“Бешбармак – кичинекей балдар жечү тамак эмес"

Балдардын тамактануусу боюнча изилдөөнүн натыйжасында кыргыз айылдарындагы үй-бүлөлөр эмнелерди үйрөнүштү

ЮНИСЕФ
Albina
UNICEF/TynchtykNurbekov
06 Май 2025

Кыргызстанда 6 айдан 59 айга чейинки курактагы балдардын 26 пайызы гана оптималдуу өсүш жана өнүгүү үчүн зарыл болгон көп түрдүүлүктүн минималдуу деңгээлине шайкеш тамактанышат. Бул болсо тамак-аштын түрдүү топторуна кирген сегиздин ичинен бери дегенде бешти камтыган тамактануу дегенди билдирет. Алар: 1) эне сүтү; 2) дан жана жемиш тамырдуу өсүмдүктөр; 3) буурчак, жаңгак жана үрөн; 4) сүт азыктары; 5) этти, балыкты, канаттууларды, боорду же башка органдарды кошо алганда, эт азыктары; 6) жумуртка; 7) А витаминине бай жемиштер жана жашылчалар (сабиз, кочкул жашыл жалбырактуу жашылчалар, ашкабак); 8) башка жемиштер жана жашылчалар. Чүй жана Жалал-Абад облустарында бул көйгөй өзгөчө курч турат.

Себептерди түшүнүп, үй-бүлөлөргө кырдаалды өзгөртүүгө жардам берүү үчүн ЮНИСЕФ “Эмпирика” изилдөө компаниясы менен биргеликте Чүй облусунун Белек жана Жалал-Абаддын Сузак айылдарында жүрүм-турумдук изилдөө жүргүзүп чыкты. Адистер үйлөрдү кыдырып, бөбөктөрдүн тамактануусуна көз салып, ата-энелерди, чоң ата жана чоң энелерди баланы эрте куракта тамакка аралаштыруунун принциптерине үйрөтүштү. Өзгөрүүлөр бир айдан кийин эле көзгө илинерлик болду.

Бүгүн бир жарым жаштагы Алика алманы тиштеп жеп жатат, ал абдан кыймылдуу, чыныга колун сунуп, кыткылыктап күлүп жатат. Азыр Аликанын курсагы ток, көңүлү тынч, ал тургай азыраак да ооруп калды. Бирок бир нече ай мурда анын тамактануусу такыр башкача болчу – Алика нанды да, макаронду да жеп, аркасынан таттуу чай иччү.

“Алика сүт азыктарын жактырчу эмес, жашылчаны да жебей койчу. Чынын айтсак, биз деле берчү эмеспиз, – дейт апасы Альбина Раимкулова. – Биздин дүкөндө окшош эле азыктар сатылат: кесме, печенье, шоколад. Бала башкача тамактанышы керектигин ойлогон деле эмеспиз”.

Belek village, Chui region
UNICEF/TynchtykNurbekov

Жергиликтүү ФАПтын медайымы Гүлзат Аракеева ата-энелер менен маалымат берүүчү сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, балдардын тамактануусу кандай болушу керектигин түшүндүрүп берди. Альбинага брошюра беришип, жолугушууга чакырып, кантип тамак жасаш керектигин, балага эмнелерди сунуштаса болорун, тамагына акырындык менен кантип жаңы азыктарды аралаштырса болорун көрсөтүп беришти. ЮНИСЕФ жана ДССУ баланы 2 жашка чыкканга чейин эмизүүнү, 6 айлык балага жаш курагына туура келген кошумча азыктарды берүүнү сунуштайт. Кошумча азыктар тоюмдуу жана коопсуз болуп, ашыкча калориясыз, транс майсыз, шекерсиз жана тузсуз болууга тийиш. Бул сунуштамалар ата-энелерге тең салмактуу тамактануунун маанилүүлүгүн жана аны кантип натыйжалуу киргизүү керектигин түшүнүүгө жардам берди.

Эми Альбинанын күйөөсү жаңы жашылча-жемиш сатып алуу үчүн жумасына бир жолу жакын жердеги райондун борборуна каттап турат. Ошентип, Алика шорпо, пюре жана быштак жеп калды.

“Аликанын табити жакшы, тынч уктайт, көп чыргоолонбой калды. Бул тамактын баары анчалык деле кымбат болбогонуна өзүбүз да таң калдык. Болгону туура тамактануу эмне экенин түшүнүшүбүз керек эле”, - дейт Альбина.

Белек айылындагы ФАПтардын биринде бүгүн апалардын жолугушуусу өтүп жатат. Жолугушууда тамактануу баланын саламаттыгына кандай таасир этери, рационду балага туура келген азыктарга кантип ыңгайлаштырса болору жана тамактанууну канткенде көп түрлүү кылса болору талкууланды.

“Медкызматкерлер – бул маанилүү звено. Энелер аларды сыйлашат, айткандарына кулак салышат, аларга да, бизге да усулдук көрсөтмөлөрдү берип, коркутуп-үркүтпөстөн, бир нерсени таңуулабастан, ата-энелер менен кантип иш алып барыш керектигин үйрөтүштү”, - дейт ФАПтын медициналык кызматкери Гүлзат Аракеева.

"Мурда биз баланын курсагы тойсо болду деп ойлочубуз. Ал эми азыр болсо, биз баланын канча жолу тамак ичкени гана эмес, ошону менен бирге кантип, эмнелерди жеп жатканы да маанилүү экенин айтып жатабыз”, - дейт апалардын бири.

Baby Erika
UNICEF/TynchtykNurbekov

Мээрим Каныбек кызы туура тамактануу тууралуу биринчи жолу медкызматкерден уккан. Ушундан кийин ФАПтагы жолугушууга лекция угуп, суроолоруна жооп табуу үчүн келген. Дал ошол жерде ал биринчи жолу кызы Эриканы кантип тамактандырышы керектиги жөнүндө чындап ойлоно баштаган.

“Мен ага дасторкондо эмне турса, ошону берчүмүн: боорсок, таттуу чай, куурдак, бешбармак менен курсагын тойгузаар элем. Анан бизге бала камыр менен этти оңою менен сиңире албай турганын, балага жашылча керектигин түшүндүрүштү. Бала башында жегиси келбесе да, баары бир сунуштай бериш керектигин айтышты”, — деп эскерет Мээрим.

Жолугушуудан кийин Мээрим кайрадан медкызматкерге кайрылган – көрсө, ал да окуудан өтүп, менюну кантип түзүш керектигин, ымыркайларга бейтааныш тамакты жеш эмне үчүн кыйын экенин ата-энелерге кантип түшүндүрсө болорун билет экен.

“Мен жашылчадан жасалган котлеталарды, шорпону, боткону жасай баштадым. Эми Эрика банан, алма жеп калды. Бир жолу адаттагыдай эле пюре жасаш үчүн ашкабакты кууруй баштап, өзүмдү ошол замат токтотуп калдым – балдарга куурумач тамак болбойт да. Кызымдын иммунитети азыр ойдогудай. Жакында ал бакчага бара баштайт, даяр болуп калды”, - дейт ал.

Изилдөө көрсөткөндөй: көп түрдүү тамактанууга жакырчылык жана азыктардын тартыштыгы тоскоол болгон жок. Негизги тоскоолдук – билимдин жетишсиздиги, ишенбөөчүлүк жана “пайдалуу тамак” – бул кымбат, жасоого оңой эмес, көнүмүш болбогон тамак деген ынаным. Мындан тышкары, адамдарда куурулган же камыр менен эт болбосо, бала тойбой калат деген миф терең сиңип калган.

Көптөгөн үй-бүлөлөр ар түрдүү тамактануу – бул азык-түлүктөрдүн тобундагы сегизинин ичинен бери дегенде бешөө экенин билишкен эмес. Ал эми жашылча-жемиштер, сүт азыктары, мөмө-жемиштер, буурчак жана жаңгактар дайыма жеткиликтүү же кошуна шаарда сөзсүз сатылат.

Тамактанууга карата көз карашты өзгөртүү үчүн ЮНИСЕФ жана өнөктөштөр үйлөрдү кыдырып, ФАПтарда энелерге сессияларды, ачык ашпозчулук класстарын өткөрүп, чоң ата, чоң энелер менен сүйлөшүп чыгышты.

“Азыр көптөгөн ата-энелер алгачкы жыйынтыктарды көрө башташты – балдардын уйкусу оңолду, көп кыймылдап, аз ооруп калышты – дээрлик бардык нерсе өзгөрдү”, - дейт ФАПтын өкүлү. Бүгүнкү күндө казандарда жашылча кошулган шорполор бышып жатат, дасторконда пюре жана компоттор турат, ал эми ымыркайлар банан менен алмаларды жеп жүрүшөт. Эң негизгиси: көп түрдүү тамактануу – бул өтө кымбат эмес деген түшүнүк пайда болду.

ЮНИСЕФ ишке ашырган системалуу мамиле баарын – үй-бүлөлөрдү, дарыгерлерди, жергиликтүү жамааттарды камтыйт. ФАП биринчи байланыш түйүнү болсо, үй – бул күнүмдүк практика мейкиндиги.

Өзгөрүүлөр маалымат, колдоо жана ишеним бар жерде болот. Ата-энелер брокколини сөзсүз түрдө эле импорттобош керектигин, анын ордуна капуста, ашкабак, кызылчаны колдонсо болорун түшүнө баштаган жерде өзгөрүүлөр байкалат. Чоң энелер камыр менен эт ымыркайга берчү тамак эмес экенин түшүнө башташты. Баланын тамактануусу таттуу чупа-чупс менен эмес, жашылча-жемиштер менен көп түрдүү болорун түшүнгөн жерде өзгөрүүлөр орун алат.

Элет жергесинде да ар түрдүү тамактануу мүмкүн болот. Айрыкча, кимдир бирөө эмнеден башташ керектигин көрсөтүп бергенде бул кыйла жеңил болот.