Кыздар үчүн жаңы горизонттор
ЮНИСЕФ долбоору Кыргызстандагы кыздарга стереотиптерди жеңүүгө жана STEM илимдерин үйрөнүүгө жардам берет
«Бизде кыздар ашпозчу, тигүүчү же дарыгер гана боло алат деген түшүнүк калыптанып калган”, - дейт Ноокат районунун Борбаш айылындагы Акматов атындагы мектептин окуучусу Нилюфар.
Анын айтымында, көптөгөн кыздар үчүн ата-энелер кесипти гендердик стереотиптерге карап тандашат. Көпчүлүгү өз кесибин эркин тандай алышпайт, бирок каада-салттарды же коомдун талабын ээрчүүгө аргасыз болушат.
Маселен, Нилюфарга ата-энеси дарыгер болосуң деп айтып келишкен, мындан улам ал дагы ушул ишенимде болчу. Бирок, ЮНИСЕФ тарабынан мектеп окуучулары үчүн уюштурулган лекцияга катышканда анда көп нерсе өзгөрдү.
Стереотиптерди жана үй-бүлөнүн күтүүлөрүн жеңүү
Лекциялар ЮНИСЕФтин кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында уюштурулган. Долбоор бир гана STEM (илим, технология, инженерия жана математика) негиздерин үйрөтпөстөн, кыздарга өз коомчулугунда лидер болууга, алардын эл алдында оратордук чеберчилигин жана өзүнө болгон ишенимин өнүктүрүүгө жардам берет.
Нилюфар өз мектебинен долбоорго катышкан биринчи кыз болуп калды. Курдаштарынан жана долбоордун лидерлеринен шыктанып, ал кайраттуулукка жана чечкиндүүлүккө ээ болду. Акыры ал өз жолун тандап алды. Нилюфар туризмге кызыгуусу артып, гид болууну чечкен.
Кесипке алгачкы кадамдар
Долбоорго катышкандан кийин Нилюфар өзү тандап алган тармакта англис тилин үйрөнүп, экологиялык технологияларды өздөштүрүп, активдүү өнүгө баштады. Ал классташтары менен бирге айылдын тургундарына таштандыларды чыгаруу боюнча лекцияларды окуп, тазалыкка, айлана-чөйрөгө кам көрүүгө чакырды.
Өспүрүм кыз туризмди өнүктүрүүгө экологиялык абал түздөн-түз байланыштуу экенине ишенет. "Адамдарды таза, кооз жерлерге алып келиш керек.", - дейт ал.
Долбоорго катышканына жана мектептин колдоосуна карабастан, Нилюфар алгач теңтуштарынын түшүнбөстүгүнө жана шылдыңына кабылган.
Бирок кийинчерээк ошол эле кыздар анын ийгиликтерине кызыгып, аларды “Илимдеги кыздар” долбооруна каттатып, анкетаны толтурууга жардам берүүнү суранышкан. Жыйынтыгында Борбаш айылынан 30 кыз Нилуфардын жолун жолдоп, ЮНИСЕФтин ушундай эле долбооруна катышкан
STEMди жайылтуу
ЮНИСЕФ долбоору кыздарды илим менен техниканын негиздерин гана үйрөтпөстөн, аларды өз демилгелерин жаратууга шыктандырат. Ошентип Нилюфар келечекте өз айылында экологиялык борбор ачууну пландап жатат.
Программанын негизги жетишкендиктеринин бири мугалимдердин кыздарды окутууга жана аларга колдоо көрсөтүүгө болгон мамилесинин өзгөрүшү болду. Долбоор колдоочу чөйрөнү түзүү үчүн, долбоордун катышуучуларынын айланасындагылар- мугалимдер, ата-энелер жана мектеп администрациялары менен максаттуу иштейт. Бул кыздарга STEM көндүмдөрүн жөн гана үйрөнбөстөн, аларды мектепте, үй-бүлөдө жана коомчулукта колдонууга жардам берет. Нилюфардын класс жетекчиси Махабат Нуржинова долбоорго катышканга чейин STEM деген эмне экенин билбегенин, бирок азыр анын маанилүүлүгүн түшүнүп, окуучуларына активдүү колдоо көрсөтүп жатканын мойнуна алды.
"Азыр мен бул бардыгы үчүн абдан пайдалуу экенин түшүндүм. Анткени STEM - биздин бүт жашообуз, биз күн сайын колдонгон нерсе", - дейт ал. ЮНИСЕФ ошондой эле кыздарга методологиясы бар китепти белекке берген. Ал азыр мектепте окутуу үчүн активдүү колдонулат.
Мугалим бул лекциялар анын 10-класста окуган кызынын келечеги тууралуу көз карашын кеңейтүүгө да жардам бергенин айтат.
«Мен дайыма Жазгүл да мага окшоп мугалим болушу керек деп ойлочумун. Бирок окуучум окуган STEM курстарынан кийин өз көз карашымды кайра карап чыктым», - дейт Нуржинова..
Насаатчылардын жана мисалдардын ролу
Нилюфардын тандоосунда ЮНИСЕФ аркылуу таанышкан илимдеги ийгиликтүү аялдардын ролу чоң. Анын кумири Оштогу курстарда иштеген психолог.
"Ал күчтүү жана өтө кыйын. Мен ага окшош болгум келет", - дейт Нилуфар.
Нилюфар аудитория алдында сүйлөгөндү үйрөнгөнүн, эми алган билимин башкалар менен бөлүшүүгө даяр экенин айтат. Аймактарда STEM билим берүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн Нилюфар кыргыз тилиндеги мектеп программасына ушул сыяктуу курстарды киргизүүнү маанилүү деп эсептейт. Бул, анын ою боюнча, илимди көбүрөөк кыздар үчүн жеткиликтүү кылууга жардам берет.
Эмне үчүн "Илимдеги кыздар"?
Тилекке каршы, илимде аялдар али аз. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү изилдөөчүлөрдүн үчтөн бир бөлүгүн гана аялдар түзөт. 1903-жылы Мари Кюриден бери физика, химия же медицина боюнча Нобель сыйлыгын 572 эркекке салыштырганда 17 гана аял алган.
Кыздар үчүн айланасындагы жок эле адамды идеал тутуп, андай болууну кыялданышы кыйын. Үйдө, мектепте же университетте колдоочу чөйрө жок болгондо, алар үчүн окуусун жана карьерасын пландоо да кыйыныраак.
"Илимдеги кыздар" программасы так илимдер тармагында ийгиликке жетүүнү каалаган кыздарды колдойт. Мындан тышкары, долбоор ар кандай стереотиптерди жеңип, жаш кыздарга өз каалоосу боюнча келечекти тандоого жардам берээрин көрсөтөт.
Нилюфар Абибилаеванын окуясы – билим жана колдоо кандайча тагдырларды өзгөртүп, жаңы мейкиндиктерди ача аларын көрсөткөн бир гана мисал.