Базаркүлдүн окуясы:

эми узак аралык сапаттуу медициналык жардамга тоскоол болбой калды

ЮНИСЕФ Кыргызстан
While the doctor examines the girl, the nurse demonstrates the entire process to another doctor via video call
UNICEF Kyrgyzstan
28 Июль 2026

Базаркүл Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ынтымак айылында жашайт. Кызына тажрыйбалуу неврологдун консультациясы керек болгондо, үй-бүлө Ошко же Бишкекке барып убара болгон жок.

“Телемедицина” программасынын алкагында жогорку квалификациялуу адис жергиликтүү дарыгерлер менен биргеликте кызга аралыктан консультация берип, диагноз коюп, андан ары дарылоону аныктоого жардам берди.

Базаркүлдүн окуясын көрсөңүз, телемедицина Кыргызстандын алыскы райондорундагы балдарга үйүнө жакын жерде эле сапаттуу адистештирилген медициналык жардам алууга кантип көмөктөшүп жатканын билип каласыз.


БУУнун Туруктуу Өнүгүү Максаттары фондунун колдоосу жана Европа Биримдиги, Испания жана Швециянын катышуусу менен ишке ашырылып жаткан бул биргелешкен программа БУУнун Туруктуу координаторунун жетекчилиги алдында ДССУ, БУУӨП, ЮНФПА жана ЮНИСЕФ тарабынан Кыргызстанда саламаттыкты сактоонун санариптик системасын чыңдоого багытталган. Программа айрыкча аялдарга, балдарга жана айылдык жана алыскы аймактардагы калктын аялуу катмарына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүктү камсыздайт.