ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Регионалдык экологиялык саммитке Кыргыз Республикасынын делегациясынын жана кыргыз жаштарынын катышуусун колдоп берди. Саммит 2026-жылдын 22-24-апрель күндөрү Астанада өттү
“Өсүп келе жаткан муунду агартуу максатында биз ЮНИСЕФ менен биргеликте 2025-2030-жылдарга Климаттык билим берүүнү өнүктүрүү жана маалымдуулукту жогорулатуу программасын иштеп чыгып, кабыл алдык”, - деп билдирди Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында президент Садыр Жапаров.
23-апрелде делегация ЮНИСЕФ уюштурган балдар, жаштар жана климат маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги тегерек столго катышты. Муну менен алар климаттагы өзгөрүүлөрдү, туруктуу мектеп инфраструктурасын жана Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыкты эсепке алган билим берүү маселелери боюнча диалогго көмөктөшүүдө.
Сессияга чөлкөмдөгү негизги кызыкдар тараптар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова жана агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева катышты.
“Жашыл мектептер” Регионалдык платформасы климатка туруктуу билим берүү системасын бекемдөө боюнча өзөктүк демилге катары тааныштырылып, жактырылды.
“Кыргыз Республикасы климатка тиешелүү саясатты конкреттүү иш-аракеттерге өткөрүүнүн негизги механизми катары “Жашыл мектептер” Регионалдык платформасын толугу менен колдойт. Бул климатка туруктуу билим берүү системасын бекемдөө, чөлкөмдө билим алмашууга көмөктөшүү, балдар менен жаштарга тикелей пайда келтирүүчү инвестицияларды мобилизациялоо аркылуу ишке ашат. Биздин министрлик бул платформаны таанытууда кошо жетектөөчү катары чыгууга даяр”, - деди жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асель Раимкулова.
“Ошол эле учурда билим берүү системалары жаштарды климатка аяр мамиле жасаган, чөлкөмдөгү туруктуу аз көмүртектүү келечекке даярдоодо негизги ролду ойнойт. Бул маанисинен алып караганда, климаттык билим берүүнү бекемдөө жана мугалимдердин дараметин жогорулатуу жалпыбыздын артыкчылыктуу милдетибиз бойдон калууга тийиш”, - деди агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева.
Талкуунун жүрүшүндө климатка туруктуу инфраструктуранын маанилүүлүгү да баса белгиленди. УДАС 3.0 программасына ылайык, Кыргызстан 1,8 миллионго чейин бала менен жаштарга пайда алып келчү бери дегенде 1400 социалдык объектини жаңылап чыгууну пландаштырууда.
Кыргызстандагы ЮНИСЕФ ар бир бала үчүн климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштө сезилерлик жыйынтыктарды камсыз кылуу боюнча күч-аракеттерди мындан ары да колдой бермекчи.
ЖМК менен байланыш жолдору
ЮНИСЕФ жөнүндө
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.
ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.
Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.