Балдар үчүн мамлекеттик каржылоону жакшыртуу

Балдар үчүн мамлекеттик каржылоону жакшыртуу - өлкөнүн келечегине болгон инвестиция

Students walking to the school named after Kylych Rysmendiev in the village of Lahol, Naryn region.
UNICEF/Kyrgyzstan/2022/Tynchtyk Nurbekov

Маселе

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстан да балдардын бакубатчылыгына мамлекеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө олуттуу көйгөйлөргө туш болууда. Туруксуз экономика, начар башкаруу жана саясатчылардын кызыкчылыктары – мунун баары балдардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо сыяктуу тармактарда мамлекеттик чыгымдардын аз болушуна көмөктөшөт.

Негизги көйгөйлөрдүн бири – улуттук бюджетте балдарга кеткен чыгымдар жөнүндө ишенимдүү жана толук маалыматтардын чектелүү болушу. Пландаштыруу жана бюджет түзүү жетүүгө тийиш болгон жыйынтыктарга эмес, киргизилип жаткан ресурстарга көңүлдүн баарын бурат. Балдар жөнүндө ишенимдүү маалыматтардын жоктугу жана четтетилиши керек болгон олуттуу кемчиликтер ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө тоскоол болууда. Жыйынтыктарды пландаштырууга, каржылоодогу кемчиликтерди аныктоого жана инвестициялардын натыйжалуулугун өлчөөгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, министрликтер балдардын бакубатчылыгына чектелген ресурстарды бөлүү зарылдыгын негиздей алышпайт.

Чечим

ЮНИСЕФ тиешелүү министрликтер менен биргеликте балдардын кызыкчылыгында натыйжалуу пландаштыруу жана бюджет түзүү, адам ресурстарына акылга сыярлык инвестицияларды камсыз кылуу жана бюджеттерди баланын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча милдеттенмелер менен макулдашуу, ошондой эле ТӨМгө жетишүү боюнча иш алып барууда.

Бул иш ТӨМгө шайкел келген ийгиликтин негизги көрсөткүчтөрү боюнча социалдык чыгымдарга көз салуунун ишенимдүү системасын иштеп чыгууда өкмөттү колдоону камтыйт. ЮНИСЕФ каржылоодо жана ресурстарды бөлүштүрүүдө кемчиликтерди аныктоого жардам берүүдө. Бул жүйөлүү саясий чечимдерди кабыл алууга жана балдарды эрте өнүктүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо сыяктуу маанилүү тармактарга инвестицияларды көбөйтүүгө жардам берет.

ЮНИСЕФ мамлекеттик кызматкерлердин, жарандык коомдун уюмдарынын жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда билим алмашууну жеңилдетүүгө көмөктөшүүдө. Бул иштер пландар жана аларды бюджеттери эң натыйжалуу жол менен иштеп чыгууну, аткарууну жана көзөмөлдөөнү кепилдейт. Бул балдардын кызыкчылыгын эсепке алган бюджетти түзүү боюнча аспаптарды жана колдонмолорду иштеп чыгууну колдоону, ошондой эле бюджетти талдоо жана үгүттөө боюнча окууларды өткөрүүнү камтыйт.