Кыргызстанда төрөлгөн белгилүү британ окумуштуусу Асель Сартбаева ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын Элчиси болуп дайындалды

11 Февраль 2021
Dr Asel Sartbaeva
University of Bath Асель Сартбаева – Кыргызстанда төрөлгөн белгилүү британиялык окумуштуу, Бат университетинин химия профессору.

Бишкек/Лондон, 2021-жылдын 11-февралы – 11-февралда Илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнүн белгилөө менен, ЮНИСЕФ Асель Сартбаеваны “Илимдеги кыздар” программасынын Элчиси катары дайындаганын сыймыктануу менен жарыялайт. Асель Сартбаева – Кыргызстанда төрөлгөн белгилүү британиялык окумуштуу, Бат университетинин химия профессору жана Улуу Британиядагы Королдук Илимий Коомдун мүчөсү, бардык температурада балдардын вакциналарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алдыңкы инновациялык изилдөөлөрдү жетектейт. Мындан тышкары доктор Асель Сартбаева балдардын укугуна жана балдар арасында илимди жайылтууга өзгөчө кызыгуусун билдирип келет. Учурда ал башталгыч класстын балдары үчүн эксперименталдык химияны, кристаллдаштыруу жана полимерлешүү сыяктуу процесстерди түшүндүргөн тасмаларды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат.

2020-жылы ЮНИСЕФ жаңы конуштарда жана айыл жергесинде 500 кызга илим, технология, инженердик иш жана математика жаатында мыкты болууга жана карьералык өсүш үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү алууга багыт берген “Илимдеги кыздар” программасын баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин 400гө жакын окуучу кыз Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануу боюнча кошумча сабактарга катышып жатышат. Алар мектепти аяктагандан кийин илим жана маалымат технологиялары факультеттерине өтүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүккө ээ болушат. “Илимдеги кыздар” программасы 14-18 жаштагы 500 окуучу кызды камтыйт. Аларга курдаштарын окутуу үчүн тренерлер катары, жамааттарда ролдук моделдерге даярданууга жардам берилет. Бул кыздар башка миңдеген курдаштарын өзгөрүүлөрдүн башында турган жигердүү жана эффективдүү илимпоз болууга шыктандырып, илимге тарта алышат. Программага катышкан кыздар доктор Асель Сартбаеваны илимий карьерасын улантууда үлгү катары аташты.

Илимдеги аялдардын жана кыздардын эл аралык күнү быйыл “COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы катарда турган илимпоз аялдар” темасына арналган жана дүйнөнүн булуң-бурчунан пандемияга байланыштуу тармактарда иштеген эксперттердин башын бириктирип турууда.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: [email protected]

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн өтө алыс жайгашкан, жетүү оңой болбогон райондордо иштейт. Биз 190дон ашык өлкөдө жана аймактарда иштейбиз. Дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган ар бир баланын бакубат турмушу үчүн, ар бири үчүн мыкты дүйнөнү куруу максатында иш алып баруудабыз. ЮНИСЕФтин Twitter жана Facebook’тагы баракчаларына жазылыңыз.

COVID-19 тууралуу толук маалыматты, ошондой эле балдарыңызды жана үй-бүлөңүздү коргоо үчүн кеп-кеңештерди алып туруу максатында биздин сайтыбызга кириңиз.