Изилдөө: Өлкө боюнча мектепке чейин билим берүүчү мекемелерге барган балдардын саны Баткен облусунда жогору

12-13-апрель күндөрү Баткен облусунда "Эрте куракта балдардын өнүгүүсү жана бардык балдар үчүн мектепке чейин билим берүүнүн маанисин жеткирүү" деп аталган конференция өтүп жатат

12 Апрель 2019
Early Childhood Development conference
UNICEF/2019/Kyrgyzstan/BJanibekov

Бишкек, 12-апрель, 2019-жыл - Баткен облусунда 12-13-апрель күндөрү "Эрте куракта балдардын өнүгүүсү жана бардык балдар үчүн мектепке чейин билим берүүнүн маанисин жеткирүү" деп аталган конференция өтүп жатат. Иш-чара Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колдоосу алдында, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен кызматташтыкта уюштурулду.

Соңку маалыматтарга караганда, мектепке чейин билим берүүчү мекемелерге барган балдардын (3-5 жаштагы) саны боюнча Кыргызстандагы бардык облустардын ичинен Баткен облусу алдыда турат (33,1 пайыз[1]). Жаңы изилдөөнүн баштапкы маалыматтарына ылайык, Ош облусунда мектепке чейинки билим берүү багытында оң жылыштар бар.

Баткендеги конференциянын катышуучулары негизги маселелерди жана индикаторлорду макулдашууда. Булар болсо Билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясынын алкагындагы мектепке чейинки билим берүү боюнча бөлүмгө кирмекчи. Аталган Стратегия учурда даярдалып жатат. Конференцияга Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү башкаруу органдарынын, университеттердин, мектепке чейин билим берүүчү уюмдардын өкүлдөрү, өнүгүү боюнча өнөктөштөр, эксперттер жана ата-энелер ассоциацияларынын өкүлдөрү катышат.   

Иш-чара балдардын эрте куракта өнүгүүсү жана балдар үчүн мектепке чейин билим алуусу канчалык маанилүү болгонун жеткирүү максатын көздөйт. Бала төрөлгөндөн баштап сегиз жашка толгонго чейинки мезгилди эксперттер "сыйкырдуу" деп айтышат. Себеби дал ушул учурда баланын өнүгүүсүнүн бардык өңүттөрүндө олуттуу өзгөрүүлөр болот. Ата-энелер жагымдуу, коопсуз жана ишенимдүү чөйрөгө шарттарды түзүп берүү менен, баланын ар тараптан өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдө маанилүү ролду ойношот. Жарык дүйнөгө келгенден баштап үч жашка толгонго чейин баланын дене боюнда, акыл жагынан, эмоционалдык жана социалдык өнүгүүсү өтө интенсивдүү болот жана мындай учур кийин кайталанбайт. Баланын эрте куракта оптималдуу өнүгүүсү үчүн мындай талаптар адатта көп чыгымды деле сурабайт. Бирок Өкмөт жасай алчу бардык инвестициялардан эң көп пайданы дал ушул багыт алып келет.  

Ушул аптада ЮНИСЕФ мектепке чейин билим берүү боюнча алгачкы глобалдык отчетту жарыялады. "Окутууга даяр дүйнө" деп аталган отчет эрте куракта балдардын сапаттуу өнүгүүсүн артыкчылыктуу маселе катары кароого өкмөттөрдү үндөйт. Отчетко ылайык, дүйнө жүзү боюнча 175 миллионго жакын бала мектепке чейин билим берүүчү мекемелерге барбайт. Киреше деңгээли төмөн өлкөлөрдө кенже курактагы беш баланын ичинен бирөө гана мектепке чейинки билим берүүчү мекемеге барат. Отчетто дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө мектепке чейинки билим берүүгө инвестициялар жасалбай турганы белгиленет.

"ЮНИСЕФ мектепке чейинки билим берүү боюнча глобалдык отчетту биринчи жолу жарыялап жатат. Бул отчет дүйнө жүзү боюнча өкмөттөр бардык балдар үчүн мектепке чейин билим берүүнү камсыздоо үчүн эмнелерди жасашы керектиги айтылат. Кыргызстан үчүн – бул күн тартибиндеги негизги маселе. Себеби өлкөдөгү беш жашка толо элек 800 000 бала калктын 12 пайыздан ашыгын түзөт. Балдарды эрте жашынан өнүктүрүүгө жумшалган ар бир доллар келечекте 7 долларга барабар болгон пайданы алып келет. Бул пайда билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы кырдаалды жакшыртуу, кылмыштуулуктун деңгээлин азайтуу, акчага көз карандуулукту кыскартуу жагынан билинет. Бул ошондой эле ар бир адамдын жылдык кирешесин дээрлик 25 пайызга жакшыртууга шарт түзөт", - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Юкиэ Мокуо.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров да эрте жашында билим берүүнүн маанисин баса белгиледи: "Балдардын эрте куракта өнүгүүсүнө инвестиция жасоо балдар үчүн жана биздин өлкөнүн келечеги үчүн чоң пайда алып келет. Биздин баамыбызда, бул конференция эрте куракта балдардын өнүгүүсүн өркүндөтүү үчүн координацияланган иш-аракеттерди жакшыртуу боюнча маанилүү платформаны түзүп жатат".

 


[1] [1] МИКИ 2014 – жаңы МИКИ (мульти-индикатордук кластердик изилдөө) ушул жылы жарыяланат.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova

Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

О ЮНИСЕФ

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты: https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле Facebook, Instagram and Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.