Тамактануу
ЮНИСЕФ ымыркайлардын жана жаш балдардын тамактануусун жакшыртуунун үстүндө иштеп, ар бир балага жашоонун эң жакшы башталышын камсыздоого жардам берет
Маселе
Кыргызстанда акыркы 20 жылда беш жашка чыга элек балдардын тамактануусу жакшырды, бирок алардын көбү мурдагыдай эле туура эмес тамактануунун үч эселенген түйшүгүнөн улам көйгөйлөргө туш болууда. Мисалы, бойдун өспөй калышы, ашыкча салмак жана семирүү, ошондой эле керектүү азык болчу заттардын жетишсиздиги.
Мисалы, беш жашка чыга элек балдардын 47 пайызында темирдин жетишсиздиги бар, бул аз кандуулуктун негизги себеби. Азык болчу микроэлементтер боюнча улуттук изилдөө жана антропометриялык изилдөө (NIMAS, 2021) беш жашка чыга элек балдардын 20,9 пайызы аз кандуулукка чалдыкканын көрсөттү. Аз кандуулук кош бойлуу аялдар үчүн да олуттуу көйгөй болуп саналат, болочок энелердин жарымы андан жабыркап жатат. Аз кандуулуктун оор түрү энелердин жана ымыркайлардын өлүмү, ара төрөлүү жана баланын өнүгүүсүнүн кечеңдөөсү өңдүү тобокелдиктерди жогорулатат. Өспүрүм кыздардын басымдуу көпчүлүгү (83,6 пайыз) жана кош бойлуу болбогон аялдар (83,2 пайыз) фолий кислотасынын жетишсиздигинен жабыркашууда.
А витамининин жетишсиздиги Бишкекте (20 пайыз), Ош шаарында жана Ош облусунда да олуттуу көйгөй (19 пайыз) болуп саналат.
Айрыкча жашоосунун алгачкы 1000 күнүндө жетиштүү азык заттарын ала албаган балдар ооруга, инфекцияга көбүрөөк дуушар болуп, бойлору өспөй калууда.
Бойдун өсүшүнүн кечеңдеши жогору болуп, өлкө боюнча 14 пайызды түзөт. Бойдун өспөй калышынын эң жогорку көрсөткүчү жакыр кожолукта чоңойгон балдардын арасында (16 пайыз), Баткен (23 пайыз) жана Жалал-Абад (17 пайыз) облустарында жашаган балдардын арасында байкалууда.
Ошол эле учурда Кыргызстанда ашыкча салмак жана семирүү саламаттык сактоонун дагы бир көйгөйүнө айланууда. Беш жашка чыга элек дээрлик ар бир онунчу бала мындан жабыркап жатат.
2023-жылы жүргүзүлгөн көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөгө ылайык, 6-23 айлык балдардын болжол менен 75 пайызы туура эмес тамактанышат, ал эми 78 пайызы таттуу суусундуктарды ичишет. 6 айдан 23 айга чейинки курактагы балдардын 16 пайызы бир күн бою жашылча да, жер-жемиш да жебейт.
Ашыкча салмагы бар балдарда, айрыкча семиздиктен жабыркагандарда ичеги-карын, таяныч-кыймыл аппаратынын жана ортопедиялык оорулары, уйку апноэсы, жүрөк-кан тамыр оорулары, боордун майланышы, глюкозаны көтөрө албоо жана 2-типтеги диабеттин өнүгүү тобокелдиги жогору.
Баланы эмизүү ымыркайлар үчүн тамактануунун эң жакшы булагы болуп саналат жана балдарга жашоосун дени сак баштоого мүмкүндүк берет. ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) баланы төрөлгөндөн кийин эле алгачкы сааттарда эмизе баштоону, алты айда эне сүтү менен гана багууну жана кеминде эки жыл эмизүүнү улантууну сунушташат. Бирок, энелердин 44 пайызы эмизгенине карабастан (MICS, 2023), балдар төрт-беш айлык болгондо бул көрсөткүч 30 пайызга чейин төмөндөйт.
Тамактануу көп түрдүү болбогону баланын өнүгүүсү үчүн зыян. Ар кандай тамак-аш болбосо, балдар туура өсүшү үчүн керектүү азык болчу заттарды алышпайт, бул алардын саламаттыгына, мээсинин өнүгүүсүнө жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүнө таасир этиши мүмкүн. Ушул тапта 6-23 айлык балдардын 26,2 пайызы гана көп түрдүү тамактануунун минималдуу стандарттарына шайкеш келишет.
Чечим
ЮНИСЕФ аш болумдуу, коопсуз, жеткиликтүү жана туруктуу тамактанууга, ошондой эле тамактануу жаатындагы негизги кызмат көрсөтүүлөргө жетүүгө көмөктөшүүчү саясатты, стратегияларды, программаларды жана өнөктөштүктү жактап, колдоп келет. 2021-жылы ЮНИСЕФ Саламаттыкты сактоо министрлиги, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАП), ДСУ, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) жана Кайрымдуулук корпусу менен биргеликте тамактануу жана антропометриялык изилдөө боюнча улуттук изилдөөнү жетектеген. Бул изилдөөнүн жыйынтыктары 2024-2027-жылдардагы Улуттук азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу стратегиясын иштеп чыгуунун өзөгүн түздү. Бул изилдөө тамактануу жаатындагы негизги чараларга көңүл буруп, өзгөчө кичинекей балдарда жана энелерде аш болумдуу микроэлементтердин жетишсиздиги өңдүү көйгөйдү чечүүгө багытталган саясатты жана эрежелерди аныктайт.
Начар тамактануунун себептери татаал болгондуктан, чечимдер көп кырдуу болууга тийиш. Кыргызстан 2030-жылга чейин толук эмес тамактануунун бардык формаларына чекит коюу максатында түзүлгөн тамактанууну жакшыртуу үчүн глобалдык кыймылдын (SUN) алкагында өз алдына жаңы максаттарды коюп жатат. ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы бул демилгени колдоо үчүн өкмөт, Бириккен Улуттар Уюму, жарандык коом, бизнес, илимий чөйрө жана донорлор менен чогуу иш алып барууда.
ЮНИСЕФтин учурдагы Өлкөлүк программасынын алкагында (2023-2027-жылдарга) ЮНИСЕФ Саламаттык сактоо министрлигине жана анын өнөктөштөрүнө төмөнкү максаттарда техникалык колдоо көрсөтүүнү улантууда:
- Тамактануу жаатындагы саясатты өркүндөтүү жана институттарды бекемдөө: ЮНИСЕФ улуттук тамактануу программасын кайра карап чыгуу жана бюджетти түзүү аркылуу балдарга, өспүрүмдөргө жана репродуктивдүү курактагы аялдарга баштапкы медициналык-санитардык жардамга тамактануу жаатындагы негизги кызмат көрсөтүүлөрдү интеграциялоого жардам берет.
- Микроэлементтердин натыйжалуу кошулушун камсыз кылуу жана тоё тамактанбоо менен күрөшүү үчүн медициналык кызматкерлерге техникалык колдоо көрсөтүү жана аларды окутуу.
- Тамак-аш азыктарын байытуу боюнча күч-аракеттерге жеке секторду тартуу.
- Туура тамактануу адатын жайылтуу үчүн социалдык жана гендердик ченемдерди эске алуу.
- Эне сүтүн алмаштыруучу заттарды сатуунун эл аралык кодексине жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын тиешелүү резолюцияларына байланыштуу улуттук мыйзамдарды сактоо.
- Медициналык борборлор жана коомдук программалар аркылуу баланы эмизүү боюнча кеп-кеңештерди берүү жана колдоо көрсөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү бекемдөө.
Пайдалуу шилтемелер
- Микронутриенттик статусту жана антропометрикалык көрсөткүчтөрдү улуттук комплекстүү изилдөө
- http://sun-kg.org/
- 6-59 айлык балдардын жана энелердин азык-түлүк статусун иликтөө боюнча улуттук изилдөө, Кыргыз Республикасы, ЮНИСЕФ/CDC/КР Саламаттык сактоо министрлиги, 2009
- 6-59 айлык балдардын жана энелердин азык-түлүк статусун иликтөө боюнча кийинки улуттук изилдөө, Кыргыз Республикасы, ЮНИСЕФ/CDC/КР Саламаттык сактоо министрлиги, 2013
- “ТӨМ-4кө жетүү үчүн саламаттык сактоо системасындагы көйгөйлүү маселелерди жоюудагы прогресс: БЧЕ/КМШнын беш өлкөсүндө ЮНИСЕФтин салымын баалоо, Кыргызстан боюнча өлкөлүк отчет”, №6 регионалдык чөйрө. RFP Health-2013-01 RKLA 6/ Курацио эл аралык фонду, 2013.