Кыздардын эл аралык күнү: ЮНИСЕФ илимдеги кыздарга колдоо көрсөтүүнү улантууда

10 Октябрь 2025
experiment with fire
UNICEF Kyrgyzstan

Токмок, Кыргызстан – 2025-жылдын 10-октябры – ЮНИСЕФ Кыргызстандагы кыздардын билим алуусун сүрөп, алардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Clé de Peau Beauté эл аралык компаниясы менен өнөктөштүгүн улантууда. Компания кыздардын илим, инновациялар жана климаттын өзгөрүүлөрүнө туруктуулугу жаатындагы лидерлигин өнүктүрүүгө багытталган “Илимдеги кыздар” (STEM4Girls) демилгесинин алкагында 900 000 доллар көлөмүндө кошумча каражат бөлдү.

Өнөктөштүк тууралуу Борбордук Азиядагы Эл аралык университетте Кыздардын эл аралык күнүнө арналган атайын иш-чарада жарыяланды. ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында өз мектептеринде жана жамааттарында позитивдүү өзгөрүүлөргө салым кошуп жаткан кыргызстандык кыздардын жетишкендиктерин жана лидерлигин белгилөө иш-чаранын максаты болду.

“Ар бир кыз билим алууга, лидер болууга жана келечекти курууга укуктуу. “Илимдеги кыздар” өңдүү демилгелердин жардамы менен биз инновацияларды түзүүдө жана алардын жамааттары туш болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүдө кыргыз кыздарынын укмуштуудай дараметин көрүп жатабыз, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнү Самман Тапа. – Биз кыздардын күчүнө жана дараметине жумшап жаткан тынымсыз инвестициялары үчүн Clé de Peau Beauté компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз”.

150дөн ашык өспүрүмдүн башын бириктирген майрамдык иш-чарада шыктандыруучу баяндамалар, STEM жана климаттын өзгөрүшү боюнча мастер-класстар, ошондой эле чыгармачыл перформанстар болду. Катышуучулардын арасында ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын кыздары, ProKG, High Technology Park, Enactus Kyrgyzstan насаатчылары, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин, Жаратылыш ресурстары министрлигинин жана башка ведомстволордун өкүлдөрү болду. Аземдин ачылышына Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева да катышты.

Асел Чынбаева өз сөзүндө “Илимдеги кыздар” сыяктуу демилгелер кыргыз кыздарынын ишенимин бекемдөөгө, алардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, кийинки муунду өлкөнүн коомдук жана илимий турмушуна жигердүү катышууга шыктандырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Иш-чаралардын арасында аялдардын лидерлигинин үзгүлтүксүздүгүн символдоштурган “Аялдардын мурас дубалы” долбоору жана Кыздардын климат маселелери боюнча манифестинин бет ачары болду.

“Илимдеги кыздар” программасы аркылуу ЮНИСЕФ кыздарга илим, технологиялар, инженерия жана математика жаатында көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, окуусун улантууга жана жамааттардын деңгээлинде инновациялык жана климаттык долбоорлорго катышууга жардам берип келатат. Акыркы беш жылдын ичинде программанын иш-чараларына 50 000ден ашык өспүрүм катышты. Жүздөгөн окуучу кыздар STEAM билими, санариптик сабаттуулук жана лидерлик багыттары боюнча билим алышты. Программа Билим берүү министрлиги жана Жаратылыш ресурстары министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

Жетишилген жыйынтыктарга карабастан, бүткүл дүйнө боюнча көйгөйлөр дале бар: 15–19 жаштагы кыздар эркек балдарга караганда эки эсе көбүрөөк окууга барышпайт жана кесиптик окуудан өтүшпөйт; кризистик шарттарда алар 90% көбүрөөк билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Буга карабастан кыргызстандык кыздар климаттык жана социалдык чакырыктардын шартында лидер, новатор жана өзгөрүүлөрдүн агенти болуп баратышат.

Clé de Peau Beauté компаниясынын каржылоосу менен ЮНИСЕФ 2025–2027-жылдары насаатчылык мүмкүнчүлүктөрүн, санариптик окутууну жана инновациялык лабораторияларга катышууну камсыз кылуу менен Кыргызстанда көбүрөөк мектепти камтыш үчүн “Илимдеги кыздар” программасын кеңейтмекчи. Жаңы баскычта программа искусствону сүрөөгө да көңүл бурат. Технологиялар, инженерия жана математика менен айкалышып, бул техникалык жөндөмдөр менен катар креативдүүлүктү жана инновациялык ой жүгүртүүнү өрчүтөт.

Өнөктөштүк кайсы жерде жашаганына карабастан ар бир кыз билим алууга, лидер болууга жана ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк алышын камсыз кылууга багытталган.

ЖМК менен байланыш жолдору

Кайратбек Мурзакимов
Коммуникация жана өнөктөштүк боюнча адис
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: [email protected]

ЮНИСЕФ жөнүндө

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты биздин сайттан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.