепке кабыл алынышын жана баруусун каттап, мониторинг жүргүзүү үчүн, же класстарда окутуунун жана окуунун сапатына, ошондой эле мектепке келбей калуусун аныктоого мониторинг жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Бул окуудагы начар жыйынтыктарга себепчи болууда.
4-класстын жана 8-класстын окуучулары арасында жакында эле жүргүзүлгөн улуттук тестирлөө көрсөткөндөй, окуучулардын жарымына жакыны гана негизги окуу көндүмдөрүн, математика жана табигый илимдеги билимдерин көрсөтө алган. Окуудагы мындай төмөн жыйынтыктар акыркы 15 жылда жүргүзүлгөн буга чейинки тестирлөөнүн, анын ичинде Окуучулардын билимин баалоонун эл аралык программасынын (PISA) тесттеринен да байкалат.
Кыргызстанда билим берүүдө орун алган узак мөөнөттүү кризис билим берүүнүн сапатына, мугалимдердин квалификациясына жана педагогикалык ыкмаларга, ошондой эле балдардын турмушка натыйжалуу жана жемиштүү катышуусуна мүмкүндүк бере турган негизги билимдерди жана компетенцияларды алуу жөндөмдүүлүгүнө тиешелүү олуттуу тынчсызданууну жаратууда.
Сапаттуу билим болбогондуктан, балдар бойго жеткен куракта жумушка орношууда олуттуу тоскоолдуктарга туш болуп жатышат. Алар ден соолук үчүн жагымсыз кесепеттерден жабыркайт деген ыктымалдуулук жогору жана өздөрүнө жана коомуна жакшы келечекти түптөө жөндөмүнө доо кетирип, аларга таасир эткен чечимдерге азыраак катышышат.
Билим берүү мектепке барбаган же мектепти таштап кетүү тобокелдиги бар балдар үчүн, ошондой эле жакырчылыкта жашаган балдар сыяктуу, алар көзөмөлдөнбөгөн жагдайлардан жабыркаган жакыр жамааттарда жашаган балдар; мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар; боюнун өсүүсү кечеңдегенден, миграциядан, зордук-зомбулуктан же эрте никеден жабыркаган балдар; жана тилдин айынан азчылык топторуна кирген балдар үчүн өзгөчө маанилүү.
Чечим
ЮНИСЕФ билим берүү чөйрөсүндө Кыргызстандын алдыңкы өнөктөшү болуп саналат. Көп жылдар бою биз инфраструктураны жакшыртууга, мугалимдерди окутууга, өнүктүрүүгө жардам берип келдик. Биз Билим берүү жана илим министрлиги жана анын өнөктөштөрү менен бардык балдарга жана өспүрүмдөргө, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга эрте жашынан баштап инклюзивдүү сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуунун үстүнөн иштеп келатабыз.
Кыргызстан 11 жылдык окуу моделинен 12 жылга чейинки билим берүү системасына өтүп жаткандыктан, мектеп жетекчилеринин, мугалимдердин жана билим берүү тармагындагы башка кызыкдар тараптардын кесиптик жактан туруктуу өнүгүүсү абдан маанилүү. ЮНИСЕФ бул маанилүү реформада мектеп директорлору жана мугалимдер борбордук ролду ойноорун мойнуна алат. Аларды колдоо максатында биз аларды мүмкүн болушунча консультацияга жигердүү тартабыз жана педагогикалык лидерлик жаатындагы дараметин, ошондой эле насаатчылык жана өз ара колдоо тармактарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берип келебиз.
Бул иш райондук билим берүү адистери жана райондук педагогикалык жетекчилер сыяктуу орто звенодогу адистердин дараметин өнүктүрүү менен айкалыштырылат. Алар борбордук саясат менен класста окутууну байланыштырган чынжыр катары кызмат кылышат.
Мындай мүмкүнчүлүктөр элет жергесиндеги директорлор жана мугалимдер үчүн өзгөчө маанилүү, себеби алар жаңы педагогикаларга жана алдыңкы тажрыйбаларга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, өздөрүн билим берүү тармактарынан обочолонгондой сезишет.
ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлиги менен иштешип, мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мектептер үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын жогорулатуунун үстүндө иш алып барууда. Мында компетенттүү билим берүүгө жана гендердик теңчилик, инклюзивдүүлүк жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук принциптерине көбүрөөк көңүл бурулат. Окуу программаларын реформалоону колдоо менен ЮНИСЕФ окутуу ыкмаларын модернизациялоого жана балдарды окутуунун, өзгөчө негизги сабаттуулук, санай билүү жана өткөрүп берилүүчү көндүмдөр жаатында жыйынтыктарын жакшыртууга умтулат.
Мындан тышкары, биз жаштарга коомдун жигердүү жана кызыкдар мүчөсү болууга мүмкүнчүлүк берип, алардын турмуштук көндүмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүүгө жардам берген саясатты жана стратегияларды бекемдөө максатында өкмөт жана жарандык коом менен да кызматташып келебиз.
Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүнө жардам берүүдө ЮНИСЕФтин негизги максаты кеңири масштабда сабак өтүүнүн жана окутуунун сапатын жакшыртуу болуп саналат. Билим берүү саясатын жана улуттук стандарттарды өркүндөтүүдө өкмөткө колдоо көрсөткөндөн тышкары, ЮНИСЕФ билим берүүнүн райондук аткаминерлердин, педагогикалык жетекчилердин, мектеп директорлорунун жана мугалимдердин дараметин чыңдоого өзгөчө көңүл бурат. Насаатчылык жана өз ара колдоо тармактарын түзүүгө көмөктөшүү менен ЮНИСЕФ окутуунун ыкмаларын жана окуучулардын билим алуудагы жыйынтыктарын туруктуу негизде жакшыртууну камсыз кылууга умтулат.
Пайдалуу шилтемелер
- Partnership Compact
- Kyrgyzstan’s joint efforts towards the country commitments to the United Nations Transforming Education Summit and the Joint Sector Review
- Education Joint Sector Review in the Kyrgyz Republic
- Мектепке барбаган балдар жөнүндө инфографика
- Бишкек шаарындагы 11 жаңы конуштун мисалында мектепке барбаган балдар
- "Мектепке барбаган балдар" глобалдык демилге
- Тарбиялык сааттардын жана класстан тышкаркы иш-чаралардын иштелмелери
- Ар бир балага билим берүү
- Билим берүүчү уюмдардын маалымат банкы