Социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөр

Балдардын жашоосун оңдоо өзгөрүүлөрдү талап кылат. Өзгөрүүлөр болсо, адамдардын жүрүм-турумун түшүнүүнү талап кылат.

a boy and girl walking in the street together
UNICEF Kyrgyzstan

Социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөр деген эмне?

ЮНИСЕФ балдарга тамактануу, саламаттыкты сактоо, коргоо жана билим берүү сыяктуу негизги кызматтарды көрсөткөн системаларды колдоп келет. Бирок, бул кызмат көрсөтүүлөр үй-бүлөлөрдүн бакубатчылыгын жакшыртат деген кепилдикти бербейт, себеби ар кандай тоскоолдуктар кам көрүп жаткан адамдарга бул кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу пайдалануусуна тоскоол болушу мүмкүн.

Бул тоскоолдуктар адатта татаал жана суроо-талап жагынан гана эмес, кызмат көрсөтүү жагынан да күч-аракеттерди талап кылат. Мисалы, талдоо кызмат көрсөтүүлөр өтө алыс жакта болгонун, же ата-эненин колу бошогон маалда иштебей турганын же кызмат көрсөтүүнү колдонуучуларга начар мамиле жасалышы мүмкүн экенин көрсөтүшү мүмкүн.

ЮНИСЕФтин социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөр боюнча программалары тоскоолдуктарды, алардын жүрүм-турумундагы жана социалдык кыймылдатуучу күчтөрүн аныктоого, ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдү жана өзгөрүүлөрдү шарттаган факторлорду аныктоого жардам берет.

Иш жүзүндөгү маалыматтарга ээ болуп, биз илимий аспаптардын кеңири өңүтүн колдонуп келебиз, стратегияларды даярдоо үчүн жамааттар менен өнөктөштөрдүн ортосундагы диалогго көмөктөшүп, ошондой эле бул стратегияларды натыйжалуу иш-аракеттерге айландыруу үчүн балдарды, камкорчуларды, жамааттарды жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү тартабыз.

Адамдарга эмне кылуу керектигин айтуу натыйжа бербейт, алардын жүрүм-турумун өзгөртүү үчун ылайыктуу шарттарды түзүү зарыл.

Маселе

Өлкөдө жашаган балдар ата-энеси эмдөөдөн баш тарткандан жабыркашууда. Эки жаштагы балдардын 20 пайызы полиомиелит жана кызамык сыяктуу вакцинанын жардамы менен алдын алууга боло турган негизги инфекциялардан корголбой калууда (MICS-2023).

Кыргызстанда балдардын, өзгөчө 2 жашка чейинки курактагы балдардын тоё тамак жебегени олуттуу көйгөй болуп саналат. 2021-жылы 6-23 айлык курактагы балдардын 15 пайызы гана минималдуу жол берилген өлчөмдө тамактанышкан, ал эми 26 пайызы тамак-аштын минималдуу көп түрдүүлүгүнө жете алышкан (NIMAS, 2021). Бул алардын когнитивдик жана академиялык өнүгүүсү коркунучта экенин жана 2-типтеги диабет, гипертония жана эрте куракта жүрөк оорулары сыяктуу жугуштуу эмес ооруларга кабылуу тобокелдиги жогору болгонун билдирет.

a boy eating at a school cafeteria
UNICEF Kyrgyzstan

Элдин 40 пайыздан ашыгы майыптыгы бар балдар үчүн адистештирилген интернатка караганда үй-бүлөлүк чөйрө ылайыктуу болот дегенге ишенишпейт. Ал турсун, майып балдары бар үй-бүлөлөр коомдо стигма койгон, аёо, боор ооруу сыяктуу мамилеге туш болууда, бул болсо майып балдардын абалын ого бетер татаалдаштырат.

Үй-бүлөлүк зомбулукка жана психикалык саламаттыкка байланышкан стигманы кадыресе көрүнүш катары кабыл алып, ал тууралуу үн катпоо – балдардын жана өспүрүмдөрдүн бакубатчылыгына доо кетирип жаткан дагы бир көйгөй.

Колдо болгон дайындар көрсөткөндөй, эркек балдарга окууда жакшы жыйынтыктарга жетүүгө, ал эми кыздарга өз кесибин эркин тандоого бут тоскон ар кандай тоскоолдуктар бар. Бул тоскоолдуктарды андан аркы изилдөөлөрдүн жардамы менен түшүнүп, четтетиш керек.

Бул практиканы өзгөртүү аракеттери адатта айрым бир өнөктүктөр менен гана чектелип келген. Мындай өнөктүктөр жүрүм-турумдук илимдерге жана жамааттын фактыларына негизделген эмес, ошол себептен баланын укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөрдү алып келген эмес. 

Социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөр жаатындагы ишибиз

ЮНИСЕФ балдарга эмдөөдөн өтүүгө, туура тамактанууга, жакшы билим алууга, зордук-зомбулуктан жана басмырлоодон коркпостон жашоого жардам берүү үчүн социалдык жүрүм-турумду өзгөртүү ыкмасын колдонот.

Балдарды жана ата-энелерди талкууга тартуу менен ЮНИСЕФ алардын көйгөйлөрүн чыгармачылык жол менен чечүүгө жардам берет. 2023-жылы бул ыкма мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар үй-бүлөлөр үчүн кызматтарды жана коомдук колдоону түзүүгө жардам берди. 2024-жылы жаштар жана эксперттер менен иштешип, ЮНИСЕФ психикалык саламаттык жөнүндө сүйлөшүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыкты. Бул ыкмалар стигманы азайтып, эрте мөөнөттө колдоо көрсөтүүгө шыктандырат.

Жүрүм-турумду изилдөөлөр ошондой эле эмдөө жана балдардын тамактануусун жакшыртуу боюнча улуттук пландардын өзөгүн түзүп, мындан тышкары майыптыкка жана психикалык саламаттыкка байланыштуу стигманы азайтуу багытындагы күч-аракеттерди колдоп берди.

a mom is preparing her baby for a vaccine shot
UNICEF Kyrgyzstan

Ар бир баланын эмдөөсүн камсыз кылуу үчүн ЮНИСЕФ жамааттын катышуусуна, саламаттыкты сактоо системаларын чыңдоого жана натыйжалуу коммуникацияга өзгөчө көңүл буруп келет. Биз позитивдүү социалдык ченемдерди жайылтууда жергиликтүү лидерлерди колдойбуз жана медициналык кызматкерлер колдонгон аспаптарды жана аларды окутууну жакшыртуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен иштешебиз. Социалдык көңүл ЮНИСЕФке чечим кабыл алуучуларды коомчулуктун көйгөйлөрү жөнүндө кабардар кылууга жардам берет. Жүрүм-турумду өзгөртүү ыкмалары билим берүү материалдарын, иш-чараларды жана өнөктүктөрдү түзүү үчүн колдонулуп келет.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда ЮНИСЕФ балдарга, кам көргөн адамдарга жана жамааттарга жооп кайтаруу пландарын иштеп чыгууга, кайтарым байланышты жакшыртууга жана маанилүү маалыматтарды жеткирүүгө жардам берет. Биз ошондой эле жабыр тарткан калктын алдында отчеттуулук системасынын принциптерин колдонуу менен кризис учурунда тобокелдиктер жөнүндө маалымдоонун жана коомчулук менен эриш-аркак иштешүүнүн улуттук пландарын түзүүгө жардам берип келебиз.

Социалдык жүрүм-турумду өзгөртүү ыкмасы ЮНИСЕФтин бардык программаларынын негизги бөлүгү болуп калды, мында балдар үчүн узак мөөнөттүү жыйынтыктарга жетүү үчүн анын маанилүүлүгү да кеңири таанылып жатат.