Кыргызстан коомдун саламаттыгын сактоо максатында шекерлүү суусундуктарга салык салуу боюнча диалогду сүрөөдө

26 Май 2026
A young woman is holding and reading a brochure
UNICEF Kyrgyzstan

Бишкек, 26-май 2026 – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте кант кошулган суусундуктарга салык салуу маселелерине арналган жогорку деңгээлдеги диалогду өткөрдү. Диалог жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу жана туура тамактанууну жайылтуу боюнча улуттук күч-аракеттердин алкагында уюштурулду. Иш-чара ЮНИСЕФтин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) жана Дүйнөлүк банктын техникалык колдоосу менен өттү.

Жугуштуу эмес оорулар, анын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, онкологиялык жана өнөкөт респиратордук оорулар Кыргыз Республикасында өлүмдөрдүн негизги себеби болуп калууда. Шекерлүү суусундуктардын ашыкча колдонулушу өзгөчө балдар жана жаштар арасында семирүү, кант диабети өңдүү ооруларды пайда кылчу негизги фактор экени тастыкталган.

Диалогго КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Жогорку Кеңешинин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун, техникалык эксперттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алар далилдер базасын, эл аралык тажрыйбаны жана шекерлүү суусундуктарга салык салуунун ыктымалдуу жолдорун талкуулашты.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова буларды билдирди: “Өкмөт кант диабетине байланышкан ооруларды дарылоодо, анын ичинде гемодиализ, инфаркт, инсульт, ампутация жана майыптык өңдүү кесепеттерин четтетүүдө өтө чоң чыгымдарга учурап жатат. Ошондуктан, шекерлүү суусундуктарга салыктарды көбөйтүүнү биринчи кезекте калктын ден соолугуна инвестиция катары караш керек”.

“Кыргызстандагы кырдаал өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. 2023-жылы 6 айдан 23 айга чейинки курактагы балдардын 78% таттуу суусундуктарды ичери аныкталган. Ошол эле учурда өлкөдө ашыкча салмактагы балдардын саны көбөйүүдө. Шекерлүү суусундуктар кантты керектөөнүн негизги булагы болуп саналат жана алардын кошумча азыктык баалуулугу дээрлик жок. Кантты керектөөнү кыскартуу балдардын ден соолугун жана келечегин коргоо үчүн чечүүчү мааниге ээ”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.

115тен ашык өлкө, анын ичинде ДСУнун Европа чөлкөмүндөгү 22 өлкө шекерлүү суусундуктарга салык киргизген. Далилдер көрсөткөндөй, шекерлүү суусундуктардын баасын жогорулатса, аларды керектөө олуттуу түрдө азаят жана мындай кадам туура азыктарды тандоого көмөкчү болот.

“Шекерлүү суусундуктарга салык салуу – бул коомдук саламаттыкты сактоо чарасы гана эмес, бул ошону менен бирге калктын келечектеги ден соолугуна, өндүрүмдүүлүккө жана өлкөнүн экономикалык туруктуулугуна жасалган инвестиция”, - деди ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү, доктор Ливиу Ведраско. “Эл аралык тажрыйба туура иштелип чыккан салыктык-бюджеттик саясат шекерди керектөөнү азайтып, өндүрүүчүлөргө пайдалуу продукцияны өндүрүүгө дем берип, айрыкча балдар менен жаштардын арасында жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга көмөкчү болорун көрсөтүүдө”.

Дүйнөлүк банктын талдоосуна ылайык, Кыргызстанда шекерлүү суусундуктарга салыкты жогорулатуу менен алдыдагы 25 жылда семирүүнүн 50 000 учурун, 2-типтеги диабеттин 41 000 учурун алдын алууга болот. Ошол эле маалда мамлекеттик бюджетке да олуттуу киреше түшөт.

“Бул мамлекеттик бюджетти чыңдоо менен бирге ден соолук жаатындагы көрсөткүчтөрдү жакшыртууга да жардам болчу акылга сыярлык реформа”, — деди Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Хью Ридделл.

Катышуучулар натыйжалуу салык канттын курамына негизделип, чекене бааларды бери дегенде 20–30 пайызга жогорулатыш керектигин, баалар бара-бара көтөрүлүп, анын так планы мыйзамда белгиленүүгө тийиш экенин белгилешти. Талкуунун жүрүшүндө секторлордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, сунушталып жаткан чараларды ишке ашыруу маселелерине, коомдун саламаттыгына тиешелүү саясатты кызыкчылыктардын кагылышуусунан коргоону камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.

Бул диалог жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу чараларын күчөтүү жана саламаттык сактоо жаатындагы глобалдык милдеттенмелерге ылайык ден соолукка пайдалуу тамак-аш чөйрөсүн калыптандыруу боюнча жасалып жаткан улуттук күч-аракеттердин бир бөлүгү болуп калды.

ЖМК менен байланыш жолдору

Чолпон Жанадылова
Коммуникация боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: [email protected]

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.