Кыргызстанда балдар үчүн жөлөкпулдун киргизилиши боюнча ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапанын билдирүүсү

12 Март 2026

ЮНИСЕФ Президент Садыр Жапаровдун үч жашка чейинки балдар үчүн «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөкпулун киргизүү Жарлыгын колдойт. Бул маанилүү чечим балдардын укуктарын коргоого багытталган өлкөнүн туруктуу жана бекем улуттук милдеттенмесин чагылдырат жана мамлекет тарабынан баланын эң алгачкы жана эң маанилүү жылдарына жасалып жаткан системалуу салымынын дагы бир мисалы болуп саналат.

Балдарга социалдык коргоону күчөтүү аркылуу балдардын жакырчылыгын кыскартуусу менен бирге жашоону жакшы баштоого шарт түзүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири болуп саналат. 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы балдардын жакырчылыгын 33,1 пайыздан 25 пайызга чейин кыскартуу, балдар үчүн социалдык коргоо камтуусун кеңейтүү, баштапкы медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү чыңдоо жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү тездетүү боюнча так максаттарды белгилейт. «Бала ырысы» жөлөкпулунун киргизилиши бул максаттарды ишке ашырууга жана Кыргызстанда балдардын укуктарын ишке ашырууну бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Дүйнөлүк далилдер көрсөткөндөй, эрте курактагы балдардын өнүгүүсүнө салынган ар бир доллар, билимди өнүктүрүү, өндүрүмдүүлүк күчөтүү, ден соолукту чыңдоо жана теңсиздикти азайтуу аркылуу 13 долларга чейин кайтарым бере алат.

ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балага жана үй-бүлөгө артыкчылык берип жатканын жогору баалайт. Биз Кыргызстандагы ар бир баланын жашоого, өнүгүүгө жана өз мүмкүнчүлүгүн толук ишке ашырууга шарт түзгөн социалдык коргоо системасын чыңдоодо улуттук өнөктөштөрдү колдоону улантабыз.

ЖМК менен байланыш жолдору

Чолпон Жанадылова
Коммуникация боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: [email protected]

About UNICEF

UNICEF promotes the rights and wellbeing of every child, in everything we do. Together with our partners, we work in 190 countries and territories to translate that commitment into practical action, focusing special effort on reaching the most vulnerable and excluded children, to the benefit of all children, everywhere.

For more information about UNICEF and its work for children, visit www.unicef.org.

Follow UNICEF on Twitter and Facebook