Эрте мөөнөттө диагноз коюу өмүрлөрдү сактап калат

Сузакта өнүгүүсү артта калган балдарга кантип жардам беришүүдө

ЮНИСЕФ
Suzak, early intervention and telemedicine
UNICEF/TynchtykNurbekov
16 Апрель 2025

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ЮНИСЕФ колдоп берген демилгеси менен Сузактагы үй-бүлөлөрдө балдарынын өнүгүүсүнө жана ден соолугуна тиешелүү көйгөйлөрдү өз убагында аныктоого мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул баланын майып болуп чоңоюу тобокелдигин азайтып, ар бир балага өз дараметин өнүктүрүүгө шарт түзмөкчү.

Нурия Зиадинованын үйүндө бүгүн тынчтык өкүм сүрүп турат. Анын бир жарым айлык кичүү кызы София бешикте уктап жатат. Көпчүлүк адамдар үчүн бул кадыресе көрүнүш болушу мүмкүн, бирок бир нече апта санаага батып жүргөн Нурия үчүн бул жүрөгүндө тынчтык өкүм сүрө баштаган маанилүү учур.

Болгону бир нече жума мурда эле ымыркайларды үйүнө барып текшерип турган үй-бүлөлүк дарыгер Софияга узакка созулган сарык деген диагноз коюп кеткен. Бүгүнкү күндө Сузакта баштапкы деңгээлде Телемедицина киргизилип жатат. Мунун натыйжасында Софиянын ата-энеси диагнозду тактап, адистин квалификациялуу консультациясын алуу үчүн жүздөгөн километр жол жүрүп, шаарга барып убара болушпайт. Үй-бүлөлүк дарыгер борбор калаадан келген неонатологдун консультациясын уюштуруп, ал диагноз туура коюлганын тастыктап, зарыл болгон дарылоону, эненин өзүнө кам көрүүсүн жана тамактануусун тууралап кеткен.

Эрте аныктоонун маанилүүлүгү

Софиянын окуясы – бул эрте мөөнөттө диагностика коюп, өз убагында кийлигишүү Сузактагы балдардын жашоосун кандайча өзгөртүп жатканын көрсөткөн көптөгөн мисалдардын бири.

2019-жылдан бери Саламаттыкты сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин колдоосу менен бир катар райондордо, анын ичинде Сузакта баштапкы медициналык жардамдын кызматкерлеринин ымыркайларды үйүнө барып текшерүү кызматын киргизүүдө. Бала жарык дүйнөгө келгенден кийинки алгачкы 6 жума – бул ымыркайлардын жана алардын энелеринин жашоосунда колдоону талап кылган эң оор мезгил болуп саналат.

Мындай сапарлар бардык ымыркайларды өз убагында текшерип туруу максатын көздөйт. Медкызматкерлердин мындай сапарлары учурунда үй-бүлөлүк дарыгер жана медайым баланын ден соолугун жана өнүгүүсүн, эненин саламаттыгын, үй-бүлөнүн жашоо шартын жана социалдык абалын текшерет. Алар ымыркайлардагы кооптонууну жараткан белгилерди жана энесиндеги тынчсыздандырган белгилерди аныкташат. Дарыгер жана медайым тобокелдиктерди башкарып, иш-аракеттер планын түзүп, ата-энелерге балага кам көрүү, тамактандыруу, гигиена, жуунтуу жана профилактикалык текшерүүлөр боюнча кеңештерин беришет. Бала менен эненин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында көйгөйлөрдү өз убагында аныктоо маанилүү. Консультациялар ата-энелерге жаңы төрөлгөн баласына туура кам көрүүгө жана анын өнүгүүсүн көзөмөлдөп турууга жардам берет.

Odinа Matyakubova, the Deputy Director of the Family Medicine Centre in Suzak
UNICEF/TynchtykNurbekov

Сузак райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Одина Матякубова балдардын өнүгүүсүнүн артта калышын эрте мөөнөттө аныктоо боюнча мастер-тренер болгондуктан, ымыркайларды үйдөн көргөнү барганда эрте кийлигишүү боюнча үйрөнгөн көндүмдөрүн жигердүү колдонуп келет. Ошондой эле жаңы келгендерге да бул ыкмаларды үйрөнүүгө жана аларды балдардын үйүнө барганда колдонгонго жардам берет.

“Жаңы төрөлгөн ымыркайларды гана эмес, энелерди да текшеребиз. Энелерди текшерүү операция жолу менен көз жарган аялдар үчүн өзгөчө маанилүү. Бирок ошол эле маалда дарыгер үй-бүлөнүн жашоо шартын, баланын кантип тамактанарын жана башка көптөгөн нерселерди да карайт. Буга чейин ата-энелер баланын ден соолугундагы кооптуу абалдын белгилерин этибар албай, өз убагында медициналык кызматкерге консультация сурап кайрылышчу эмес. Ушундан улам балдарыбыздан ажыраган учурлар болду.  Эми болсо үй-бүлөлүк дарыгер жаңы төрөлгөн ымыркайдын үйүнө, тагыраак айтканда, ымыркайдын жашоосунун эң кылдат карачу мезгилинде келип, баланы текшерип, абалын баалап, ата-энесине маанилүү кеңештерди берет”, - деп түшүндүрөт дарыгер.

Сузакта медайымдар оор шарттарда иштешет. Алардын ар бирине 10-20дан жаңы көз жарган аял туура келет. Ошол эле маалда райондогу 12 миң кишиге бирден дарыгер туура келет. Кадрлардын тартыштыгынан улам алар күнүнө 50-60 бейтапты кабыл алып, ар бирине 30 мүнөттөн ашпаган убакыт бөлөт.

Бул абдан оор жүк, бирок программа азыртадан эле жыйынтыктарын бере баштады, - деп белгилейт ҮМБнын директорунун орун басары

Telemedicine inn Suzak
UNICEF/TynchtykNurbekov

Аралыктан жардам берген телемедицина

Шаарларда гана иштеген адистерден квалификациялуу консультацияларды алуу үчүн Телемедицинаны киргизүү оорулуу балдардын сапаттуу медициналык жардамга жалпы жеткиликтүүлүгүн камсыздоодогу негизги кадамдардын бири болуп калды. Сузакта иштеген ар бир дарыгердин планшети бар, ал баланы кароодо даттанууларды чогултууга, текшерүүнүн жыйынтыгын бекитилген клиникалык протоколго ылайык жазып турууга мүмкүндүк берет. Ал эми диагноздун тууралыгына байланыштуу же дарылоодо кандайдыр бир шектенүү жаралса, Ош же Бишкек сыяктуу чоң шаарларга баруунун зарылдыгы жок. Ал жеринен эле экинчи же үчүнчү деңгээлдердеги саламаттык сактоонун ошол багыттагы адисинен кеңеш сурай алат.

Үй-бүлөлүк дарыгер планшетке киргизип чыккан бейтаптын бардык маалыматтары консультация берген дарыгерге жеткиликтүү болот. Планшетке анализдердин, текшерүүнүн жыйынтыктарын жүктөп, видео жана аудио жаздырууга болот. Баарына ыңгайлуу убакыт тандалып алынып, ата-эне баласы менен биргеликте Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна макулдашылган убакта телемедициналык консультацияга келет.

“Бул көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн, өзгөчө борбордон алыс жашагандар, ресурсу чектелгендер же башка балдарын туугандарына же кошуналарына таштап кете албагандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк”, - дейт ҮМБнын өкүлү.

Телемедицина квалификациялуу консультацияларды тез алууга мүмкүндүк берет. Бул өз убагында чечим кабыл алуу үчүн маанилүү. Тиешелүү адистердин көзмө көз текшерүүсү зарыл болгон учурларда үй-бүлө шаарга жөнөтүлөт.

Тажрыйба жана кайтарым байланыш

Нурия Зиадинова үчүн программанын ыңгайлуулугу өзгөчө баалуу болуп чыкты.

“Мага шаарга барбай эле консультация жана диагностика алуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылганда, мен ошол замат макул болдум. Эч жакка баруунун зарылчылыгы жок, бул абдан ыңгайлуу эле, айрыкча ымыркай менен”, - дейт ал.

Диагноз коюлгандан кийин Софияга керектүү дарылоо дайындалып, Нурия кызына кам көрүү жана тамактандыруу боюнча маанилүү сунуштарды алды. Өз убагында жасалган кийлигишүүнүн натыйжасында Софиянын абалы турукташып, эми үй-бүлөсү үчүн ыңгайлуу шартта керектүү жардамды алып жатат.

ҮМБнын башчысынын орун басары Одина Матякубова да телемедицинанын оң жактарын белгилейт: “Видео байланыштын жардамы менен биз борбордогу адистерге бардык керектүү маалыматты так жеткире алабыз. Бул баланын абалынын өзгөрүшүнө ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк берет”.

Бул өзгөчө медициналык кадрлар тартыш болгон шарттарда, ар бир мүнөт чечүүчү болгон учурда маанилүү.

Odina Matyakubova, the Deputy Head of the Family Medicine Centre, Odina Matyakubova, the Deputy Head of the Family Medicine Centre, Odina Matyakubova, the Deputy Head of the Family Medicine Centre
UNICEF/TynchtykNurbekov

Статистика жана программанын таасири

Сузакта телемедицина жана үйгө баруу программасын ишке киргизүү алыскы аймактарда сапаттуу медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо олуттуу кадам болуп калды. ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Сузак районундагы үй-бүлөлүк медицина борборлору менен кызматташуусу элдин жашоосунда олуттуу жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Мисалы, Жалал-Абад облусунда жана бул аймактагы эң ири жана калк жыш жайгашкан Сузак районунда ымыркайлар арасында өлүм 2018-жылдан 2023-жылга чейин 6 эсе кыскарган. Бул ЮНИСЕФ Көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөдө (КККИ) белгиленген. Ошол эле учурда өлкөдөгү баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү кызматынын кызматкерлери балдары бар, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө 2 эсе көбүрөөк бара башташты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин баштапкы медициналык-санитардык көмөк деңгээлинде жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттери, үйгө барууларды жана телемедицинаны жигердүү киргизүү балдардын негизги медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн камсыз кылууда маанилүү ролду ойногону талашсыз.