Гендердик теңчилик

Балдардын жашоосун оңдоо – бул эркек балдар, кыздар жана аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү

mother and father running together with their daughter and son
UNICEF Kyrgyzstan

Маселе

Гендердик теңсиздик адатта эрте балалыктан башталат, бул маалда эркек балдар жана кыздар эмдөө жана эрте куракта билим берүү сыяктуу маанилүү кызмат көрсөтүүлөргө бирдей мүмкүнчүлүк алышат. Бул этапта кыздар эркек балдардай эле өнүгөт, кээде андан дагы жакшыраак өнүгүшөт. Бирок, балдар өспүрүм куракка өткөн сайын гендердик ченемдер жана айланадагы адамдардын күткөндөрү олуттуу түрдө айырмаланып, алардын жашоодо жана билим алууда жасаган тандоосун чектей баштайт, ошондой эле кыздарды дене бойлук жана психикалык саламаттыгына узак мөөнөттүү таасирин тийгизе турган зыяндуу практикага дуушар кылат.

Өспүрүм кыздар эркек курдаштарына караганда ар кандай түрдөгү кыйынчылыктарга туш болушат. Кыздарга тиричиликте милдеттер көбүрөөк жүктөлөт, эрте куракта жана мажбурлоо менен турмушка чыгуу тобокелдиги жогору болот, алар гендердик зомбулукка көбүрөөк дуушар болушат.

Кыргызстанда 20-49 жаштагы аялдардын 12 пайызы 18 жашка чейин турмушка чыгышкан жана бул үлүш айрым маргиналдашкан жамааттарда кыйла жогору (MICS-2023).

a mother standing next to her baby in a crib
UNICEF Kyrgyzstan

Ошондой эле аз кандуулук энелердин өлүмүнө себепчи болгон факторлордун бири. 15-19 жаштагы кыздардын арасында аз кандуулук көрсөткүчү жогору жана 31 пайызды түзөт (NIMAS). Эрте никеге турган же кош бойлуу болгон кыздарда аз кандуулук тобокелдиги жогору болгондуктан, энелердин өлүмүнүн жана майыптыгынын жогорку көрсөткүчүнө өбөлгө болуп жатат. Мындан тышкары кыздар да жыныстык зомбулуктан жапа чегүүдө.

Билим берүүдөгү теңсиздик кыздар бойго жеткен сайын көбөйүп, табият илими жана математика сыяктуу предметтер боюнча окуусун улантууга мүмкүнчүлүктөрү жана колдоосу азыраак болуп жатат. 

Предметтерди тандоого нормативдик гендердик көз караштар да олуттуу таасирин тийгизүүдө: көптөгөн студент кыздар илим, технология, инженерия жана математика (б.а. STEM илимдерине) тиешеси жок предметтерди тандаганды туура көрүшөт. Натыйжада, өспүрүм куракта эркек балдарга караганда эки эсе көп кыздар билим албай калышууда, кесипке жана жумушка даярдыгы жок болууда.

Кыздардын негизги укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн четке кагуу узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келет, жакырчылык тамырын жайып, болочок муундардын келечегин чектеп жатат. Ал тургай, гендердик нормалар эркек балдарга да зыянын тийгизип жатат, бул балдардын эмгеги жана экстремисттик топторго үгүттөө сыяктуу көйгөйлөргө алып келет. Ошол себептен, гендердик теңсиздик коомдун бардык мүчөлөрүнө терс таасирин тийгизет.

Чечим

Гендердик теңсиздикти кыскартуу экономиканы чыңдоонун жана ар бир адам ийгиликке жете ала турган туруктуу коомду түптөөнүн ачкычы болуп саналат. Кыргызстандагы ЮНИСЕФ өзүнүн бардык демилгелери аркылуу гендердик теңчиликти тездетүү максатында өкмөт, жарандык коом, илимий чөйрө жана башка өнөктөштөр менен иш алып барууда.

Буга энеликти коргоону жакшыртуу үчүн улуттук саламаттык сактоо системасы менен иштөө, баштапкы медициналык-санитардык жардамдын адистерин гендердик зомбулукту аныктоо жана жабыр тарткандарды кызмат көрсөтүүлөргө багыттоо үчүн билим жана аспаптар менен жабдуу, эмдөө кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү жолунда гендердик тоскоолдуктарды аныктап, четтетүү кирет.

ЮНИСЕФ ошондой эле кыздардын да, эркек балдардын да мектептеги жетишкендиктерин камсыз кылып, жумушка орношуунун жолдорун табуу үчүн билим берүү сектору менен кызматташып келатат. Биз гендердик теңчилик принциптерин билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга, мектепке чейинки жана мектепте билим берүү үчүн окуу китептерине интеграциялоону колдойбуз.

“Илимдеги кыздар” долбоору – 21-кылымда кереги тие турган көндүмдөрү бар өспүрүм кыздардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, аларга өз көндүмдөрүн колдонууга, билим алууга жана каалаган кесибин тандоого мүмкүндүк берүүчү чөйрөнү түзүү боюнча гендердик-кайра түзүүчү ыкманын мисалы. ЮНИСЕФ ата-энелер, мугалимдер, мектеп администрациясы жана билим берүү чөйрөсүндөгү саясатчылар менен эриш-аркак иштешип келүүдө.

schoolgirls with their teacher in front of a school
UNICEF Kyrgyzstan

ЮНИСЕФ көндүмдөрдү өнүктүрүү программалары аркылуу өспүрүм кыздардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө назарын бурат, бул программалар кыздардын ишкер, инноватор жана лидер катары дараметин өнүктүрөт. Кыздарга экологиялык көндүмдөрдү үйрөтүү жана “жашыл” эмгек рыногунда жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле климаттын өзгөрүүсү боюнча платформаларда кыздардын үнүн башкаларга жеткирүү ЮНИСЕФтин климаттык күн тартиби боюнча ишинин негизги багыты болгон.

Кыздарды зыяндан коргоп калуу үчүн ЮНИСЕФ гендердик зомбулуктун алдын алууга, эрте куракта никеге туруу көрүнүшүн токтотууга жана гендердик позитивдүү социализацияны колдоого артыкчылыктуу көңүл бурат. “Бишкектеги жаз” жана “Сары-Көлдүн сырлары” сыяктуу билим берүүчү-көңүл ачуучу аспаптар – бул инновациялык мобилдик тиркеме-оюндар. Алар эрте куракта никеге туруу, мажбурлап турмушка берүү өңдүү тажрыйбаларга жаштардын назарын буруп, алардын мамилесине таасир этүү максатын көздөйт.