Климаттын өзгөрүүсү

Климаттын өзгөрүүсү балдардын ден соолугуна жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурат, алардын өсүү, окуу жана өнүгүү жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет

Ата-бала
ЮНИСЕФ

Маселе

Кыргызстан тоолуу чөлкөмдө жайгашкандыктан, ар кандай климаттык жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерине, анын ичинде жер титирөөлөргө, суу ташкындарына, жер көчкүлөргө жана кар көчкүлөргө туш болуп келет. Климаттын өзгөрүүсү да бул кырдаалды курчутууда.

Фергана өрөөнү сыяктуу аярлуу аймактарда да жер көчкүлөр жана суу ташкындары көп болот, ал эми айрым райондордо мөңгүлүү көлдөрдүн ачылышынан улам кар көчкү жана суу каптоо тобокелдиги жогору. Өрт жана абанын булганышы өзгөчө борбор Бишкек сыяктуу шаардын борборлорунда балдардын бакубатчылыгына коркунуч жаратууда.

Акыркы жылдары Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүнөн улам бул табигый кырсыктардын жыштыгынын жана масштабынын кескин көбөйүшүнө күбө болууда. Чындыгында эле, азыр өлкөдө жыл сайын 3000ден 5000ге чейин табигый кырсык болуп турат. Бул коркунучтар адамдардын өмүрүн алып, инфраструктуранын бузулушуна жана маанилүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн иштебей калышына алып келүүдө.

Айыл чарбасы жана энергетика үчүн эриген мөңгү суусуна көз карандылыктын жогору болушу, элет жергелеринде жашоо үчүн жаратылыш ресурстарынын мааниси жана сууну сордуруу үчүн энергияга болгон муктаждык өлкө боюнча балдардын саламаттыгына, билим алуусуна, тамактануусуна коркунуч жаратууда.

Бул тобокелдиктерди климаттын өзгөрүүсү курчутуп, мунун натыйжасында балдардын бакубатчылыгына реалдуу коркунуч жаралып жатат. Аларга вирус аркылуу жугуучу оорулар, жетишсиз тамактануу жана диарея; абанын булганышынан улам пайда болгон респиратордук инфекциялар; жана суу ташкыны жана жер көчкү менен байланышкан физикалык коркунучтар кирет.

тэцтин жанында ойноп жаткан бала
ЮНИСЕФ

Бул коркунучтар балдарга өмүр бою терс кесепетин тийгизет, анын ичинде физикалык жана когнитивдик өнүгүүсүнө бут тосот, ошондой эле психикалык жана физикалык саламаттыкка залал келтирип, мунун натыйжасында киреше табуу дарамети да төмөн болот.

Бул тенденциялар климат өзгөргөн сайын начарлап отуруп, натыйжада көбүрөөк бала жакшы шарттардан куру калып, алардын кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү коркунучта болот. Климаттын өзгөрүүсү балдарга кызмат көрсөтүүлөргө инвестициялоо үчүн республикалык бюджеттин кыскарышынан жана мамлекеттик жардамга муктаж балдардын санынын көбөйүшүнөн улам балдар үчүн кырдаалды начарлатышы мүмкүн.

Балдардын укуктарын жана бакубатчылыгын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мектептер, медициналык борборлор жана социалдык колдоо кызматтары сыяктуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, айрыкча айыл жеринде жана шаар четиндеги конуштарда жетишсиз каржыланууда. Мындай кырдаал суу жана энергетикалык ресурстар тартыш болуп, мамлекеттик каржылоону бөлүштүрүү үчүн атаандаштык күчөгөн сайын начарлашы мүмкүн.

Чечим

Климаттын өзгөрүүсү, айлана-чөйрө жана энергетика боюнча көптөгөн долбоорлор балдардын жашоосун жакшыртуучу иш-чараларды камтыса да, бул инвестициялардын аз гана бөлүгү балдар үчүн атайын иштелип чыккан. Бирок, балдар өлкөнүн калкынын дээрлик 40 пайызын түзгөндүктөн, бул инвестициялар пландоонун, мониторингдин жана отчеттуулуктун жүрүшүндө балдардын кызыкчылыктарын эске алган көрсөткүчтөрдү көбүрөөк камтууга тийиш.

Кийинки муун климаттын өзгөрүүлөрүнө туруктуу жана экологиялык жактан таза болушу үчүн биз азыртадан балдарга инвестиция салышыбыз керек!

1991-жылы эгемендик алгандан бери климаттын өзгөрүүсүнө жана айлана-чөйрөгө байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө өкмөттөн, өнүктүрүү банктарынан, көп тараптуу жана эки тараптуу булактардан салынган инвестициялар 200 миллион АКШ долларынан ашты. Инвестициялар негизинен айыл чарбасы, суу чарбасы жана жаратылыш ресурстарын башкаруу секторлоруна багытталган.

Бул аярлуу секторлор кылдаттык менен тандалып алынса да, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттеринин алдында эң алсыз топ катары балдарда адатта мындай көңүл бурулбайт. ЮНИСЕФ бул кемчиликти четтетип, климаттын өзгөрүүсү жана айлана-чөйрө боюнча учурдагы жана келечектеги программаларда балдардын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө жигердүү болушун, алардын үнү башкаларга жетип, муктаждыктары канааттандырылышын камсыз кылууда абдан маанилүү ролду ойнойт.

ЮНИСЕФ энергетикалык, суу, экономикалык кырдаалдын начарлоо коркунучунан улам климаттын өзгөрүшүнүн жана айлана-чөйрөнүн булганышынын балдарга тийгизген таасири тууралуу фактыларды чогултууда. Бул маалыматтарды климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу балдардын кызыкчылыктарын эсепке алган саясатты пландоодо, иштеп чыгууда жана каржылоодо өкмөттүк жана өкмөттүк эмес катышуучуларды колдойт.

Тоолук бала
ЮНИСЕФ

Мисалы, жакында эле ЮНИСЕФ жүргүзгөн изилдөө жаңы төрөлгөн ымыркайлар, балдар жана кош бойлуу аялдар Кыргызстандын борбору Бишкекте абанын булгануусу өңдүү кырдаалда өзгөчө алсыз экенин көрсөттү. Бишкек мэриясы, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн изилдөө кош бойлуулук учурунда жана бала төрөлгөн алгачкы жылы абанын булгануусунун таасирин азайтуу боюнча сунуштарды камтыйт.

ЮНИСЕФтин сунуштары Бишкектеги абанын сапатын жакшыртуу боюнча 2024-2025-жылдарга карата артыкчылыктуу чаралардын планын кабыл алууга көмөктөштү. План транспорт жана жылытуу сыяктуу абаны булгоочу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуунун, абанын булганышына мониторингди жана анализди жакшыртуунун, жашылдандыруу боюнча демилгелерин ишке ашыруунун жана таштандыларды башкаруу системасын өнүктүрүүнүн эсебинен абанын сапатын жакшыртууга багытталган.

Улуттук деңгээлде ЮНИСЕФ саламаттык сактоо жана айлана-чөйрө боюнча жумушчу топту түзүүнү колдоп берди, ага Саламаттык сактоо министрлигинин, айлана-чөйрө жана транспорт министрлигинин, ошондой эле академиялык коомчулуктун өкүлдөрү кирди.

ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Ош шаарындагы медициналык жана билим берүү мекемелеринде абанын булгануусуна байланышкан ден соолукка тобокелдиктерди өлчөө боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатат.