Балдарды коргоо

Ар бир бала зомбулук көрбөстөн, эксплуатациялоосуз жана таш боор мамиледен азап чекпестен жашоого укуктуу.

mother holds her child
UNICEF Kazakhstan

Маселе

Кыргызстанда балдарды тарбиялоодо катаал  чаралар колдонулган учурлар азайып баратканы ачык байкалганы менен жалпы жонунан ала келгенде көрсөткүчтөр кооптуу бойдон кала берүүдө. 2023-жылы көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөгө (MICS) ылайык, Кыргызстандагы балдардын 65 пайызы үйүндө тарбиялоонун катаал чараларына дуушар болушат. Психологиялык агрессия катаал жазанын эң кеңири таралган түрү болгонуна карабастан, балдардын 37 пайызга жакыны физикалык жазага кабылышат.

Балдарга карата зомбулук алардын бакубатчылыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Зомбулуктун курмандыгы болгон балдар жана өспүрүмдөр ден соолугу үчүн зыяндуу жүрүм-турумга көбүрөөк кабылышат, психикалык саламаттыгына жана физикалык абалына байланыштуу көйгөйлөр келип чыгат. 

Алар мектепте жакшы билим ала албашы ыктымал. Мындай балдар бойго жеткенде башка адамдар менен ишенимдүү жана камкор мамилелерди түзүүдө кыйынчылыктарга туш болушат. Мындан тышкары, алар өздөрү да зомбулук аракеттерине көбүрөөк ыкташат.

Дагы бир маанилүү маселе – балдардын никеси. Кыргызстанда бул зыяндуу практика барган сайын туруктуу негизде төмөндөп жатканы байкалганы менен, MICS маалыматтары көрсөткөндөй, 20-24 жаштагы дээрлик ар бир онунчу аял 18 жашка толо электе эле турмушка чыккан. Ушул тапта 15тен 19 жашка чейинки курактагы кыздардын 7 пайызга жакыны турмуш курган.

children at a ruined house
UNICEF Kyrgyzstan

Кыргызстанда балдарга карата жыныстык зомбулуктун расмий катталган учурлары аз: 2018-жылы 138 учур, 2020-жылы 236 учур жана 2022-жылы 162 учур катталган. Белгилүү болгондой, балдарга карата жыныстык зомбулук болгон учурда балдар бул тууралуу айткандан уялып же коркконунан улам бул кылмыштар билинбей, жаап-жашырылып кала берүүдө – көпчүлүк учурларда кылмышка айыптуу адамдарды бала тааныйт. Жабырлануучуларды күнөөлөө жана айыптоо да кошумча тоскоолдуктарды жаратат, себеби балдар мындай айыптоолорду үйүндө же айланасында, болбосо жаңылыктардан угуп калышат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматтары көрсөткөндөй, дээрлик 10 миң бала интернаттык мекемелерде жашайт (2023-жылга карата маалымат). Алардын басымдуу бөлүгү – майыптыгы бар балдар, алардын үй-бүлөлөрү башка жолун көрбөгөндүктөн мындай балдарды интернаттык мекемелерге калтырышат. Жакырчылык менен күрөшүп жашаган же майып баласы үчүн колдоо издеген үй-бүлөлөр үчүн интернат аларга жалгыз социалдык кызмат көрсөткөн жерге айланышы мүмкүн.

Кыргызстанда жашы жете электерге карата чыгарылган өкүмдөрдүн саны акыркы 20 жылдын ичинде 92 пайызга кыскарды: 2005-жылы 178 болсо, 2024-жылдын мартына карата 13 бала гана сот жазасына тартылган. Бул жашы жете элек тартип бузуучуларга таасир эткен, мыйзамдарга киргизилген түзөтүүлөрдүн тикелей жыйынтыгы болуп калды. Бирок, альтернативалык жол-жоболорду жөнгө салуучу мыйзамдарга байланыштуу көйгөйлөр дагы деле болсо бар, бул ыкма жаштарды сот адилеттигинен көзөмөлдөө жана колдоо системасына багыттоо максатын көздөйт. Мыйзам менен чатагы бар балдарды өз жамааттарына реинтеграциялоо дагы бир маанилүү көйгөй болуп саналат. Бул көйгөй жамааттын же муниципалитеттердин деңгээлинде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жоктугунан улам тереңдеп жатат.

Миграция таасирин тийгизген балдардын саны олуттуу: 2018-жылга карата маалыматтар боюнча атасы да, энеси да миграцияга кеткен балдардын саны 99 миң болгон, ал эми атасы, же апасы чет өлкөдө жүргөн балдардын саны 277 миңге жеткен. 2023-жылы чыккан МИКСтин маалыматтары көрсөткөндөй, 15-49 жаш курактагы аялдардын 48,8 пайызы акыркы 10 жылдын ичинде өлкөнүн ичинде же сыртында миграцияда болушкан.

Глобалдык маалыматтар үй-бүлөдөгү катаал тартип гендердик-өнөктөштүктөгү зомбулук менен байланышта экенин көрсөтүп турат. Бул балдарды коргоо маселеси гендердик зомбулук көйгөйлөрүн чечүү менен айкалыштырылышы керек дегенди билдирет.

Чечим

ЮНИСЕФ Баланын укуктары жөнүндө Конвенция жана Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Конвенция сыяктуу эл аралык стандарттарга шайкештикти камсыз кылуу менен бул чөйрөдө Кыргызстандын мыйзам чыгаруу базасын жана саясий негиздерин өркүндөтүүнүн үстүндө иш алып барууда. Бул иштин бир бөлүгү укуктук карама-каршылыктарды жоюуга байланыштуу, себеби алар балдарды түз жолго салуу үчүн абакта кармоонун ордуна альтерантивалык ыкмаларды колдонууга таасирин тийгизүүдө.

Ошондой эле социалдык кызматкерлердин ар кандай категорияларынын функцияларын жана милдеттерин аныктаган мыйзамдарды тактоо жаатында да аракеттер көрүлүүдө. ЮНИСЕФ балдарды өз үй-бүлөсүндө же үй-бүлөлүк шартта калтырууга багытталган балдарды кам көрүү системасын реформалоодо Кыргызстандын өкмөтү менен кызматташып келатат. Мындан тышкары, социалдык кызмат көрсөтүүлөр үй-бүлөлөрдүн социалдык да, экономикалык да керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган жаңы коопсуздук планына киргизилип жатат.

Жыйынтыктап айтканда, ЮНИСЕФ социалдык саясат чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн кийинки он жылдыкка анын түзүмүн түптөө менен Кыргызстандагы балдарды коргоо системасынын узак мөөнөттүү концепциясын иштеп чыгууга жардам берүүдө.

Координациялоо чечүүчү мааниге ээ жана реинтеграциялоо процесстерин колдоодо өкмөттүн жетекчилиги астында координациялоо жана көзөмөлдөө механизмдеринин жакшы мисалдары бар, аларды алдыңкы тажрыйба катары кароого болот. ЮНИСЕФ бул механизмдерди турмуштук оор кырдаалда турган балдардын кызыкчылыгы үчүн бардык иш-чараларды координациялоо жана колдоо максатында пайдаланууну жактайт.

father is taking a selfie with his daughter
UNICEF Kyrgyzstan

ЮНИСЕФ социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатып, өнүктүрүүгө үгүттөө менен Кыргызстанда социалдык камсыздоонун бекем системасын түзүүгө негизги көңүлдү буруп жатат. 

Бул адистер оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө, мисалы, зомбулуктан жапа чеккен кыздарга, балдарга жана аялдарга; миграциядан же балдар эмгегинен жапа чеккен балдарга; мыйзам менен чатагы бар балдарга; альтернативалык камкордукка муктаж балдарга; жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга өтө маанилүү колдоону көрсөтө алышат. Айрыкча муниципалдык деңгээлде жыныстык өнөктөштөрдүн зомбулугуна каршы күрөшүүгө өзгөчө басым жасалат.

ЮНИСЕФ ошондой эле социалдык ишти пропагандалоонун үстүндө иш алып барууда, муну менен бул кесип канчалык маанилүү болгонун чагылдырган адилеттүү эмгек акы төлөнүшүн жактоодо. Ошол эле учурда жардамчы-адистердин кесиптик көндүмдөрүн эске алуу менен, мисалы, кары адамдар жана майыптар менен иштөө боюнча социалдык кызматкерлер, ошондой эле азыркы учурда расмий даярдыгы болбогон социалдык педагогдор үчүн практикалык даярдоо системасы түптөлүп жатат.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери, прокурорлор жана юристтер балдардын кызыкчылыктарын эске алган ыкмаларды колдонууга жакшы даяр болушун камсыз кылуу үчүн күч-аракеттер көрүлүүдө. Бул жабыр тарткан балдарга жана күбөлөргө сот адилеттиги системасын колдонууга жардам берүү үчүн көмөкчү сот залдарын жана юридикалык жол-жоболорду түзүүнү камтыйт.

ЮНИСЕФ зордук-зомбулукка жана эрте куракта никеге турууга көмөкчү болгон зыяндуу социалдык жана гендердик ченемдерге каршы күрөшүү үчүн жамааттардын өзүндө чечимдерди издөөгө умтулууда. Кыздарга жана алардын келечегине карата мамилени өзгөртүүгө, ошондой эле жабырлануучуларды күнөөлөө жана айыптоо менен тереңдеген зордук-зомбулук тууралуу ачык айтып чыгуудан уялуу жана коркуу сезимин жеңүүгө басым жасалат.

Жамааттарга кошумча колдоо көрсөтүү максатында ЮНИСЕФ психикалык саламаттыкты сактоо жана психо-социалдык колдоо боюнча жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө жардам берип келатат. Бул кызмат көрсөтүүлөр муктаж болгондорго жеткиликтүү камкордукту камсыз кылуу максатын көздөйт.

Мындан тышкары, ар кандай курактагы балдары бар үй-бүлөлөргө дагы жигердүү колдоо көрсөтүлүүдө. Бул ата-энелер балдарын коргоого жана тарбиялоого жакшыраак даяр болушу үчүн онлайн зомбулук тобокелдиги сыяктуу жаңы көйгөйлөрдү чечүүнү камтыйт.