Кыргызстанга ЮНИСЕФтин жаңы өкүлү келди

29 Апрель 2024
portrait of Samman Jung Thapa
Danil Usmanov / UNICEF Kyrgyzstan

Бүгүн ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Джунг Тапа Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаевге дайындалуу жөнүндө катын тапшырды. Самман мырза социалдык саясатты өнүктүрүү, балдардын укуктарын коргоо жана эл аралык өнүктүрүү жаатында бай тажрыйбага жана билимге ээ.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү катары Самман Тапа Баланын укуктары жөнүндө конвенцияда көрсөтүлгөндөй, балдардын укуктарын коргоону сүрөөгө, балдардын өнүгүүсүнө жана бакубатчылыгына көмөктөшмөкчү. Балдардын укуктарын коргоо жаатында лидерликти жана көз карашты камсыз кылуу менен, Кыргызстандагы балдар жакшы шартта жашоо үчүн зарыл болгон бардык колдоого жете алышы үчүн Самман мырза ЮНИСЕФтин өкмөт, эл аралык коомчулук, жарандык коом жана жеке сектор менен өнөктөштүгүн бекемдөөнү уланта бермекчи.

“ЮНИСЕФ жаш балдардын кызыкчылыгын көздөй иштейт. Биздин Кыргызстандагы өнөктөштөрүбүздүн басымдуу бөлүгү, айрыкча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, биздин бул максаттарыбызга орток экенине кубанычтамын. Биз билим берүү, эмдөө, балдарды коргоо, социалдык коргоо өңдүү көптөгөн тармактарда эриш-аркак ишибизди улантабыз”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.

Буга чейин Самман мырза ЮНИСЕФтин социалдык саясат жана социалдык коргоо боюнча регионалдык кеңешчиси болуп иштеп, Жакынкы Чыгыштын жана Түндүк Африканын 20 өлкөсү үчүн бул багытта техникалык жетекчилигин камсыз кылып келген.

Самман Тапа ЮНИСЕФтин Азия, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка кеңселеринде 16 жыл иштеп, бай тажрыйба топтой алды. Ал жакырчылыкты талдоо, социалдык коргоо системасын чыңдоо, гуманитардык жардамды жакшыртуу жана социалдык тармакты каржылоо маселелери менен алектенген.

Самман Тапа Джонс Хопкинс университетинин Өркүндөтүлгөн эл аралык изилдөө институтунда (SAIS) эл аралык экономика жана эл аралык өнүгүү боюнча магистр даражасын алган. Ал ошондой эле Вебстер университетинде эл аралык мамилелер боюнча бакалавр даражасын да алган.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: kmurzakimov@unicef.org

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.