Кыргызстан жана эл аралык өнөктөштөр менен эмдөө камтуусун жогорулатуу жана кеңейтүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүдө
2025-жылдын 30-июнунан 2-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык альянс (ВИГА), ДССУ жана ЮНИСЕФ ВИГА 5.1 стратегиясынын алкагында кызматташуунун жылдык баалоосу жүргүзүүдө, 2026–2030-жылдарга ГАВИ 6.0 жаңы стратегиясын ишке ашыруунун алдында улуттук эмдөө системасын чыңдоо пландарын талкуулашты.
ВИГА 5.1 ишке ашыруунун жыйынтыгында Кыргызстан бир катар маанилүү жетишкендиктерге жетишти: эмдөөлөр боюнча электрондук реестр ишке киргизилип, «муздатуучу чынжыр» инфраструктурасы жаңыланды, логистика жана вакцина сактоо шарттары жакшыртылды. Өзгөчө көңүл калктын аярлуу топторуна бурулуп, алыскы аймактарда жашаган 55 000ден ашуун бала мобилдик эмдөө бригадалары аркылуу эмдөөдөн өткөрүлдү. Кызамык боюнча эпидемиологиялык кырдаал шартында ЮНИСЕФтин жардамы менен кызамык жана кызылчага каршы 1,8 миллиондон ашык доза вакцина жеткирилди.
Ошол эле учурда кыйынчылыктар да сакталып калууда. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, 2024-жылы ПЕНТА 3 эмдөөсү менен камтуунун деңгээли 84%ды түзүп, 2023-жылдагы 86% көрсөткүчүнө караганда төмөн болгон. Ошондой эле эмдөөгө тиешелүү чечим кабыл алууда күмөн санагандар көбөйүп жатканы байкалууда. Бул эл менен тыгыз маалыматтык иш алып баруунун жана кызмат көрсөтүүлөргө тең укуктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.
«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Иммунизация программасын коомдук саламаттыкты сактоонун негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайт. Өкмөттүн бул багытка өзгөчө көңүл буруусу жакшы жыйынтыктарга жетүүгө жардам берди. Пландык эмдөө – бул балдардын ооруларын, өлүм-житимин жана майыптыгын олуттуу кыскартууга мүмкүнчүлүк берген эң үнөмдүү стратегиялардын бири бойдон калууда. ВИГА, ДССУ жана ЮНИСЕФ менен тыгыз жана координацияланган кызматташуунун негизинде иммунизацияга системалуу мамиле түзүлүп, калктын, анын ичинде аярлуу топтордун бардык катмарын камтууга багытталган туруктуу чечимдер иштелип чыкты», — деп белгиледи Саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева.
“Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Республикалык иммунопрофилактика борборунун (РИБ) лидерлигинин жана өнөктөштөрүбүз ЮНИСЕФ менен ДСУнун берилгендигинин натыйжасында Кыргызстан эмдөөлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдө жана эмдөө системасын чыңдоодо олуттуу ийгиликтерге жете алды”, - деди ГАВИ – Вакциналар боюнча альянстын өлкөлөр боюнча улук менеджери, д-р Лео Каррер.
ЮНИСЕФ жүрүм-турум илимин колдонуп, жамааттарды тартуу аркылуу вакцинага байланыштуу күмөн саналоолор менен жигердүү күрөшүп жатат. 1500дөн ашык имам окуудан өтүп, мечиттер жана коомдук жолугушуулар аркылуу 500 миңден ашык үй-бүлөгө эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу маалыматты таратышты. Натыйжада диний себептерден улам вакцинадан баш тарткандардын үлүшү 2019-жылы 62 пайыз болсо, 2024-жылы 45 пайызга чейин төмөндөдү.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа: “Вакциналар – балдардын өмүрүн коргоп калуунун эң күчтүү аспаптарынын бири. Бирок бир эле аспап жетишсиз – бизге ишеним, жамааттардын лидерлиги, жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан ар бир баланы камтыган система керек”.
ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү, доктор Ливиу Ведраско төмөнкүлөрдү белгиледи: “Эмдөө – бул жөн гана медициналык кызмат көрсөтүү эмес. Бул адамдын укугу, коомдун бакубатчылыгы жана дени сак коомго карай жол. Биз айрыкча аярлуу топтордун арасында эмдөөнүн масштабындагы боштуктарды четтетип, вакциналардын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүүгө инвестиция жасап, муздатуучу чынжырды бекемдеп, дайындар системасын модернизациялоо үчүн санариптик технологияларды колдонууну уланта беришибиз керек”.
Мигранттардын үй-бүлөсүндө чоңойгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана медицинага ишеними төмөн жамааттарда өскөн балдар мурдагыдай эле тоскоолдуктарга туш болуп жатышат. ГАВИ 6.0 стратегиясынын алкагында өнөктөштөр эмдөөнү баштапкы медициналык-санитардык жардамга интеграциялоого, эмдөө темасында күмөн саноону жеңүү үчүн жүрүм-турумдук ыкмаларды колдонууга, ошондой эле инфраструктураны, каржылоону жана кадрлардын дараметин бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушмакчы.
Кыргызстан ГАВИден колдоо алган Борбордук Азиядагы эки өлкөнүн бири бойдон калууда. Бул өнөктөштүк боштуктарды четтетип, ар бир баланын коргоосун камсыз кылуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.
ЖМК менен байланыш жолдору
About UNICEF
UNICEF promotes the rights and wellbeing of every child, in everything we do. Together with our partners, we work in 190 countries and territories to translate that commitment into practical action, focusing special effort on reaching the most vulnerable and excluded children, to the benefit of all children, everywhere.
For more information about UNICEF and its work for children, visit www.unicef.org.