Балдардын жарымынан көбү аталары менен ойнобойт жана чогуу окушпайт

Кыргызстанда үчтөн төрт жашка чейинки курактагы балдардын 61% оюнда жана эрте өнүгүүдө аталарынын көңүл буруусуна муктаж.

16 Июнь 2017
SuperDad
ЮНИСЕФ

БИШКЕК/НЬЮ-ЙОРК, 2017-жылдын 16-июну. – 40 миллион киши жашаган 74 өлкөдө 3төн 4 жашка чейинки курактагы балдардын жарымынан көбүнүн же 55% аталары эч качан алар менен ойнобойт же эрте билим алуусуна катышпайт. Бул сандар БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жаңы анализинде келтирилген.

«Бул сандар балдарды эрте куракта тарбиялоодо активдүү роль ойноо аталар үчүн оңой болбогонун тастыктап турат, - деп айтты Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин башчысы Юкиэ Мокуо. – Бала жетиштүү мээрим алып, ойноп, өзүн корголгондой сезип, өнүгүп, туура тамактанган чөйрө түзүүгө аталарга мүмкүнчүлүк бербей жаткан бардык тоскоолдуктарды жоготушубуз керек.  Биз бардык ата-энелерге балдарын эрте куракта толук колдоо үчүн зарыл болгон убакыт жана билим боло тургандай шарттарды түзүшүбүз керек».

ЮНИСЕФтин ата-энелердин жүрүм-туруму боюнча анализинде 3 жана 4 жаштагы балдар өз аталары менен оюн ойноп, билим алабы деген маселе каралат. Бул анализде Көп индикаторлуу кластердик изилдөөнүн (КИКИ) маалыматтары колдонулган. Атанын катышуусу – бул балдарына китеп окуп берүүсү, окуяларды жана жомокторду айтып берүүсү, балдары менен чогуу ырдап, сейилдегени, бирге ойноп, эсеп чыгарып, сүрөт тартуусу.

Аталарды кичинекей балдарынын өнүгүүсүндө активдүү роль ойноого чакырып, баланын мээсинин туура өнүгүүсүндө ата мээриминин, оюндун, коргоонун жана туура тамактануунун маанисин баса белгилөө үчүн 12-июндан 18-июнга чейин Кыргызстандагы ЮНИСЕФ бардык үй-бүлөлөргө #СуперАта #СуперПапа #Алгачкы күндөрдөн баштап деген хэштегдерди колдонуп, өздөрүнүн  Facebook, Instagram жана Twitter баракчаларында сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялоону сунуштайт. Бул өнөктүк аталарды балдары менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө үндөп, аларды колдоп, шыктандыруу максатында өткөрүлүп жатат.

«ЮНИСЕФ өкмөттү жана бизнести балдардын эрте өнүгүү программаларын колдоого багытталган саясатка инвестиция салып, таасир тийгизүүгө, ошондой эле ата-энелерге балдарын талаптагыдай багуу үчүн зарыл болгон ресурстарды жана маалыматтарды берүүгө чакырат. Нейроилим жаатындагы жетишкендиктер далилдегендей, балдар төрөлгөндөн кийинки алгачкы жылдарын камкор, алардын өнүгүүсүнө дем берген чөйрөдө өткөрсө, жаңы нейрондук байланыштар секундасына 1000 жолу биригүүгө чейинки ылдамдыкта калыптанышы мүмкүн. Муну башка куракта кайталоо мүмкүн эмес. Бул байланыштар балдардын ден соолугуна, окууга болгон жөндөмдүүлүгүнө жана келечекте стресстерди көтөрүүгө таасирин тийгизет», - деп белгиледи Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин эрте өнүгүү боюнча адиси Чинара Джумагулова.

ЖМК менен байланыш жолдору

Mavliuda Dzhaparova
Коомчулук менен байланыш  боюнча координатор
ЮНИСЕФ Кыргызстан
Электрондук почта: mdzhaparova@unicef.org

About UNICEF

UNICEF promotes the rights and wellbeing of every child, in everything we do. Together with our partners, we work in 190 countries and territories to translate that commitment into practical action, focusing special effort on reaching the most vulnerable and excluded children, to the benefit of all children, everywhere. For more information about UNICEF and its work in Kyrgyzstan visit: https://www.unicef.org/kyrgyzstan and follow us on FacebookInstagram and Twitter