Кыргызстандагы ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлигинин ар бир окуучуну аралыктан окутууга камтуу боюнча иш-аракеттерине жогорку баа берүүдө

Баардык балдарга аралыктан окутуунун жеткиликтүү болушун камсыздоо

07 Апрель 2020
Electronic assessment for school children
ЮНИСЕФ/Кыргызстан/2020/Дастан Умотбай уулу

БИШКЕК, 7-апрель, 2020-жыл. – Кыргызстандагы ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлигине (ББЖИ) жана билим берүү жаатындагы бардык өнөктөштөргө билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги аралыктан окутуунун жеткиликтүү болушун камсыздоо боюнча көп мээнет жумшалган иши үчүн  ыраазычылык билдирет. Балдардын окуусун улантууга мүмкүндүгү болушу үчүн ББЖИ тарабынан көрүлгөн өзгөчө чаралардын аркасында аралыктан окутуу иши эртең башталганы турат. Кошумчалап кое турган нерсе- өткөн жумада Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан COVID-19 пандемиясына жооп катары Билим берүү сектору үчүн 2019-2020-жылдын акыркы кварталына карата антикризистик план бекитилген.

«Балдардын көнүмүш чөйрөдөн: классташтарынан, мугалимдеринен жана досторунан алыс болуп, үйдө отурушу аларды олуттуу стресске кабылтышы ыктымал», - дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм. «Мектеп – бул билим алуучу жер гана эмес, социализациялануучу жана теңтуштары менен баарлашуучу да жер эмеспи. Биз ата-энелер менен камкорчуларды балдардын жаңы окутуу ыкмаларына ыңгайлашуусуна жардам берип, аларга бардык зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө чакырабыз».

ЮНИСЕФ ББЖИге аралыктан окутуу усулдугун жана мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн орус жана кыргыз тилинде өзбек жана тажик субтитрлери менен, ошондой эле жаңсоо тилине которулган видеосабактарды иштеп чыгууга техникалык жактан жардам берди. Бул видеосабактар улуттук телеканалдардан көрсөтүлүп, ошондой эле ББЖИ онлайн-порталында сакталмакчы.

Өкмөттүн көрсөтмөсү менен, бүгүнкү күндөн, 8-апрелден тартып, бардык мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн аралыктан окутуу жеткиликтүү болмокчу:
- Теле-сабактар КТР «Баластан» (мектепке чейинки курактагы балдар жана 1-4-класстардын окуучулары үчүн), ЭЛТР «Илим Билим» (5-11-класстардын окуучулары үчүн) жана Санат «Пирамида» жана «Бешинчи канал» телеканалдарында алардын көрсөтүү торчолоруна (сетка вещания) шайкеш жеткиликтүү болот.
- Үй-бүлөлөргө «Кыргызстандын билим берүү ресурстары» онлайн-порталындагы (oku.edu.gov.kg) пайдалуу окуу материалдары да жеткиликтүү болмокчу, мында алар электрондук окуу китептери, кошумча адабият, тапшырмалар, видеосабактар, окутуп-үйрөтүүчү оюндар менен таанышып алса болот.

ЮНИСЕФ БУУтутумунун Туруктуу Координаторунун жетекчилиги алдында Өзгөчө кырдаалдарга гуманитардык жооп кайтаруу чараларын координациялоо тобунун (ӨКЖКТ) алкагында Билим берүү секторунун башчысы катары өнөктөштөр тарабынан көрсөтүлгөн колдоону координациялоого көмөктөштү. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы ар бир бала үчүн зарыл болгон окуу процессине колдоо көрсөтүүнү камсыздоо максатында Ага-Хан фонду, GIZ, Сорос Фонду, ЮНЕСКО жана Дүйнөлүк банк сыяктуу өнөктөштөр менен тыгыз кызматташат. ЮНИСЕФ мындан ары да ББЖИге анын Антикризистик планын ишке ашыруунун алкагында пландалган бардык иш-чараларын каржылоо үчүн зарыл болгон ресурстарды мобилизациялоого көмөктөшүүнү улантмакчы.

####
Мындай жардам 2020-жылдын 16-мартында өкмөттүн өзгөчө кырдаалдарга даяр туруу жана COVID-19 илдетине жооп кайтаруу, ошондой эле тез арада калыбына келтирүүгө даярдануу боюнча иш-аракеттерине көмөктөшүү жөнүндө өтүнүчү менен ишке киргизилген Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо тобунун (ӨКЖКТ) алкагында биргелешип жооп кайтаруунун элементтеринин бири болуп саналат. БУУ Төрагалыгы алдында ӨКЖКТ

БУУ жетекчилик кылган ӨКЖКТ эртелеп калыбына келтирүү, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу жана логистика, саламаттык сактоо, коргоо, суу менен камсыздоо жана  санитария (WASH) жана азык-түлүккө кирбеген товарлар (NFI) боюнча алты артыкчылыктуу багытка биринчи кезекте көңүл бурат жана колдоого алат. ӨКЖКТ 2008-жылы түзүлгөн, анын ведомстволор аралык командалары министрликтердин, БУУ институттарынын, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын жана донорлор коомчулугунун өкүлдөрүн камтыйт.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Телефон: +996 777 919 142
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.