Cоциалдык коргоону өнүктүрүү
Социалдык программалар балдарды жакырчылыктын жана четтетүүнүн кесепеттеринен коргоо үчүн маанилүү
Маселе
Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, Кыргызстанда ар бир экинчи бала көп кырдуу жакырчылыкта жашайт. Бул демек, миллиондон ашык баланын саламаттыкты сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, билим берүү, талаптагыдай жашоо шарттары жана финансыга жеткиликтүүлүк сыяктуу негизги муктаждыктары канааттандырылбаган бойдон калып жатканынан кабар берет.
Кыргызстан өз ички дуң продукциясынын (ИДП) 5,2 пайызын социалдык коргоого жана түз социалдык жардамга жумшаганына карабастан, балдардын жакырчылыгын кыскартуу боюнча күч-аракеттер масштабынан алганда да, наркынын көз карашынан алганда да чектелүү болуп жатат: балдарга социалдык жардам көрсөтүү ИДПнын 0,5 пайызын гана түзөт.
ЮНИСЕФтин изилдөөсү көрсөткөндөй, жакырчылыкты кыскартуу улуттук деңгээлдеги артыкчылыктуу маселе болгонуна карабастан, жакыр үй-бүлөдө чоңоюп жаткан балдардын басымдуу бөлүгү уюштуруучулук түзүмүнө, тоскоолдуктарга жана административдик бут тосуулар жана кечигүүлөрдөн улам жөлөкпул алышпайт. Мисалы, жакырчылык боюнча жөлөкпул алуу үчүн үй-бүлөлөр алардын айлык кирешеси 1000 сомдон аз экендигин далилдеп бериши керек. Бирок бул кыйын, себеби Кыргызстандагы адамдардын 70 пайызга жакыны расмий эмес жерлерде иштешет, бул болсо киреше тууралуу документтерди татаалдаштырууда.
Ал тургай, Кыргызстандын саясий чаралары калктын аярлуу катмарынын чыныгы керектөөлөрүн толук чагылдырбайт, себеби бенефициарлар саясий жана коомдук талкууларда, пландоо жана чечимдерди кабыл алуу процесстеринде көрсөтүлгөн эмес.
Чечим
ЮНИСЕФ социалдык жана экономикалык саясатта балдардын кызыкчылыктарын сүрөп, Кыргыз Республикасына бюджетти иштеп чыгууга, түзүүгө жана балдардын кызыкчылыктарын эске алган жана шок кырдаалдарга жооп кайтаруучу социалдык коргоону жүзөгө ашырууга жардам берип келет.
Өкмөт 2018-2040-жылдарга жана 2021-2026-жылдарга карата өзүнүн стратегиялык документтеринде социалдык колдоо чараларына барган сайын көбүрөөк артыкчылык берип жатат. ЮНИСЕФ учурдагы программаларды баалоону жана социалдык коргоонун жаңы комплекстүү стратегиясын иштеп чыгууну колдойт.
ЮНИСЕФ жакырчылыкты жоюуга көп өңүттүү мамилени жактап, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тиешелүү секторлордун ортосундагы байланышты баса белгилеп, Туруктуу өнүгүүнүн 1-максатын (жакырчылыкты бардык формаларында бардык жерде жок кылуу) жакырларды жана калктын аярлуу катмарларды улуттук шарттарга шайкеш келген, ар бир адам үчүн социалдык коргоонун системаларын жана чараларын колдонуу менен анын масштабын кеңейтүүгө умтулат.
ЮНИСЕФ сүрөп жаткан социалдык саясат чараларына төмөнкүлөр кирет:
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана жеке идентификациялык номерлерди берүү.
- Универсалдуу жана сапаттуу саламаттыкты сактоо.
- Балдарды эрте куракта өнүктүрүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жана программаларына жеткиликтүүлүк.
- 21-кылымда балдарга керектүү көндүмдөрдү бере алган сапаттуу билим алууга жалпыга жеткиликтүүлүк.
- Таза ичүүчү сууга, канализацияга жана үйдүн ичинде да, сыртында да таза абага жетүү.
- Социалдык коргоо программалары менен камтуу.
- Балдар үйдө кала алышы үчүн аларга социалдык кам көрүү кызматтары; зомбулук, таш боор мамиле жана кайдыгерлик маселелери каралууда; жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүлөт.
Бул чечимдер толук талдоонун, так максаттардын, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде макулдашылган көрсөткүчтөрдүн негизинде социалдык секторлорду координациялоону күчөтүүнү талап кылат. ЮНИСЕФ бул максаттарга жетүү үчүн өкмөт менен иштешип, саясатты өркүндөтүүгө жана ресурстарды бөлүштүрүүгө жардам берүү менен, натыйжалуулукка, иштиктүүлүккө жана адилеттүүлүккө өзгөчө көңүл бурат.