Баланын укуктарына байкоо жүргүзүү

Баланын укуктарын коргоо жана ишке ашыруу үчүн тынымсыз байкоо жана баа берип турган өтө маанилүү

children cheering
UNICEF Kyrgyzstan

Маселе

1994-жылы Кыргыз Республикасы БУУнун Баланын укуктары жөнүндө Конвенциясын – балдардын жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктарын толук коргоого багытталган эл аралык макулдашууну ратификациялаган. Адам укуктары боюнча ушул келишимге кошулуу менен, өлкө баланын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга жана балдарга карата прогрессти көзөмөлдөөгө милдеттенген.

Конвенция Кыргызстанды балдардын укуктарынын принциптерин мыйзамдарга киргизүү, балдардын укуктарын сүрөгөн улуттук саясатты иштеп чыгуу жана Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу башкармалыкты түзүү сыяктуу көптөгөн өзгөртүүлөргө шыктандырды.

Мындай жылыштарга карабастан, Конвенциянын айрым жоболору ушул кезге чейин толук көлөмдө ишке ашырыла элек. Ага карабастан, көптөгөн балдарга тийиштүү медициналык жардам, тамактануу, билим берүү жана зомбулуктан коргоо болбогондо, алардын укуктары бузула берет. Балдар мектепти таштоого, кооптуу жумуштарды аткарууга же эрте никеге турууга аргасыз болгондо, балалык мезгил да бүтүп жатат.

Чечим

ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жарандык коомдун уюмдары жана өлкөдөгү башка өнөктөштөр менен балдардын укуктарына, теңчиликке жана гендердик теңсиздикке системалуу мониторинг жүргүзүүнүн үстүнөн иш алып барууда. Техникалык жардам аркылуу ЮНИСЕФ өкмөттүн балдардын бакубатчылыгы жөнүндө маалыматтарды чогултуу, талдоо жана пайдалануу жөндөмүн бекемдеп жатат. Буга көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөө, тиешелүү адистерди окутуу сыяктуу изилдөөлөргө, балдар жөнүндө атайын дайындар порталын колдоо да кирет.

ЮНИСЕФ ошондой эле Конвенциянын аткарылышын көзөмөлдөгөн көз карандысыз эксперттердин шайлануучу органы болгон Баланын укуктары боюнча комитетке отчет берүүдө өкмөткө техникалык жардам көрсөтүп келет. Баланын укуктары жөнүндө Конвенцияга катышкан мамлекет катары Кыргыз Республикасы өлкөдөгү балдардын укуктарынын абалы жөнүндө үзгүлтүксүз отчетторду берип турууга милдеттүү. ЮНИСЕФ мониторинг жана отчеттуулук процессине балдардын жана жаштардын катышуусун камсыз кылууга, алардын үнүн башкаларга жеткирүүгө умтулат.

Мындан тышкары, ЮНИСЕФ баланын укуктарынын көрсөткүчтөрүн улуттук пландарга жана өнүктүрүү бюджетине киргизүүнү жактайт. Балдардын укуктарына инвестиция салуу менен өнүгүүнүн оң жыйынтыктарынын ортосундагы байланышты көрсөтүү менен, ЮНИСЕФ саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо сыяктуу тармактарга мамлекеттик чыгымдардын көбөйүшүн кубаттайт.

Жогорку сапаттагы мониторинг жана маалыматтар кызмат көрсөтүүдөгү кемчиликтерди аныктоого жана туруктуу өнүгүү максаттары боюнча өкмөттүн чечимдерин кабыл алуу жана отчеттуулук үчүн маалымат берүүгө көмөктөшөт. Мунун баары балдардын өнүгүүсү максатында мыкты шарттарды түзүп, алардын өз дараметин толук ишке ашыра алышы үчүн чечүүчү мааниге ээ.