Кыргызстан спутниктик интернет долбооруна катышкан дүйнөдөгү алты өлкөнүн бири болуп калды

2020-жылга чейин өлкөдөгү эң алыскы мектептердин бирин интернетке туташтыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФ жана OneWeb менен кызматташа баштады

28 Февраль 2019
Map
UNICEF/Kyrgyzstan

ЛОНДОН/БИШКЕК, 2019-жылдын 28-февралы. – Дүйнөдөгү эң алыскы жана жетүүгө оор болгон аймактарды жогорку ылдамдыктагы кең тилкелүү Интернетке туташтыруу үчүн шарттарды түзүү максатында OneWeb космоско алты төмөн орбиталык спутникти учурду. OneWebдин спутниктери бар ракета-алып жүрүүчү Француз Гвианасындагы Куру космодромунан учурулду. Ракета-алып жүрүүчү Эквадор, Руанда, Непал, Гондурас, Аляска (АКШ) жана Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерди Интернетке туташтырат.

Кыргыз Республикасында Нарын облусунун Котур-Суу тоолуу айылындагы "Кызыл-Октябрь" мектебин 2020-жылга чейин Интернетке кошуу үчүн Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана OneWeb менен өнөктөш мамилелерди түздү.

Мектеп ЮНИСЕФтин "Project Connect" долбоорунун алкагында аныкталган. Бул долбоор мектептерди Интернетке кошуу картасын түзүүгө жардам берди. Бул картада өлкөдөгү дээрлик ар бир мектеп үчүн Интернетке кошулган статусун чагылдырган онлайн маалыматтар камтылган. Онлайн режиминде карта түзүүнүн натыйжасында өкмөт өлкөдөгү кайсы мектептер Интернетке кошулганын тактап, мектептердин 86 пайызын Интернетке туташтыра алды. Бул демек, өлкөдөгү 2137 орто билим берүүчү мектептин ичинен 1857си Интернетке кошулган.

Алыскы аймактарда жайгашкандыктан мектептердин беш пайызы Интернетке кошула алган эмес. "Кызыл-Октябрь" мектеби алардын бири жана өтө алыскы аймакта жайгашкан.

"Мектептердин географиялык жайгашуусу Кыргыз Республикасынын жетүүгө оор аймактарында жашаган балдардын маалымат алуусуна тикелей таасирин тийгизет. Мектептердин Интернетке кошулуу картасы кырдаалга реалдуу баа берип, жашаган жерине жана статусуна карабастан балдарды электрондук жана аралыктан билим алуу үчүн зарыл болгон ресурстарды мобилдештирүүгө жардам берет", - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Юкиэ Мокуо.

Интернетке жете албаган балдар мындай мүмкүнчүлүгү бар курдаштарына салыштырмалуу технологиялардын жардамы менен билим алууда, баарлашууда, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөдө кыйналышы мүмкүн.

"Глобалдык масштабда жетимдүү жана сапаттуу Интернет кызмат көрсөтүү аркылуу санариптик ажырымды жоюу боюнча, ошондой эле алыскы мектептерге Интернет жеткирүү үчүн OneWeb миссиясы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, "Digital CASA - Кыргыз Республикасы" долбоорунун, ошондой эле "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо Концепциясынын негизги тапшырмаларынын бири болуп саналат", - деп белгиледи МТжБМКнын төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов.

Аматов мырзанын айтымында, "жетимдүү жана сапаттуу Интернет - бул биринчи кезекте билим берүүгө, саламаттык сактоого, бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөргө жеткиликтүүлүк. Булардын натыйжасында экономикалык өсүш, жаңы экономикалык кластерлердин пайда болуусу үчүн шарттар, глобалдык рыноктун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу жаңы жумушчу орундар түзүлөт".

 

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тууралуу

Комитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Токтомуна ылайык түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети мамлекеттик аткаруучу орган болуп саналат. Комитет маалыматташтыруу, электрондук башкаруу, электрондук кол тамга, электрондук өкмөт, электрондук кызмат көрсөтүүлөр, электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жана теле берүүлөр жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана тармактар аралык координациялоону ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет. Комитет электр жана почта байланыштарын, спутник байланыш системасын, радио жана теле берүүлөр системасын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды аткарууга тикелей катышат, аларды жайылтуу Кыргыз Республикасында маалыматтык коммуникацияларды өнүктүрүүнүн жогорку темптерине жетүүгө жол берет.

ЮНИСЕФ тууралуу 

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.

"Project Connect" тууралуу

ЮНИСЕФтин бул демилгеси мектептердин Интернетке кошулганын билүү максатында карта түзүү үчүн жеке жана мамлекеттик булактардан маалыматтарды чогултууга багытталган. Долбоор маалымдоо, жабдуу жана бийликке малыматтардагы глобалдык ажырымды жоюу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн маалыматтар тууралуу илимди жана машиналык окууну аспап катары колдонот. Ар бир мектептеги ар бир бала сапаттуу маалыматка жете алышы керек. Бул болсо мүмкүнчүлүктөргө жана билим алууга тең шарттарды түзүүгө жол ачат. Толук маалымат алуу үчүн: www.projectconnect.world 

OneWeb тууралуу

OneWeb миссиясы - баары үчүн жана бардык жерде Интернетке жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана дүйнөдөгү бардык мектептерди Интернетке кошуу. OneWeb төмөн орбиталык спутниктерди топтоштуруунун жардамы менен байланыш тарамын түзүп, алар дүйнөдөгү миллиард адамды байланыш менен камсыздайт. OneWeb кең тилкелүү жетимдүүлүк, өкмөттүк байланыш жана мобилдик тарамдар  үчүн бизнес чечимдерди чыгарат. Бул жогорку ылдамдыктагы тарам дүйнөнүн булуң-бурчуна жетет, ошондой эле тармактардын кеңири чөйрөсү үчүн оюн эрежелерин өзгөрткөн мобилдик чечимдерди сунуштайт. Кошумча маалымат алуу үчүн: http://www.oneweb.world