Кыргыз республикасындагы социалдык тармакка сарпталган чыгашаларга талдоо

Авторлор: Фарид Талишли, ЭВФтин Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү, жана Самман Тапа, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү

ЭВФ жана ЮНИСЕФ
A group of people posing for a camera, on the background there is a digital banner with the project's title and logos
UNICEF Kyrgyzstan
12 Апрель 2026

Кыскача мазмуну

Натыйжалуу социалдык чыгымдар адамдык капиталдын топтолушуна көмөктөшөт, муну менен туруктуу жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү колдойт. Кыргыз Республикасы мамлекеттик ресурстардын салыштырмалуу көбүрөөк үлүшүн социалдык тармакка бөлүп келет, анткен менен билим берүү, социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү жыйынтыктар жупуну бойдон кала берүүдө.

2024-жылы социалдык чыгымдар ИДПнын 13,2 пайызын түздү, бирок натыйжалуулуктун төмөндүгү, түзүмдүн тең салмактуу болбогону (анын ичинде адилеттүүлүк көз карашынан алганда) жана даректүүлүктүн чектелүү экендиги алардын адамдык капиталга жана жакырчылыкты кыскартууга тийгизген таасирин азайтып жатат.

Билим берүүгө кеткен чыгымдар жогору, бирок басымдуу бөлүгү эмгек акыга бөлүнүп жатат, ал эми окуу материалдарына жана инфраструктурага инвестиция жетишсиз болгондуктан, бул окутуунун жыйынтыктары төмөн чыкканына себепчи болууда.

Социалдык коргоого бөлүнгөн акча негизинен пенсияга жумшалууда, бул болсо жакырчылыкты кыскартуудагы натыйжалуулукту чектеп жатат, өзгөчө жакырчылыктын жогорку көрсөткүчүнө туш болгон жана даректүү жардам көп жетпеген балдардын арасында бул абдан билинүүдө.

Саламаттыкты сактоо чөйрөсүнө бөлүнгөн акча мурдагыдай эле стационардык дарылоого жумшалууда, ошол эле учурда баштапкы жана алдын алуучу медициналык жардам жетишсиз каржылангандыктан бул жугуштуу эмес оорулардын тездик менен жайылышына шарт түзүп жатат.

Ресурстарды бөлүштүрүүнүн жана операциялык иш-аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле адилеттүүлүктү камсыз кылуу адамдык капиталды өнүктүрүү, инклюзивдүү өсүш жана финансылык туруктуулук жаатында социалдык чыгымдарды кыйла натыйжалуу жыйынтыктарга айландыруу үчүн өзгөчө мааниге ээ. Муну билим берүүнүн, көбүрөөк даректүү социалдык жардамдын жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын пайдасына чыгымдарды кайра бөлүштүрүп чыгуу аркылуу жасаса болот.

Сереп

Адамдык капиталды өнүктүрүүгө багытталган социалдык чыгымдар, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо, өндүрүмдүүлүктү жана узак мөөнөттүү өсүштү колдоп келет. Ошондуктан, алардын натыйжалуулугун, адилеттүүлүгүн жана иштиктүүлүгүн камсыз кылуу макроэкономикалык пайданы мүмкүн болушунча көбүрөөк кылып, финансылык туруктуулукту камсыздоо үчүн чечүүчү мааниге ээ. Кыргыз Республикасында социалдык чыгымдар чөлкөмдөгү жалпы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу кыйла жогору. 2024-жылы жалпы социалдык чыгымдар ИДПнын 13,2% түздү. Бирок, тармактар боюнча жыйынтыктар чабал бойдон кала берүүдө. Бул болсо негизги көйгөй чыгымдардын көлөмүндө гана эмес, натыйжалуулукта, түзүмдө жана чыгымдардын адилет бөлүшүрүлгөнүндө да экенин көрсөтүп турат.

Ресурстардын басымдуу бөлүгү билим берүүгө бөлүнүп жатат, бирок окутуунун жыйынтыктары чеке жылытпайт. Социалдык жактан коргоого кеткен чыгымдар өзгөчө балдардын арасында жакырчылыкты бир аз гана кыскартууда, бул болсо чаралар даректүү болбой жатканынан жана пенсиялык чыгымдарга көбүрөөк жумшалганынан кабар берет. Кыргыз Республикасы ден соолуктун жалпы көрсөткүчтөрү боюнча чөлкөмдө салыштырмалуу жакшы жыйынтыкка ээ болгону менен, айрым бир маанилүү көрсөткүчтөр боюнча, анын ичинде энелердин өлүмү көрсөткүчү боюнча дагы эле артта калууда. Буга катар эле, жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) көбөйүшү саламаттыкты сактоо системасына жана мамлекеттин бюджетине чоң кысым жасап жатат.

Table with data about social spending in CCA countries
UNICEF Kyrgyzstan

Социалдык коргоо

Социалдык коргоого кеткен чыгымдар окшош өлкөлөргө салыштырмалуу жогору, бирок жакырчылыкты кыскартууга тийгизген таасири чектелүү. Ресурстар негизинен пенсиялык камсыздоого багытталган, бул жакыр жана аяр абалдагы кожолуктар үчүн максаттуу программаларды ишке ашырууда бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Балдар арасында жакырчылык көрсөткүчү жогору бойдон калууда – балдардын үчтөн бир бөлүгү өтө жакыр шарттарда жашашат, ал эми балдарды жөлөкпул менен камтуу көрсөткүчү өтө төмөн.

Натыйжалуулукту жана адилеттүүлүктү жогорулатуу максаттарды жана масштабды так аныктоону талап кылат, буга интеграцияланган социалдык реестрлер, кеңейтилген административдик мүмкүнчүлүктөр жана санариптештирүү көмөктөшмөкчү. Орто мөөнөттүү келечекте балдарга жана үй-бүлөлөргө, өзгөчө кенже курактагы балдарга максаттуу багытталган жөлөкпулдарга чыгымдарды кайра бөлүштүрүү фискалдык туруктуулуктун алкагында калып, жакырчылыкты кыскартуунун жана адамдык капиталды өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрүн бекемдейт. Жакында эле Кыргыз Республикасында үч жашка чыга элек балдар үчүн универсалдуу жөлөкпулдун кабыл алынышы бул багытта жасалган оң кадам болуп саналат. ЮНИСЕФ бул жөлөкпулду даярдоо процессине жана аны киргизүүгө техникалык жардам көрсөтүүдө.
 

Table with data about poverty rate in CCA countries
UNICEF Kyrgyzstan

Билим берүү

Кыргыз Республикасы билим берүүгө ИДПнын 5,9% жумшайт, бирок окутуунун жыйынтыктары төмөн бойдон кала берүүдө. Окуучулардын жарымына жакыны окуунун жана эсептөөнүн баштапкы деңгээлине жетпейт. Чыгымдар негизинен эмгек акыга (80 пайызга жакыны) багытталган [1], ошол эле учурда 1 пайызга жетпегени гана окуу материалдарына бөлүнөт. Бюджеттин чабал аткарылышы жана бир нече нөөмөттө окутуунун кеңири жайылышы билим берүүнүн сапатына кедергесин тийгизип жатат.

Жыйынтыктарды жакшыртуу максатында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, анын ичинде окуу материалдары жана инфраструктура үчүн чыгымдарды кайра бөлүштүрүүнү, ошондой эле негизги көндүмдөрдү бекемдөө үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү зарыл. Мындан тышкары, эмгек акыга инвестициялоо класста өтүлгөн сабактын жыйынтыктарын жакшыртууга алып келиши үчүн жогорку квалификациялуу мугалимдерди ишке тартууга, окутууга жана аттестациялоого артыкчылык берүү абдан маанилүү.

Саламаттыкты сактоо

Саламаттыкты сактоого бөлүнгөн чыгымдардын жарымынан көбү стационардык дарылоого (52%) багытталат, ошол эле маалда профилактикалык жардамга (4%) жана амбулаториялык кызмат көрсөтүүлөргө (27%) каражат тартыш болуп калууда. Бул алдын алууга боло турган оорулардан улам ооруканага жаткыруу көрсөткүчүнүн жогору болушуна жана жугуштуу эмес ооруларга байланышкан жүктүн көбөйүшүнө алып келет, мунун жыйынтыгында олуттуу экономикалык жана финансылык чыгымдар пайда болууда.

Негизги артыкчылыктарга баштапкы жана алдын алуучу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдарды кайра багыттоо, Кепилденген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик пакетин бекемдөө жана экономикалык жактан натыйжалуу кызмат көрсөтүүлөргө жана негизги дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ролун күчөтүү кирет.

Корутунду

Олуттуу социалдык чыгымдарга карабастан, акчаны бөлүштүрүүдө жана пландаштырууда натыйжанын аздыгынан жана адилетсиздиктен улам билим берүү, социалдык коргоо жана саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүндөгү жыйынтыктар жупуну бойдон калууда.

Күчтүү институттардын колдоосу менен даректүү жана кыйла адилеттүү социалдык жардамга, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана профилактикалык медициналык жардамга чыгымдарды кайра бөлүштүрүү адамдык капиталды чыңдоо, жакырчылыкты кыскартуу жана фискалдык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү болот.


Дисклеймер: Бул макалада айтылган көз караштар авторго (авторлорго) таандык жана ЮНИСЕФтин жана Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ), ЭВФтин Аткаруу кеңешинин же ЭВФтин жетекчилигинин көз карашын чагылдырбайт.

Шилтемелер
  • International Monetary Fund (2023). Kyrgyz Republic: Article IV Consultation—Staff Report.
  • International Monetary Fund (2025). Kyrgyz Republic: Article IV Consultation—Staff Report.
  • International Monetary Fund (2025). Spending Smarter: How Efficient and Well-Allocated Public Spending Can Boost Economic Growth.
  • OECD (2025). How are countries balancing teaching staff compensation with broader education investment?
  • World Bank (2021). Kyrgyz Republic Education Sector Analysis.
  • World Bank (2022). Public Expenditure Review: Health and Social Sectors.
  • World Bank. (2022). Analysis of Learning in Armenia
  • World Bank (2023). Kyrgyz Republic Poverty and Equity Brief.
  • World Health Organization (2023). Global Health Observatory: Kyrgyzstan Country Profile.
  • UNICEF (2015). Situation Analysis of Children in the Kyrgyz Republic.
  • UNICEF (2025). Kyrgyzstan Social Sector Spending Analysis. Education. Health. Social protection.

[1] Мисалы, чөлкөмдөгү өлкөлөрдө (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине да, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмуна (ЭКӨУ) да кирген өлкөлөрдө эмгек акы орто эсеп менен жалпы билим берүүгө кеткен чыгымдардын 70% түзөт. Эл аралык маалыматтар боюнча, эмгек акы билим берүү чыгымдарында үстөмдүк кылганы менен, ресурстарды бөлүштүрүүдө олуттуу айырмачылыктар бар экенин көрсөтүп турат.

ЭКӨУга кирген өлкөлөрдө “мугалимдердин компенсациялары билим берүүнүн бюджетинин эң чоң бөлүгүн - чыгашалардын орточо 58 пайызын түзөт”, ал эми кээ бир өлкөлөрдө бул көрсөткүч 75 пайыздан ашат. Ошол эле учурда Дүйнөлүк банк “окуу материалдары окутуунун жыйынтыктарын жакшыртууда чечүүчү ролду ойнойт” деп баса белгилеп, персоналга кеткен чыгымдар менен катар эмгек акыга байланышпаган ресурстарга инвестиция жасоонун маанилүүлүгүн белгилейт.