Эмдөө

Эмдөө дүйнөдөгү коомдук саламаттыкты сактоонун эң натыйжалуу чараларынын бири болуп саналат, ал миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калууда жана сансыз балдарды оорудан жана майыптыктан коргоп жатат

a baby getting a shot of vaccine
UNICEF Kyrgyzstan

Маселе

1995-жылдан бери Кыргызстанда дифтерия, селейме жана көк жөтөл ооруларынан вакцинанын (АКДС) үч дозасын алгандар 90 пайыз жана андан ашык деңгээлде – муну эмдөөнүн улуттук натыйжалуулугунун чарасы катары караса болот. Бирок, акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, эмдөө көрсөткүчү туруктуу негизде төмөндөп баратканы байкалууда. Көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөнүн (MICS-2023) маалыматтарга ылайык, 2023-жылга карата балдардын 82 пайызга жакыны гана эки жашка толгонго чейин толук эмдөөдөн өткөн. Бул ар бир адамды иммунитет менен камсыз кылуу үчүн жетишсиз.

Кызамыкка каршы эмдөө алгандардын катары калың болгонуна карабастан, 2023-2024-жылдары кызамык менен ооругандардын саны көп болду. Эки жылдын ичинде кызамык менен ооругандардын саны 20 миңден ашып, 9 өлүм катталды. Бул сандар өтө көп балдар дагы эле алдын алууга боло турган, өмүргө коркунуч туудурган оорудан корголгон эмес дегенди билдирет.

Бул эпидемия балдарды өлүмгө себеп болчу, бирок оңой эле алдын алууга боло турган оорулардан коргоо үчүн жалпы пландуу эмдөөгө жетишүү жана колдоо аракеттерин эске салып жатат.

ымыркай эмделип жаткан учуру
ЮНИСЕФ

Айрым ата-энелер арасында мифтерден жана жалган маалыматтардан улам келип чыккан вакцинага ишенбестик да бар. Бул чечкинсиздик жалпыга маалымдоо каражаттарында баланын өлүмүн эмдөө менен байланыштырган, толук фактылар келтирилбеген негативдүү окуялардан улам пайда болушу мүмкүн. Буга эмдөөгө каршы идеяларды жайылткан вакцинага каршы кыймылдар таасир этиши ыктымал.

Ал арада вакциналар канчалык маанилүү болгонун, тобокелдиктери аз экенин ата-энелер менен талкуулабагандыктан, эмдөөгө карата ишенбестик мамилеге каршы туруу жана ата-энелердин эмдөөгө болгон ишенимин бекемдөө боюнча чаралар кыйындап жатат.

Балдардын арасында жогорку иммунитетти сактоо өтө маанилүү, себеби Кыргызстандагы эпидемиялар башка өлкөлөргө тез тарашы мүмкүн жана тескерисинче, бардык өлкөлөрдүн бири-бирине көз карандылыгын жана чабалдыгын эске алуу менен, эпидемия Кыргызстанда тез күчөшү ыктымал. 

Чечим

ЮНИСЕФ вакцина менен алдын алууга боло турган оорулардын жайылышын вакцина менен корголгон калктын жардамы менен, ошондой эле күчтүү жана тез жооп берүүчү саламаттыкты сактоо системасы менен токтотсо болоорун билет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эмдөөнүн улуттук программасына артыкчылыктуу көңүл бурат жана аярлуу балдарды өтө маанилүү эмдөө максатында саламаттык сактоо системасын чыңдоого инвестиция салып келет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ГАВИ, Вакциналар боюнча альянс, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана өкмөттүк эмес уюмдар менен иштеп, Кыргызстандагы ЮНИСЕФ иммунизациялоонун бардык компоненттерин, анын ичинде кызматтарды көрсөтүүнү жана суроо-талапты түзүүнү колдойт. ЮНИСЕФ ошондой эле сапаты кепилденген вакциналарды жана муздатуучу атайын жабдууларды жеткирүүнү колдойт. Биз ошондой эле улуттук эмдөө программаларын башкарууну күчөтүү жана эмдөөдөн өтпөгөндөрдү камтуу үчүн зарыл болгон каржылоону жана техникалык жардамды мобилизациялап жатабыз.

ЮНИСЕФ сыноодон өткөн, коопсуз жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бекиткен вакциналарды сатып алууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине дайыма колдоо көрсөтүп келет.

ЮНИСЕФ эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө коомчулукка маалымдоого, ошондой эле вакциналарга карата ишенбөөчүлүктү жок кылууга, коркунучтуу мифтерге жана жалган маалыматка каршы күрөшүүгө багытталган улуттук жана жергиликтүү маалыматтык өнөктүктөрдү колдойт.

кампа кызматкерлери вакциналарды машинага жүктө жатышат
ЮНИСЕФ

Биз ошондой эле ата-энелерди жана жамааттарды балдарын коргоо үчүн зарыл болгон билим менен камсыз кылуу максатында өкмөт менен тыгыз иштешип келатабыз. Кыргызстандагы ЮНИСЕФ медициналык кызматкерлерди эмдөөнүн артыкчылыктары тууралуу үй-бүлөлөргө маалымат берүүгө үйрөтүүнү, ошондой эле ар кандай көйгөйлөрдү мүмкүн болушунча тезирээк чечүү үчүн өкмөттүн коомдук пикирине жана эмдөөнүн деңгээлине мониторинг жүргүзүү боюнча күч-аракеттерин активдештирүүнү колдойт.

Вакциналар коопсуз. Вакцинага караганда анын жардамы менен алдын алууга боло турган оорудан олуттуу зыянга учуроо ыктымалдыгы жогору. Мисалы, полиомиелит шал оорусун чакырат, кызамык энцефалитине жана сокурлукка алып келиши мүмкүн, ал эми вакцина менен алдын алууга боло турган кээ бир оорулар өлүмгө алып келиши мүмкүн.

ЮНИСЕФ эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө коомчулукка маалымдоого, ошондой эле вакциналарга карата ишенбестик мамилени өзгөртүүгө, коомдук ишенимди бекемдөөгө, коркунучтуу мифтерге жана жалган маалыматка каршы күрөшүүгө багытталган улуттук жана жергиликтүү маалыматтык өнөктүктөрдү колдоп келет. Биз ошондой эле ата-энелерди жана жамааттарды балдарын коргоо үчүн зарыл болгон билим менен камсыз кылуу максатында өкмөт менен тыгыз иштешебиз.

Кыргызстандагы ЮНИСЕФ медициналык кызматкерлерди үй-бүлөлөргө эмдөөнүн артыкчылыктары тууралуу маалымат берүүгө үйрөтүүнү колдойт жана ар кандай көйгөйлөрдү мүмкүн болушунча тезирээк чечүү үчүн өкмөттүн коомдук пикирге жана эмдөөнүн деңгээлине мониторинг жүргүзүү аракеттерине салым кошот.