Майыптыгы бар балдар
Майыптыгы бар балдар үчүн коомдон четте калуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык камсыздоо кызматтарына жетпей калуу тобокели зор
Маселе
Майыптыгы бар балдар обочолонуп, начар медициналык, билим берүү жана социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү тобокелдиги менен жашашат. Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, каттоодо турган майыптыгы бар балдардын жалпы саны убакыттын өтүшү менен туруктуу көбөйүүдө: 2007-жылы 20 660 болсо, 2019-жылы 32 013кө чейин көбөйдү. Бирок, майыптыгы боюнча жөлөкпул алган балдардын санындагы мындай өзгөрүүлөрдү өлкөдөгү майып балдардын санынын өзгөрүшү катары чечмелөөгө болбойт.
Кыргызстанда майыптыгы бар балдар жана өспүрүмдөр бир нече себептерден улам башка балдардай эле укуктардан пайдалана алышпайт, мисалы, негизги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүдөгү тоскоолдуктардан баштап (майыптыкты кошпогондо) мыйзамдардагы боштуктарга чейин бар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн майыптыгы бар балдарды өзүнүн саясатына жана мыйзамдарына киргизүү боюнча жасап жаткан аракеттерине карабастан, бул реформалар майыптардын кызыкчылыктарын эске алат деген эч кандай белгилер жок. Учурда майыптыгы бар балдар жана өспүрүмдөр үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөр акысыз эмес, же болбосо жеткиликсиз же аларды инклюзивдүү деп айтууга болбойт. Мындан улам 2019-жылы өкмөт ратификациялаган Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенцияга шайкеш келбейт.
Мындан тышкары, баласы майып ата-энелер өз көйгөйлөрүн өз алдынча чечүүгө мажбур болуп жатышат. ЮНИСЕФтин жакында эле жүргүзгөн изилдөөсү көрсөткөндөй, майыптыгы бар балдардын аталары үй-бүлөнүн жана жамааттын деңгээлинде чечимдерди кабыл алуу процессинен баш тартып келишет, ал эми энелер өздөрүн күнөөлүү сезип, коркушат жана уялышат, стигмага кабылышат, башкалардан обочолонууну туура көрүшөт жана баланын бакубатчылыгы үчүн толук жоопкерчиликти сезишет. Мындан тышкары, алар майып балдар майыптыгы жок балдар менен бирдей укуктарга ээ эмес деп эсептешет.
Экинчи жагынан алып караганда, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр бул балдарды “толук эмес” жана оңдоого же дарылоого муктаж деп кабыл алышат жана алар адатта “уюштуруучулук патернализм” менен алектенишет, ал болсо майыптыгы бар балдарды коомдук турмуштан четтетүүгө жана аларды адистештирилген мекемелерге жиберүүгө (же үйдө билим алууга) багытталган, бул көрүнүш кээде кооптуу ашыкча камкордукка алып келет.
Ошол эле изилдөө жалпысынан калкта майыптыгы бар балдар менен иштөө тажрыйбасы жок экенин тастыктады: көптөр бул балдарды көрмөксөнгө салышат жана адатта алар бир тектүү топ катары көрсөтүлүп келет.
Алар ошондой эле майыптыгы бар адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө боору ооруп, ошол балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн коомдун толук кандуу мүчөлөрү катары кабыл алышпайт (жардамга муктаж адамдар деп эсептешет) жана майыптыгы бар балдардын көпчүлүгүн интернаттык мекемелерге жөнөтүү керек деп эсептешет. Эмнегедир мындай интернаттык мекемелерде үйгө караганда жакшы карашат деген пикир калыптанып калган.
ЮНИСЕФ 2020-жылы өткөргөн (2021-жылы жарык көргөн) Кыргызстандагы майыптыгы бар балдардын жана өспүрүмдөрдүн айланасындагы кырдаалга жасалган конкреттүү талдоо майыптыгы бар балдар жана өспүрүмдөр үчүн сапаттуу жана инклюзивдүү кызматтарды көрсөтүүдө тоскоолдуктарды, ошондой эле саясаттагы кемчиликтерди аныктады.
Чечим
ЮНИСЕФ жаңы беш жылдык өлкөлүк программасын 2023-жылы жалпы максат менен баштаган: 2030-жылга чейин ар бир бала аман калат, өсүп-чоңоет, билим алат жана коопсуз чөйрөдө жашайт, зордук-зомбулуктан жана жакырчылыктан корголот. Өлкөлүк программа 2040-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясына жана 2021-2026-жылдарга Улуттук өнүктүрүү программасына толугу менен шайкеш келип, Бириккен Улуттар Уюмунун 2023-2027-жылдарга туруктуу өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу боюнча алкактык программасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Майыптык Кыргызстандагы балдардын укуктарын адилетсиз ишке ашыруунун негизги фактору катары аныкталган. Майыптыгы бар балдар көптөгөн кыйынчылыктарга жана басмырлоого туш болушат. 2023-2027-жылдарга өлкөлүк программа эрте мөөнөттө кийлигишүүнүн эки деңгээлин аныктайт: улуттук деңгээл жана жергиликтүү деңгээл.
Улуттук деңгээлде ЮНИСЕФ натыйжалуу саясий өзөгү, секторлор аралык координациялоо механизми бар жана социалдык ченемдерди өзгөртүү менен жагымдуу чөйрөнү түзүүдө өкмөттү колдоого умтулуп келет. Бул иштер майыптыгы бар балдарга жана өспүрүмдөргө коомдун тең укуктуу жана жигердүү мүчөсү болууга жардам берүү максатын көздөйт. 2023-жылдын сентябрында Майыптардын иштери боюнча кеңештин алкагында майыптыгы бар балдар боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Бул жумушчу топ майып балдардын укуктарын коргоого жана сүрөөгө байланышкан маселелерди кароо боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын эриш-аркак иштешүүсүн камсыз кылат. ЮНИСЕФ балдардын майыптыгы боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга салым кошуу үчүн жаңыдан түзүлгөн жумушчу топтун дараметин жогорулатууга колдоо көрсөтүүдө.
Жергиликтүү деңгээлде ЮНИСЕФ Сузак районундагы жергиликтүү бийлик, жарандык коом, ата-энелер жана башка кызыкдар тараптар менен иштеп жатат. Бул иштер майыптыгы бар балдардын укуктарын ишке ашырууга комплекстүү мамилени моделдөө, өмүр бою колдоо жана кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатын көздөйт.
Тактап айтканда, интеграцияланган ыкма эрте куракта аныктоо жана кийлигишүү үчүн трансдисциплиналык ыкмаларды; институционалдаштырууга жол бербөө үчүн жамааттын деңгээлинде үй-бүлөнү колдоо кызматтарын өнүктүрүүнү; инклюзивдүү билим берүүнү сүрөөнү; социалдык коргоо чараларын кеңейтүүнү; майыптыгы бар өспүрүмдөргө көндүмдөрдү жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн берүүнү; балдардын өнүгүүсүн жана интеграциясын колдоо үчүн зарыл болгон билимди, көндүмдөрдү алууда жамааттардын жана ата-энелердин колдоосун камтыйт.
Долбоордун максаты – жаңы төрөлгөндөн баштап, 8 жашка чейинки курактагы бардык майыптыгы бар балдар кызмат көрсөтүүлөрдүн интеграцияланган моделинен пайдалана алуусу, бул алардын укуктарын бирдей жана толук жүзөгө ашыруусуна, анын ичинде алардын ажырагыс кадыр-баркын таанууга жана урматтоого көмөктөшөт, ошондой эле балдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн колдоо тармагын түзүүгө мүмкүндүк берет.