Майыптыгы бар балдарга карата мамиле
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү жана изилдөө үчүн негиз
Highlights
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин буюртмасы менен даярдалган бул документте мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын абалына берилген комплекстүү баа жалпылаштырылды. Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдага жана алардын үй-бүлөлөрүнө карата коомдун мамилесине жүргүзүлгөн колдонмо изилдөө 2021-жылы жыйынтыкталды.
Бул изилдөө Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) буюртмасы менен жүргүзүлүп, аны АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигин (USAID) кошкондо бир нече донор каржылаган.
Бул – Кыргызстан 2019-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенцияны ратификациялгандан бери мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын абалына сереп салган алгачкы изилдөө. Ошентип, бул изилдөө Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга карата мамилени өзгөртүү үчүн коммуникациялык стратегияларды даярдап чыгып, андан ары аларга мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн маанилүү негиз болуп берет. Изилдөө үч негизги өңүттү камтыды. Алар: майыптуулукту түшүнүү, майыптуулукту кабыл алуу жана бул кабылдоого таасирин тийгизген факторлор. Бул үч өңүт мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга карата басмырлабоочу практиканы талкуулап, аны баскыч-баскычы меен киргизүү боюнча чараларды камтыйт.