Илимдеги кыздар

2020-жылы ЮНИСЕФ кыздар илим, техника, инженерия жана математика (STEM) тармактарында ийгиликке жете алышы үчүн алардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган “Илимдеги кыздар” программасын ишке киргизген.

girls in science

Тилекке каршы, илимде аялдар дагы эле аз болууда. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү изилдөөчүлөрдүн үчтөн бир бөлүгү гана аялдар. Мари Кюриден кийин 1903-жылдан бери физика, химия же медицина боюнча Нобель сыйлыгын 17 гана аял алган. Ал эми бул сыйлыкты алган эркектердин саны – 572. 

Кыздар айланасында өрнөк болчу адамды көрө албаса, аларга бул багытта кыялданып, бийик максаттарга умтулуу кыйын болот. Үйдө, мектепте же университетте жагымдуу чөйрө болбосо, кыздарга окуусун жана карьерасын пландаштыруу оңой болбойт. 

“Илимдеги кыздар” программасы англис тилинде STEM катары белгилүү болгон илим, техника, инженерия жана математика жаатында ийгиликке жетүүнү каалаган кыздарды колдойт.

Программанын биринчи фазасынын жыйынтыктары

girls in science

Программанын биринчи фазасына (2020-2022-жылдары) Бишкек, Ош жана Кара-Суу (Ош облусу) шаарларындагы 80ден ашык мектептен 652 окуучу кыз катышты. STEM жана лидерлик боюнча атайын тренингдерден өтүп, алар теңтуштарын жана курбуларын окутуп, өзгөрүүлөрдүн жигердүү жана натыйжалуу жол көрсөтүүчүсү болууга шыктандырышты. Жалпысынан программанын алкагында 48 миңден ашуун кыздар жана эркек балдар билим алышты.

Программанын дагы башка жыйынтыктары менен бөлүшөлү:

girls in science
  • 652 тең укуктуу тренер 48 миңден ашык курдашына STEMде билим алуу, санариптик сабаттуулук, лидерлик потенциалды жогорулатуу сыяктуу темаларда тренингдерди өткөрүштү. Окуунун жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн сурамжылоолор дээрлик бардык катышуучулар STEM жаатында билимин тереңдете алганын көрсөттү. Өспүрүмдөрдүн үчтөн биринен көбү STEM тармагында кесип тандоону чечишти.
     
  • 643 мугалим беш предмет боюнча: математика, биология, химия, физика жана информатика боюнча гендердик багыттагы окуу курсунан өтүштү. Курс ушул предметтердин окутуучулары үчүн милдеттүү окутуу программасына кирди. Буга кошумча 40 видеосабак КР Билим берүү жана илим министрлигинин платформасында ачык жайгаштырылып, эми аны окуудан өтүүгө кызыккан бардык мугалимдер колдоно алышат.
     
  • 2,7 миң кыз STEM чөйрөсүндөгү 217 устаттын катышуусу менен насаатчылык программасынан өтүштү. Илимге, инженерияга, математикага, технологияга жана башкарууга (менеджментке) байланышкан ар кандай чөйрөдө ийгиликке жете алган аялдар өз камкордугуна алган кыздар үчүн жолугушууларды жана экскурсияларды өткөрүп турушту. Кыздарга лидер аялдардын ийгиликтүү мисалдарынын жаңы ролдук үлгүлөрүн көрсөтүп, азыркы дүйнөдө аялдардын карьерасы жөнүндө түшүнүктү кеңейтүү негизги максат болгон.
     
  • Программанын алкагында 400дөн ашык кыз жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) аркылуу жогорку окуу жайларына тапшырууга даярданып, кошумча сабактарды алышты. Алардын дээрлик бардыгы окуу жайларына ийгиликтүү өтүштү жана алардын 61% STEM адистиги боюнча факультеттерге киришти.

 

Embedded video follows
  • “Илимдеги кыздар” программасынын Элчиси Асель Сартбаева менен биргеликте химия боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Бул мастер-класстар кыздарга STEM сабактары, анын ичинде химия кийинки муун үчүн келечектеги кесиптин мыкты тандоосу экенин көрсөттү. Химия, биология жана инженерия боюнча бул эксперименттер интерактивдүү түрдө өткөрүлдү, мунун натыйжасында кыздар өздөрү кызыккан илим чөйрөлөрүндө өз алдынча сыноолорду жүргүзө алышты.
     
  • “UniSat” программасынын алкагында Казакстандан, Кыргызстандан жана Өзбекстандан келген 150 кыз абанын булганышын талдоо  үчүн стратосферага үч наноспутникти учурушту. Долбоорго катышуу үчүн “Илимдеги кыздар” программасынын катышуучуларынын ичинен Кыргызстандан 14 кыз тандалып алынган. Кыргызстандык катышуучулар өздөрүнүн наноспутнигин “IlimSat” (“ИлимСат”) деп аташты. Бул наноспутник стратосферага ийгиликтүү көтөрүлүп, айлана-чөйрө канчалык деңгээлде булганганы тууралуу маалымат топтоп келди. Андан кийин кыздар Марста жүрүүчү робот, автоматтык жарык жана кыймыл датчиктери, жардамчы кол сыяктуу өз долбоорлорунун үстүндө иштешти. Кыздардын эмгектери Бишкектеги университеттин көргөзмөсүнө коюлду.
     
  • 2023-жылдын апрель айында биринчи “ЭКОкыздар” хакатону өттү. Бул хакатон Борбордук Азия Университети менен өнөктөштүктө уюштурулду. Иш-чарага Бишкек жана Нарын шаарларынын ар кайсы окуу жайларынан 49 кыз катышты. Алар климаттын өзгөрүшү жөнүндө түшүнүгүн тереңдетип, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн долбоорлорду иштеп чыгышты. Он команданын ичинен үч жеңүүчү команда тандалып, алар өз долбоорлорун андан ары өркүндөтүү үчүн акчалай сыйлыктарды алышты.
girls in science
  • Ошондой эле кыздардын үйүндө колдоо көрсөтүүчү чөйрөнү түзүү үчүн Программа катышуучулардын ата-энелери жана үй-бүлө мүчөлөрү менен да иш алып барган. Жаңы кесиптер, кесип тандоо процесси менен тааныштырууга, кыздарды жана эркек балдарды тарбиялоодогу гендердик стереотиптерди жоюуга багытталган сабактарга 6 миң ата-эне тартылды. 
     
  • Программанын алкагында ЮНИСЕФ окуу-методикалык материалдарына гендердик жана басмырлоого каршы экспертизалоо механизмин киргизүүнү колдойт. Билим берүү жана илим министрлигинин өтүнүчү боюнча мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү саясаты талдоого алынып, кыздардын катышуусу менен STEM-багытындагы адаптациялык пландар иштелип чыккан. Эксперттердин сунуштары 2040-жылга чейин Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын даярдоодо эске алынган.

Программанын экинчи фазасы

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, программанын биринчи фазасынын жыйынтыгында катышуучулардын STEM предметтери тууралуу маалымдуулугу 10 эсе жогорулаган. Программанын башында кыздардын кесиптик билимин колдобой жаткан дээрлик бардык ата-эне программанын иш-чараларына катышкандан кийин өз оюн өзгөртүшкөн.
 

Ошондуктан ЮНИСЕФ “Илимдеги кыздар” программасынын экинчи фазасын 2023-жылы ишке киргизди. Программа Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарындагы 50 мектептен 10 миңден ашык окуучуну камтыйт. 

Окуучулар үчүн STEM, келечектеги кесиптер, гендердик теңчилик, натыйжалуу коммуникация, интернеттеги коопсуздук, лидерлик боюнча тренингдер уюштурулат. Алар ошондой эле ар кандай насаатчылык программаларына катышат.

ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасы “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык коомдук фонду, “Балдарды коргоо борбору” Коомдук бирикмеси, “Энактас Кыргызстан” Коомдук фонду жана Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Инновациялык колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда. Демилгени Shiseido компаниясынан Clé de Peau Beauté бренди каржылайт.

Биздин баяндар

Embedded video follows
Embedded video follows
Embedded video follows